ТикТоктон акча табуу: ЖАКШЫСЫ ЭМНЕ ДА, ЖАМАНЫ ЭМНЕ?

Акыркы убакта “үйдө отуруп эле акча тапканды үйрөтөм” же “интернеттен кантип оңой акча тапса болот деген темада онлайн сабак өтөм” деген психолог, коучтар жайнап кетти. Көпчүлүк ошондой жарнамага азгырылып, оңой акча табуу жолдорун издеп жатканда Тик-Токтогу түз эфир функциясы популярдуу болуп чыга келди. Түз эфирде катталуучулар жиберген белектерди акчага айландырса болот. Азыр ырчылардын көбүнүн башы Тик-Токтон чыкпай калды, түз эфирде отурушат. Ушундан улам аларды “той бизнеси бүтүп, эми Тик-Токко өттүңөрбү?”, “заманбап кайырчылар” деп тамаша-чыны аралаш сындагандар көп. Атактуулар “сыйкырдуу” түз эфирдин артыкчылык жана кемчиликтерин айтып беришти.

Тик-Токтогу түз эфирлерден кантип акча тапса болот?

2021-жылдын июль айында Тик-Токто биргелешкен түз берүүлөр пайда болуп, анда баттлдардын толкуну башталган. Баттл – бул эки катышуучунун ортосундагы түз эфир. Түз эфир учурунда эки тарап кызыктуу баарлашып, оюндарды ойноп, көрөрманды кызыктыра алса, стикерден турган белектерди жиберишет. Ал стикерлерди көрөрмандар тыйындарга сатып алышат. Стикерлер монетизация болуп, 80 пайызы түз эфирде отургандардын чөнтөгүнө түшөт. Түз эфирлерди кызыктуу кылыш үчүн айрым стримерлер обу жок, чектен чыккан кылыктарды жасап көпчүлүктүн жемесин угуп келишет. Тик-Токтун кыргыз сегментинде да мындай чектен ашкан түз эфирлер жок эмес. Баттлдан утулуп калган катышуучунун ич кийимин башына кийгизип, ажаткананын суусуна бетин жуудуртуп, сөгүнгөн сөздөрдү сүйлөгөн стримерлер бар. Тик-Токтун түз эфиринен акча табуу боюнча рекордсмени Мэн Лей аттуу кытайлык жаран. Ал оюндарды ойнотуу аркылуу бир жолку түз эфирден
167 000 доллар киреше тапкан.

Түз эфирден акча табам дегендер үчүн маалымат:

- Катталуучулардын саны 1000 адамдан ашканда гана түз эфир ачууга уруксат берилет.

- 1 стикер орто эсеп менен 10 тыйын турат, ал эми 100 тыйын 1 долларга барабар.

- Жаңы түз эфир баштаган автор орто эсеп менен бир түз эфири үчүн 1-3 долларга чейин табат, жакшы каражат тапкыңыз келсе сиздин катталуучулардын саны 100 миңден ашык болуп, түз эфириңизди көрүп реакция кылып, стикер жибергендердин саны көп болуусу шарт.

- Монетизация болгон стикерлериңизди электрондук капчыгыңызга которуп алсаңыз болот. 10 доллардан ашканда гана которуп алуу мүмкүнчүлүгү бар.

Стример – түз эфирдин автору. Кызыктуу контент жаратып, катталуучуларын өзүнүн эфирине байлаган адам.

Донатор – түз эфирде белектерди жиберген адам. Аны стримерлердин тилинде “түз эфирде кайрымдуулук кылган адам” деп аташат.

Эрнис Бөрүбаев, тамада: “Биздеги стримерлер күнүнө 5-6 миң сом табышат”

– Тик-Токтогу түз эфирге чыгып жатканыма 3 ай болуп калды. Башында жакшы түшүнчү эмесмин, кийин өздөштүрүп кеттим. Белгилүүлөр арасында биринчилерден болуп түз эфир жасап баштагам, менден кийин көп ырчылар үйрөнүп кетишти. Жаңы баштаганда эл таанып аябай белектерди ыргытышкан. Мен ал белектерди конвертация кылып кайра стикерлерди сатып алып, өзүмө жаккан түз эфирлердин авторлоруна жиберип турам. Түз эфирде донатор деген түшүнүк бар. Аларды белек бергич адамдар деп түшүнсөк болот. Бирок акчасын кетирип жөн эле белек жиберип отуруу аларга деле зарыл эмес. Жеке фирмасы же сата турган товары бар ишкерлер көбүнчө донатор болушат. Мисалы, донатор чоң белек жиберсе, аны түз эфирден миңдеген адам көрүп анын баракчасына катталышы мүмкүн. Катталуучу чогултуу деле өзүнчө бизнес да. Бизде Кыргызстанда түз эфир жасаган стримерлер орто эсеп менен күнүнө 5-6 миң сом табышат. Бирок көпчүлүк стример, донаторлор өз аты менен чыгышпайт. Мисалы, мен өз атым менен эле чыгам, фейк аккаунт менен стример болгондорду түшүнө бербейм, анын жүзүн баары бир жүздөгөн адам түз эфирден көрөт бири болбосо экинчиси тааныйт да. Тарбиялык манисине токтолсом, стримерлер көбүнчө элге позитив тартуулап, мыкты маанай жаратышат. Менин контентим ушундай, күлдүрүп, тамашалап отурам. Ал эми түз эфирде сөгүнүп, мушташып, кырылыша бергендерди деле көп көрүүчү көрөт, бирок аларга эч ким стикер же белек жиберишпейт. Ошондо андай контент алып барган стримерлердин максаты мага деле түшүнүксүз. Лайктар акча болбойт, бир гана жиберилген белектердин 50 пайызы стримердин чөнтөгүнө түшөт.

Назира Жетигенова, куудул: “Тик-Токту туура колдонууну билбей жатабыз”

– 3 айдан бери Тик-Токто түз эфир алып барам, мен үчүн бул онлайн концерттей эле сезилет. Мисалы, Спорт ордосунда концерт берсең деле эл билет сатып алып, гүл көтөрүп келип жатышпайбы. Тик-токто деле ошондой, өнөр тартуулап ырдап, күлдүргөнүңө баа берип белектерди жиберишет. Мага жиберишкен эң кымбат стикер кит болгон (ред.: баасы 2100 сом). Өзүм да кыргыздар эл аралык батллдарда башка өлкөнүн жарандары менен түз эфирге чыкканда кымбат белектерди жиберип коём. Снайперлер убакытты карап эң акыркы 20 секундда стикерлерди атышат эмеспи, мен ошондой снайперлерден болом. Чынында Тик-Токту көп мекендештер жеңил-желпи көрүп, оюнчук кылып алышты. Ошондой эле жеңил, пайдасы жок болсо, аны дүйнөдө 2 миллиард адам колдонмок эмес. Кытайлар үчүн бул чоң бизнес. Ошон үчүн биз да аны жеңил-желпи нерсе катары эмес, реалдуу каражат табуучу бизнес катары карасак жакшы эле акча тапса болчудай. Учурда түз эфир алып барып жаткан ырчыларга “Тик-токту, андагы түз эфирлерди колдонуунун сырларын үйрөнөлү, жакшы контент түзөлү, келгиле окуусун окуйбуз” деп сунуштап жатам. Биз болгону бул аянтчаны туура колдонгонду билбей жатабыз.

Салтанат Шакенова, ырчы: “Виртуалдуу дүйнөгө кирип кетсең, реалдуу жашоого кайтуу кыйын экен”

– Бир айдан бери түз эфирге чыгып жатам. Өзүмө абдан жакты, анткени түрдүү улуттагы адамдар менен баарлашууга мүмкүнчүлүк кенен. Мага казак туугандар көп белектерди жиберишет. “Сулуу экенсиң, келбетиң укмуш экен” деген мактоо сөздөрүн угам. Стример болгондон бери 2 жолу арстан атышты (ред.: Тик-Токтогу эң кымбат стикер, баасы 30 миң сом). Бирөөсүн орус улутундагы жигит, экинчисин казак жигити жиберген. Кыргызстанда Тик-Ток эми гана жайылып жаткандыктан бизде келген белектерди акчага айландыруу мүмкүн эмес. Көпчүлүк стримерлер Казакстандан же Орусиядан конвертация кылдырышат. Андыктан киреше жагынан азырынча орто эле таап жатам. Бирок, Тик-Токту баштаганда тойлор токтоп калды, анткени түз эфирлер адамдын энергиясын алып коёт экен. Мисалы, мен 1 айда 4 килограммга арыктадым, анткени баттлдарда кээде буйрук аткарууга ойнойбуз да. Баттл учурунда жеңсем экен деп ойлонуп “көбүрөөк белек жибергилечи” деп чый-пыйым чыгып кетет. Адам сарсанаа болгондо да арыктайт эмеспи. Кемчилиги – жашооңдун баары виртуалдуу болуп калат экен. Күнү-түнү түз эфирде отуруп, күндөрдүн кантип өткөнүн билбей каласың, мен, мисалы, бир айдан бери дүкөн кыдырып кийим алып, көчөгө сейилдегени чыга элекмин. Виртуалдуу дүйнө өзүнчө кызык, бирок андан реалдуу жашоого кайтуу кыйыныраак болот экен. Ошон үчүн түз эфирлерди азайтып, акырындан реалдуу жашоого кайтсамбы деп жатам.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1056, 3-9-март, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан