Белгилүү актёр Чыңгыз Мамаевди калың эл театрдагы образдары, “Мезгил жана Алыкул” тасмасындагы Алыкулдун ролунан улам жакшы тааныйт. Өткөн жылы каарманыбыздын башына оор сыноо түшүп, бир нече ай абакта отурууга аргасыз болду. Ак жерден жаманатты болгонун айтып келет өзү. Ушул сыноолор жана чыгармачылыгы, турмушу тууралуу баарлаштык.
“Тагдырымдан мындай бурулуш күткөн эмесмин”
– “Жолуксак кандай жакшы, кезиксек кандай жакшы” деген ыр саптарында айтылгандай, мен да элим менен эркиндикте кездешип, жолугуп жатканыма ишенбей турам. Өз мекениңде туруп элди, жерди сагынуу кандай экенин, тууган-урук, үй-бүлө, жубайыңдын баркын абакта отурганда терең түшүнөт экенсиң. Себеби тагдырымда мындай чукул бурулуш болорун эч качан күткөн эмесмин да. Айтматовдун “Кыямат” романында “тагдырга жараша адам, адамга жараша тагдыр бири-бирин издешпей табышат, бирок тагдыр өз мээлеген мерчеминен жазбайт окшобойбу” деп айтылат. Мындай алып караганда, менин жашоомдо мындай бурулуш болмок беле жокпу, бул сыноо менин маңдайыма жазылган нерсеби-жокпу муну азыр деле түшүнө элекмин. Бир нерсени түшүндүм, түз басып баратканыңда деле чалынышың мүмкүн экен. Кээде отуруп “балким, бул Кудайдын сыноосудур” деп ойлойсуң. “Эмне себептен мен, кайсы күнөөм үчүн Кудай мага мындай сыноо берди, кимди капа кылдым, өзүм билбей Кудайга жакпаган иш жасап алдымбы” деген ой-толгоолордун үстүндө анализ жүргүзгөнгө абакта кенен убакыт болду. Өзүңдү ой менен гана жейсиң. Бир жамандыктын артында, эки жакшылык турат дешет, балким, алдыда жакшы күндөр тургандыр деп да ойлодум. Ак болсом деле ичимде кандайдыр бир чектөө бар. Коомдук унаада баратканда жүргүнчүлөр карап калса “бул эмне деп ойлоп жатат болду экен” деп дароо көз караштарын талдаганга өтөм, кадимкидей тартынып турам. Эми ар кандай адамдар бар да, кээ бири түшүнүп, кээ бири түшүнбөй мамиле кылат. "Бул абалдан кантип чыгам? Эл мени мындан ары кандай кабыл алат?" деген бүдөмүк ойлор менен жашап келем. Бирок кыргыз элиме ыраазымын, “Мезгил жана Алыкулдагы” эмгегимди азыркыга чейин эстеп, колдоп-коштоп турду. Мага элдин колдоосу дем берет. Элден айланса болот, мени элдик адамсың деп жатышат, элимдин мага жасаган айкөлдүгүнө жоопту мыкты, маңыздуу ролдор менен кайтарам. Мен жасачу иштер али алдыда.
“Аны адамгерчиликтүү деп ойлоп, сырымды айта берчүмүн”
– Сот мени үй камагына чыгарды. Соттук иштер дагы эле бүтө элек. Убактысы келсе, кантип бул окуяда шектүү болуп калганымды, окуя эмне үчүн, кандай жагдайда болгонун, баарын төкпөй-чачпай айтып берем. Жадакалса абакта жатып да “ушул окуя боюнча кино тартсам болчудай” деп ойлондум. Бул кылмыш иши ойдон токулган, мен андай ишке барчу эмесмин, баары жалган-жалаа. Каршылаш тарап эмне үчүн мындай ишке барганын дагы деле толук түшүнө элекмин. Себеби мага каршы арыз жазгандар мени менен күнүгө сүйлөшүп жүргөн адамдар эле. Ал адамдын келинчеги менен бир театралдык окуу жайда окуганбыз. 18 жыл чогуу бир короодо кошуна жашадык. Ошол келин жолдошун “кой, антпе” деп койгон жок. Ал аял менин андай ишке барбасымды жакшы билчү. Эч кимге таарынбайм, болгону ошол аялга ичимде бир аз таарыныч бар. Анын жолдошун адамгерчиликтүү экен деп ичимдеги сырларымды айтып, пландарым менен бөлүшчүмүн. Эми пенде экенбиз да, баарыбыз сыртыбыздан көрүнгөнүбүздөй боло бербейт экенбиз.
“Чөйрөмдө менден жүз буруп кеткендер болгон жок”
– Мен турмушта түз жүрүп, түз баскан адаммын. Кала берсе, айылда тентектик кылып милицияга түшкөн эмесмин. Көпчүлүгү мага тагылган айыпты угуп нес болуптур. Аялзатына болгон мамилемди, сыйымды баары билишет. Өзүмдүн кызым бар, мен кеткенден тартып, абактан чыгып келгиче анын көз жашы кургабаптыр. Эч качан аялга карата андай ыплас иштерди жасабайт болчумун, бир да аялдын көңүлүн ооруткан эмесмин. Мен күтпөгөн адамдар ушундай жалаа жаап таң калтырышты. Баары акча үчүн. Акча керек десе таап берет элем чынында. Бирок чөйрөмдө жүзүн буруп, тескери карап кеткен адамдар болгон жок. Абакта отурганда кесиптештерим, тууган-урук баары кабар алып жатышты. Мен аларга ыраазымын. Башка оор сыноо келгенде баары колдоп гана турушту. Учурда жумушума барып-келип иштеп жатам. Кесиптеш инилер “Чыңгыз ава, ушинтип эле жаныбызда кеп-кеңешиңизди айтып жүрүңүзчү” деп, жумуштан кийин коё бергиси келбей жатышат, абдан сагынып калышыптыр.
“Ак жерден көпкө отуруп калуудан корктум”
– Адегенде милицияга окуяны түшүндүрүү үчүн өзүм баргам. Барганда эле колума кишен салып отургузуп коюшту. Окуянын чоо-жайын айтып, кайра эле чыгам деп ойлогом да. Баары башкача болуп чыкпадыбы. Сотто да “мен мыйзам эмес, укук бузган адам эмесмин” деп айттым. Абакка түшкөн биринчи күнү мага ушунчалык кыйын болду. Мен баарын кинодогудай элестеткем да. Көрсө, реалдуу түрмөнүн аурасы такыр башкача экен. Ал жакта 1 мүнөт убакыттын өтүшү кыйын болуп жүрөк кыйналат. Түрмө деген түрмө да, мен аны эч качан бейишке теңебейт элем. Дароо эле жакындарыма “мени күнөөлүү дейсиңерби же дебейсиңерби өзүңөрдүн ишиңер, кандай болсо да мени бул жактан алып чыккыла” дедим. Бат эле чыгып кетчүдөй сезилген, бирок 9,5 ай абакта отуруп коюптурмун. Каршылаштар менин кесилип кетүүмдү аябай каалашты. Акыркы күндөрү бардык нерседен үмүтүм үзүлүп бараткан. Бир жолу чөнтөгүмө 99 аят жазылган китепти салып алып соттук отурумга бардым. Ошондо сот менин ишимди кайра тергөөгө жиберди. Жалгыздыкта, өзүңдү ой менен жеп отурганда Жараткандан гана жардам сурай алат экенсиң. Кудайга үнүм жеткенин ошондо түшүндүм.
“Абакта катуу ооруп, өлүп кала жаздадым”
– Абакта отурганда катуу ооруп, өлүп кала жаздадым. Гемоглобиним 60ка түшүп, таптакыр эле башым айланып баса албай калдым. Бассам 10 чакырым чуркап келгендей бат эле чарчап калам. Ичимден “кургак учук жуктуруп алган окшойм” деп да ойлондум. Үй камагына чыккандан кийин дарыландым, эми операция жасатышым керек. Сот иштери толук бүтө электигине байланыштуу операцияны жылдырып жатабыз. Тиякта сот ишиң бүтпөй жатса кенен жатып желе дарылана албайт экенсиң, жан дүйнөң тынч эмес. Такай башым ооруй турган болуп калды, кан басымым көтөрүлүп турат. Буюрса, мурунку калыбыма келип, кесибимди улантып ийгиликтерди жаратам деген ниетим бар.
“Юрист, сот болом деген кыялымдан баш тарттым”
– Мен үчүн актёрдук кесип жеңилдей көрүнчү. Кичинемде “юрист, сот болом” дейт элем. Башыма сыноо келип ошол тармакты жакшы эле түшүнүп, көрүп чыктым. Кудай мени бул тармакка келтирбегениңе рахмат деп ыраазы болдум. Ал жакта ушундай систем экен, эки жүздүү, төрт жүздүү, карышкырдын, түлкүнүн беткабын кийген адамдар бар экен. Адамдын тагдырын оюнчук көргөндөр болот тура. Жан дүйнөсү таза анча-мынча адам ал тармакта иштей албайт. Актёрдук кесип эле сонун тура, таза эмгек, ак дилиң менен иштейсиң. Менин эки ушакчы жеңем аларга караганда маалыматты бат тактап келмек тамашалап айтканда (күлүп). Ошол тармакка окуп, убактымды коротпой эле койгонум ырас болуптур.
Лунара Бекиева