Элмира Кабатай кызы, балет бийчиси: «БАЛЕТТЕ ЧЫДАМКАЙЛАР ГАНА КАЛАТ»

Балет – музыканын коштоосунда бий жана мимика кыймылдары менен аткарылчу өнөр. Үн-сөзү жок, кыймыл-аракет менен образды ачып беришиң керек. Ал үчүн дененин ийкемдүүлүгү маанилүү. Спорт да, артистизм да бар. Бүгүнкү каарманыбыз – дал ушул өнөрдүн ээси, телеалпаруучу Айнура Кабатай кызынын сиңдиси, Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрынын алдынкы балет бийчиси Элмира Кабатай кызы.

– Саламатсызбы? Балет дүйнөсүнө канча жашыңызда келдиңиз, маекти ушундан баштасак...

– Саламатсыздарбы? Бул тармакта иштегениме 20 жылдан ашты, балетке 9 жашымда келгем. Анда Нарында жашачубуз. Шаардан ар бир райондогу мектептерге барып таланттуу балдарды тандап кетишчү. Биздин мектептен 5 окуучуну тандашты, бирок экөөбүз эле балетке кызыктык. Сынактан классташ кызым өтпөй калып, мен өтүп кеттим. Ошентип хореографиялык окуу жайга 4-класста, 1989-жылы кирип, 1997-жылы бүтүрдүм.

Окууну бүткөндөн кийин Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында балет артисти болуп иштеп баштадым. Кордебалеттен баштап акырындап өсүп отуруп, алдынкы балет бийчиси болдум. Бул мен үчүн жакшы жетишкендик, анткени баары эле бул даражага жете бербейт.

Негизи 6 жаштан тарта эле бийге кызыгам. Эжем Айнура (ред.: Кабатай кызы, телеалпаруучу) ал кезде 5-6-класстарда окучу. Нарында "Алтын балалык" балдар ансамблинде хордо ырдап, Бишкекке, Ташкентке барып турчу. Эжем мага бий кыймылдарын үйрөтөр эле. 1-классымда мектептеги иш-чараларда ошол бийди бийлечүмүн. Андан сырткары телевизордон дайыма эртең менен балет көрсөтүшчү. Ошону аябай кызыгып көрчүмүн, анализдеп, өзүмдү бийчи катары элестетип, кийимдерин карап кыялдана берчүмүн. Классикалык музыканы жактырып укчумун, анан балеринага окшоп кыймылдарды жасап, “мен ак куумун, мен учуп баратам” деп эле өзүмчө образда жүрө берчүмүн (күлүп). Сыягы, бул талант мени менен кошо төрөлсө керек.

– Балет бийчиси болуу оорбу?

– Ооба, балет бийчиси болуу оңой эмес, физикалык, психологиялык жактан да абдан көп күч, аракет, энергия талап кылынат, чыдамдуулук керек, татаал кесип. Күн сайын булчуңдарыбыз чыңалып, денебиз жыйрылып, катып калат. Аны жумшартып турушубуз керек, ийкемдүүлүк маанилүү. Спортчулар сыяктуу эле күн сайын машыгып турабыз. Бутка кийген пуанты катуу болот, ичине кебез кийип кийсек деле оорутат, канайт, мазоль болот дегендей. Туура дем алууну, көнүгүүнү, ички дүйнөңдү дагы тарбиялап, баарын чогуу алып кетишиң керек. Туруктуу машыкпасаң эле денең катып калат, орустар айткандай, “неблагодарный труд”. Көп убакыт даярданып келип, 2-3 күн эле машыкпай койсоң деңең катып калат.

Андан сырткары роль жаратыш да оңой эмес, китептерди көп окуп, аткара турган персонаждарыңды изилдеп чыгышың шарт, айтор, жан дүйнөнү байытып туруш керек. Ар бир ролду жакшы ачып бериш үчүн аны өзүңдөн өткөрүшүң кажет. Негизи эле балетте аткаруучудан, артисттен көп нерсе көз каранды. Артист образды жакшы ачып бере алса, көрүүчүлөр тартылат. Техникадан дагы персонаждын ички дүйнөсүн, образды ачып бере алуу эң маанилүү. Көрүүчү менен артисттин ортосунда энергия алмашуу болушу кажет. Артисттен көрүүчүлөргө импульс кетиши керек, анан көрүүчүлөр кол чабуулар менен жообун беришет. Ортодо ушундай байланыш, баарлашуу жүрөт. Ошондо көрүүчүнүн жан дүйнөсү эс алып, кубаттанып чыгат. А мунун баары артисттен чеберчиликти талап кылат. Балетте абдан чыдамдуулар гана калат экен.

– Бат толуп кетпеш үчүн мүнөздөп тамактанууга туура келеби?

– Жаратылыштан бат толуп кеткен адам болсо диета кармаш керек болот. Негизи, күчтүү, калориялуу, баланстуу тамактанабыз. Себеби бир күн машыкканда эле 1 килограмм салмак жоготобуз.

– Жаракат алган учурларыңыз болобу?

– Жаракат алган учур болгон. Бир жолу сахнада бийлеп жатканда бутум кайрыла түштү, бирок билгизбей аягына чейин бийлегем. Ошол жылы бир жыл аксап жүрдүм. Дегеле балет бийчилери көп жаракат алышат. Жаракаттын айынан дайыма булчуңдар тырыша берет. 15 жашымда машыгуу учурунда көтөрүп ыргытканда чалкамдан жыгылып түшкөм, ошондо жаракат алган экенмин. Дайым ошол жер өйкөй берет. Ал эки бутка чейин таасир этет. Ошондуктан эртең менен туруп алып бүт денемди жумшартып, дарылык дене тарбия гимнастикаларын жасап, анан жумушка барам. Орусияда балеттин өзүнүн врачтары бар, бизде андай жок. Мен өзүмдү-өзүм изилдеп, анализдеп, ийнеге туруп жүрүп жаракаттарымды дарылап келем. Анын аркасынан өзүмдүн денемди түшүндүм. Адам гимнастика жасап турса денесин түшүнө баштайт.

– Азыр Опера жана балет театрында абал кандай?

– Жаңы жетекчилик келгенден бери жаңы спектаклдер, балеттик концерттер көп коюлуп, театр жандана түштү. Концерттердин, спектаклдердин көп коюлганы жакшы, артисттердин баарына жумуш берилет, өздөрүнүн талантын көрсөткөнгө мүмкүнчүлүк болот. Жаштарга жакшы жол ачылды. Мурда жаштарга көп орун берилчү эмес.

– Бир тууган эжеңиз, телеалпаруучу Айнура Кабатай кызы тууралуу айтып берсеңиз.

– Биз 5 бир тууганбыз, 3 кыз, 2 уул. Улуубуз Айнура эжем. Жогоруда айткандай, менин балет искусствосуна келип калышыма Айнура эжемдин салымы чоң. Анын уюштуруучулук сапаты бала кезинде эле күчтүү болчу, майрам сайын сценарий жазып, бизге ролдорду бөлүштүрүп, чакан концерт даярдайт эле. Ата-энебизге концерт коюп берчүбүз. Андан сырткары күн сайын акробатикалык, гимнастикалык көнүгүүлөрдү жасатып турчу. Өзү да Индия бийин бийлечү. Майрам сайын иш-чараларда бийлеп, мектепте бийи менен белгилүү эле. Кийимдерибизди алмаштыртып, “таза жүргүлө” деп эле колу-бутубузду жуудурта берчү. Бизди отургузуп алып, өзү мугалим болуп тапшырмаларды берип окута берер эле. Азыр деле ошол боюнча калды. Өзүнүн мектебин ачып, көптөгөн студенттерди тарбиялап чыкты. Адамгерчилик сапаты бийик, ак көңүл, боорукер. Аны көрүп түздөнөбүз. Эжем түшүнүктүү, дайым колдоп турат.

– Сиздин өнөргө жолдошуңуздун мамилеси кандай?

– Мен турмушка 22 жашымда чыктым, жолдошум зергер. Троллейбустан таанышканбыз. Жолдошум колдобосо ушул деңгээлге жетпейт болчумун. Дайым “бар, каалаган деңгээлиңе жет, иште” деп турчу. Биринчи баламды төрөгөндөн кийин узак убакытка төрөбөй жүрдүм, ошондо да колдоп турду. Театрда аябай кыйынчылыктар болгондо да керек-жарагымды алып берип, өзү келип видеого тартып жүрдү. Кызганган да жок. Ал жактагы өнөктөштүк бийлер – бул бийик искусство да, аны жакшы түшүнөт. Дайыма “жан дүйнөңө жаккан ишти жаса” деп турат. Бир уул, бир кызыбыз бар, уулубуз 19 жашта, кызыбыз 7ге чыгып калды.

– Бактылуу болуңуздар! Ийгиликтериңиз көп болсун!

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
nur1111
2023-11-05 00:03:00
"...деҢең катып калат"
0
№ 1056, 3-9-март, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан