Калыс Айтбаев, ырчы: “ЫРЧЫЛЫКТА РЕЗОНАНС ЖАРАТАМ”

Туулган жылы: 2000-жыл, 20-апрель

Туулган жери: Жалал-Абад облусу, Базар-Коргон району

Билими: Кыргыз улуттук консерваториясынын элдик ырдоо бөлүмүндө 4-курста окуйт

Үй-бүлөлүк абалы: бойдок

Балачагы

– Карапайым үй-бүлөдөнмүн, ата-энем мугалимдер. Үйдө 4 бир туугандын кичүүсүмүн. Балалыгым айылда чоңойгон балдардыкына окшош эле, кой кайтарып, отун камдап эле өттү. Атам музыкант болгондуктан үйдө музыкалык аспаптар бар болчу. Ошондуктан 4-5 жашымдан эле комузду үйрөнө баштап, 1-класста түзүк эле ойноп калгам. 5-6-классымда аккордеонду үйрөнгөм. Кызыгуум күч болчу, кээде кой кайтарып жүргөн жеримден үйгө кетип калып, комуз ойноп кайра келчүмүн. Атам мага чейинки байкелериме “чыгармачылыкты кесип катары тандабай эле койгула” деп тыйып коюптур. Менин тандоом шоу-бизнеске жакшы көңүл бурулуп жаткан учурга туш келип калып, чыгармачылыгыма көз карашы түз болду. Апам да кээде ырдайт, чыгармачыл адам, кийим тигет, сүрөт тартат. Экөө тең эл агартуунун отличниктери.

Ырчылыктын башталышы

– Обон чыгарып баштаганыма 4 жылдай болуп калды. Бишкекке ырчы болом деп келип, Улуттук консерваторияга тапшыргам. Аккордеон ойночумун дебедимби, 2018-2019-жылдары көпчүлүк ырчыларга аккордеон ойноп берип калдым. Улуу, кичүү, популярдуу, популярдуу эмес, баарына ойноп бердим. Алар ар башка, көптөгөн чыгармаларды ар кандай тондо ырдашат. Жакшы ырдаганы, тонго түшпөгөнү, ритм кармай албаганы бар. Ырчылардын ырдаганына жараша ойноп жүрүп аккордеонду бир аз өздөштүрдүм окшойт, ырчылар менен да жакшы мамиледе болуп калдым. Менин ырымды аткаргандар болду, мен алардыкын ырдадым, ошентип бул чөйрөгө аралашып кеттим.

Алгачкы ырдап чыкканым Мелис Маматжановдун сөзүнө жазылган Түмөнбай Колдошовдун “Өмүр” деген чыгармасы болду. Өзүмдүн үнүмдү өзүм тааный электе аткарылган чыгарма. Бул ыр мага азыр да жакшы сезимдерди тартуулайт.

Ырлары

– Адамдардын табити ар кандай. Кээ бир адамдарга муңдуу, таасирдүү, мазмундуу чыгармалар жакса, кээ бирлерге жеңил, элпек, шайыр ырлар жагат. Дагы башкалары заманбап музыканы угат. Көздөгөнүм – комуз, аккордеон менен да элдик ырларды, ошол эле учурда мурунку композиторлордун да чыгармаларын, автордук ырларымды да ырдоо. Өзүмдүн жай, мазмундуу, таасирдүү, заманбап стилдеги да, шаңдуу да чыгармаларым бар. Айтор, элдин табитин тапканга көп эле аракет жасайм. Кандай табиттеги адам болсо да менин чыгармаларымдын арасынан өзүнө жаккан стилдеги чыгарманы издеп көрсө болот.

Нукура кыргыз сөздөрү унутта калып бара жатат. Эски сөздөрдү унуткарбай жаштарга жеткирүү максатында ошол эски сөздөрдүн коштоосунда заманбап стилдеги ырларды жаратсам дейм. Мисалы, “Капырай” деген ырым бар. Капырай – эски сөз. Аталарыбыз, апаларыбыз "ии, капырай", "ии, кокуй, ай” деген мааниде колдонуп келишкен. Ушул эле ырдын кайырмасында “жүрөктү таптап, жүлүнүмдү каптап” деген сөздөр бар. Мында стили, ритми, айтылыш мүнөзү да заманбап, бирок сөздөр эски сөздөр. Чыгармаларымдын арасынан өзүмө өзгөчө жакканы – “Капамын” деген жаңы чыккан ырым. Сөзү Асылбек Асановго таандык. Сөзү күчтүү, обонунда эски кыргыздын кайрыгы, кыргыздын муңу бар, кыргыздын маданиятынан алыстаган эмес. Элмирбек Иманалиев, Калмурат Рыскуловдун кайрыктары сыяктуу. Мен 22 гана жаштамын. 22 жашында Элмирбек Иманалиевдин деле “Аруузатым”, “Булбулум” деген ырлары дээрлик элдин катмарына толук кандуу сиңген эмес. Менин чыгармаларым да кийин элдин катмарына аябай сиңет деп ишенем, буга көзүм жетет, буюрса (күлүп).

Таланттуу инсандар...

– Чыныгы талантуу, чыгармачыл адам башка, а чыгармачылыктын түйшүгүн тартып эмгек кылгандар башка. Көпчүлүк учурда чыныгы чыгармачыл, таланттуу адамдар эмгек кылбай коюшат. Аларды да түшүнсө болот. Анан эмгек кылып атын чыгарып, чыгармаларын элге жеткирип, бирок жан дүйнөсүндө анчалык деле чыгармачылыктын идиреги жок ага-эжелер бар. Алардын эмгегин сыйлаш керек. Андай эмгекти биз айтып жаткан күчтүү чыгармачыл адамдар жасай алышпайт, эринишет, колунан келбейт. Көпчүлүк учурда ушундай.

Жеке концерти

– 5-мартта борбор калаадагы ресторандардын биринде алгачкы жеке концертим болот. Угармандарым ресторанда отуруп чай үстүндө менин чыгармаларымды угушса мага ыңгайлуу болорун ойлонуп жүрчүмүн. Бул чыгармачылык кечемде жазылган дасторкон – угармандарыма болгон сыйым. Биринчи концертимдин ушундай форматта өтүшүн кааладым. Кийинки жылдардан баштап, буюрса, Улуттук филармонияда, Спорт ордосунда концерт берип каларбыз.

Министрдин Ардак грамотасы

– Маданият министрлигинин Ардак грамотасына татыдым, мен үчүн күтүүсүз болду. 22 жашта бакыйган министрликтин көзүнө түшүү чоң нерсе, чоң сыймык болду. Кыргызстандын тарыхында Үмөт манасчы 10 жашында маданияттын мыкты кызматкери наамын алган. Министрликтин Ардак грамотасын менин жашымда алгандар аз болушу мүмкүн. Мамлекет тарабынан эмгегиң бааланып жатса, адамга дем берерин эми түшүндүм. Мурун наамдардын баасын өз деңгээлинде карачу эмес экенмин. Мамлекетке жигердүү кызмат кылууда мамлекеттик сыйлыктардын орду бир топ тура.

Кыялдары

– Чет жерде жүргөн кыргыздардын баарынын кусалыктарын жакшы жана жандуу аткарган ырларым менен жазгым келет. Кайсы өлкө болбосун, 10 кыргыздын болсо да башын бириктирип аккордеон, комуздун коштоосунда жандуу концерттерди, чайканадагы бөлмөнүн деңгээлинде эмес, башка деңгээлдеги концерттерди койсом дейм. Азырынча сыр боло турсун, буюрса, чыгармачылыкта резонанс жаратам деген планым бар.

Сүйүү...

– Африкадан акындар чыкпайт экен да. Себеби ал жакта бир эле мезгил бар – жай. Акын болуш үчүн жаз, жай, кыш, жамгыр, кар, бороон, шамал, саратан болуп турганы роль ойнойт. Аялзатыные табияты да мезгилдерге окшош. Аялзаты чагылгандай чартылдап, күндөй жаркып, жамгырдай төгүп, шамалдай улуп турбаса чыгармалар жаралбай калат. Ошон үчүн сүйүү болуп турушу керек, сүйүүнү аздектеп сактайм, сүйгөндү жакшы көрөм. Ошон үчүн чыгармалар жаралат. “Сүйүүдөн деңиз куралат” деген сөз бар. Деңизди бир эле суудан эмес, ырдан, сүрөттөн, чыгармачылыктан, сүйүүдөн кураса болот. Сүйүүдөн деңиз куралары чын.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1056, 3-9-март, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан