Асема, ырчы: «МЕНИН ОРДУМДА БОЛГУСУ КЕЛГЕН АКТРИСАЛАР КӨП»

Ырчы, актриса Асема Токтобекова бул жолу интернет желесиндеги хейтерлердин “чымчыма” суроолоруна жооп берди. Негизи хейтерлерге жооп берүүгө анча-мынча ырчылар батына беришпейт, буга эрк керек. Ырчы кызыбыздын нервин хейтерлер жакшы эле жукартты көрүнөт. Маек соңунда Асема айым кадимкидей маанайы суз тартып, чарчай түшкөнүн айтты.

Suusar: – Салам, Асема? Үч бала төрөсөң да кыздай жүрөсүң. Азыр көбү “фигурам бузулбасын” деп кесарево жолу менен төрөп калыптыр, сен деле ошентсең керек?

– Саламатсызбы. Мен балдарымды салмагы чоң төрөйм. Кош бойлуу кезимде симфизит илдетине чалдыкканыма байланыштуу кесарево жолу менен төрөгөм. Бардык эле айымдар билет, кесаревого караганда табигый төрөт жеңил болорун. “Фигурамды сактайм, келбетим бузулат, толуп кетем” деп ушул жолду тандап алган айымдарды түшүнбөйм. Андыктан бул сурооңузду ошол келбетин сактайм деп кесарево жасаткандарга узатыңыз.

Unish: – “Боз салкындан” бери канча жыл өттү. Бир киного тартылып алып, өзүн актриса сезе берет.

– Бир роль менен атагы чыккан “Титаниктеги” актриса Кейт Уинслет жана мен эле болсом керек (күлүп). Көптөгөн актрисалар бар, киного көп тартылышат, бирок менчелик атагы чыгып, күйөрмандары анын ысымынан кыздарынын атын койгонун көргөн эмесмин. Ушунча жылдан бери атымды өчүрбөй, өз кадыр-баркым менен сакталып келе жатканым деле чоң ийгилик деп эсептейм.

Sheri: – Бул кыз президенттин колунан Ардак грамота алып жатканда абдан “неудобно” болгом. Өзү ошол сыйлыкты татыктуу алдым деп ойлойт бекен?

– Хе-хе, сиз эмес, жанымда жүргөндөр да бул сыйлыкты алганымда уктабай калышкан. Сиздин “неудобно” болгонуңузду нормалдуу көрүнүш катары кабылдайм. Эч кам санабаңыз, аман болуп иштеп турсак, дагы далай сыйлык алабыз.

Krik dushi: – Күйөөсүн айтып аябай мактанат, өтө ишенет, таянат... Күйөөм бар, үй-бүлөм бар деп башка күйөөсү жок айымдарды басынтканга барабар бул кылыгы.

– Жолдошума узун өмүр тилейм, азыркы жашоом толугу менен андан көз каранды. Сиз, улуу урматтуу хейтер, интрига жаратканды аябай жакшы көрөт окшойсуз. Бар үй-бүлөмдү, бар жолдошумду жок деп айтмак белем? Акылы бар, түшүнүгү кенен адам туура эле түшүнөт, менин айтканым күйөөсү жок келиндерге катуу тийбейт деп ойлойм.

Teri: – Бул Асемаңардын мүнөзү начар, бой көтөргөн, эч бир режиссёр менен келишип иштеше албай, бир жылдары өзүн-өзү киного тартып жүргөн, ишенбесеңер киночулардан сурагыла...

– Бул хейтер биздин чөйрөдө эле жүргөн бирөө болуш керек (күлүп). Чынын айтсам, менин ордумда болгусу келген актрисалар көп. Керек болсо киного тартылып жатканымда бут тосуп, көп көрө албастыктарды жасашкан. Мен өзүмө абдан ишенем, урматтуу ичи тар хейтер, өзүн-өзү киного тартат дейсиңер, керек болсо дагы тартам. Себеби эч ким каармандын образын өзүң ойлогондой чагылдырып бере албайт. Кинонун ашканасын жакшы билем, башкалардыкына да, өзүмдүкүнө да тартыла берем. Болгону бекер тартылгым келбейт. Ошон үчүн айрым пайдасыз сунуштардан баш тартып келем. Жеки Чан деле өзүнүн киносуна өзү тартылат. Өзүн-өзү киного тарткан белгилүүлөр толтура.

Vtek: – Асема, сенин актрисалык талантың күчтүү, ырдабай эле койчу, сураныч...

– Суранасызбы, жалынасызбы, жыгыласызбы, мен чыгармачыл адаммын. Өзүмдү чыгармачылыктын бардык түрүнөн сынагым келет. Сизге Кудайым сабыр берсин, хейтерим.

Shevrolet: – Өзүңдүн баракчаңа сулуу сүрөттөрүңдү жүктөйсүң, реалдуу жашоодо анча деле эмес экенсиң...

– Ар кимдин табити ар кандай болот. Инстаграмда сулуу кылчу ар кандай беткаптарды, программаларды мен ойлоп тапкан эмесмин да, же аларды жалгыз мен эле колдонуп жаткан жокмун да. Мени боёксуз көргүңүз келсе, кинолорумду көрүңүз. Негизи адам канчалык жасанып, кандай программа колдонбосун, сулуу адам сулуу эле болуп чыгат.

Stock: – Асеманы бир жолу филармонияга чейин жеткиргем, аябай бой көтөргөн кыз, сүйлөшкүсү келбейт.

– Мен эркек кишилер менен көп сүйлөшө бербейм. Ал адам тийишип, туура эмес баарлашуу баштаса кагып салышым да мүмкүн. Мен деле адаммын да, кааласам сүйлөшөм, каалабасам жок.

True: – Инстаграм баракчаңды карап отуруп жыргал жашоо эле сеники сезиле берет. Бирок сен деле кээде ыйласаң керек, ээ?

– Мен балдарды урушуп алып, кайра боорум ооруп ыйлашым мүмкүн. Бир урушкандан кийин артынан күлбө дешет го, “кой, сырымды алдырбайын”, аягына чейин каардуу апа болоюн деп чыдабай көзүмө жаш алып жиберем. Ал эми түнү жаздыкка башымды катып алып ыйлаган күнүм болгон эмес. Жыргал жашоомду чыгарбаганда, анан көйгөйүмдү чыгарайынбы? Менде деле көйгөй толтура. 3 жолу үй алам деп акчамды алдатып жибердим, килтейген салонум өрттөнүп кетип канча акчага күйдүм, ал имараттын ээси мени канча шылдыңдап көрүнгөн сөздөрдү айтты. Бизде мыйзамдар иштебейт, мен акчамды азыркы күнгө чейин ала албай келем. Көбү жардам сурап жазышат, бирок мага жардам бере турган адам жок, ачыгын айтканда.

Syrga: – Жолдошуңдун сакалын алдыртпайсыңбы, Асема, же сага жагабы?..

– Жолдошумдун сакалы сизди сайгылап жатабы, хейтер айым? Күйөөм ошол сакалы менен сексуалдуу көрүнөт, эгер билсеңиз. Сизге анын сакалы тынчтык бербей жатат окшойт.

Sezim: – Бир жолу комментарий жазсам мени блокко тыгып салган. Кемчилигин бетке айтсаң аябай чычалайт. Сүрөттөрүнүн көбү фотошоп.

– Сиздин деле кемчилигиңизди айтса, урушмак түгүл, мушташып кетсеңиз керек. Көөдөнү ач башка бирөөгө бир да жакшылык ыраа көрбөгөн бош адам гана бош сөздөрдү жазат. Ошол үчүн кээде аларга жооп берип убара болбой, блокко кетирем. Ал жактан блокко кетирсем, бул жакка келип алганыңыз жаман экен. Тиякка барып, биякка барып кыйналбай эле, блокто жүрө бербейсизби?

Baktyluu bolgum kelet: – Асема аялдын сулуулугу эркектен көз каранды деп маек берипсиң. Ошол чын болсо баарыбыз сенин күйөөңдү “прокатка” алып турбайлыбы?

– Менин жолдошумду “прокатка” алыш үчүн мендей сулуу болушуңуз керек (күлүп). Жолдошум менин жүдөп-какап жүргөнүмдү каалабайт. Анын кеңеши менен сулуу болом, кийинем. Анын колдоосу менен өзүмдүн жан дүйнөмө жаккан,сүйгөн кесипти аркалап, жашоомдон ырахат алып келем. Чынында, ар бир айымды Кудай теңи менен жаратат эмеспи, кыздарыбыз башка бирөөнүн бактысына көз артпай, өз теңин таап бактылуу болсо дейм. Сүйүүдө балкып, калкыган аял эч качан негатив издебейт, бирөөнүн үй-бүлөсүнө көз артпайт. Аялзатына сүйүү жетиштүү болсун!

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1057, 10-16-март, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан