Электр мешине бышчу ШИШКЕБЕКТЕР

Адатта, шишкебекти мангалга бышырабыз. Аны электр мешине салып бышырса да болот. Мында эт ышталбай бышкандыктан сиңимдүү, ширелүү, зыянсыз болот. Келиңиз, анда жасап көрөлү!

КОЙ ЭТИНЕН ШИШКЕБЕК

Керектелүүчү азыктар:

Кой эти – 600 грамм

Пияз – 1 даана

Томат пастасы – 2 аш кашык

Кинза – 3-4 талча

Паприка – 1 аш кашык

Шишкебек үчүн татымал – 1 аш кашык

Өсүмдүк майы – 30 миллилитр

Туз – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Этти 3-5 сантиметр болгон бөлүктөргө бөлүп алабыз.

2. Кинзаны майда туурап, калган азыктардын баарын бир идишке салып аралаштырабыз. Шишкебек бышып жатканда сүйкөө үчүн 3-4 аш кашык маринадды өзүнчө алып коюңуз.

3. Этке маринаддан куюп 2-7 саатка чейин коёбуз. Даяр болгондо сууга чыланган таякчаларга тизип, электр табасына салып 35-40 мүнөт бышырабыз. Бул аралыкта маринаддан сүйкөп турууну унутпаңыз.

ЛЮЛЯ-КЕБАБ

Керектелүүчү азыктар:

Фарш – 800 грамм

Пияз – 1 баш

Болгар калемпири – 1 даана

Укроп – 1 боо

Суу – 80 миллилитр

Туз, татымалдар – татымына жараша

Шпажка – 10-15 даана

Даярдоо ыкмасы:

1. Узундугу 10-20 сантиметрлик жыгач таякчаларды алдын ала 20 мүнөткө сууга салып коюу кажет.

2. Пияз, болгар калемпири жана укропту жууп, тазалап, майдалап туурайбыз. Буларды фаршка кошуп, үстүнө туз, калемпир, каалаган татымалдардан салып, суу куюп аралаштырабыз. Фарш бышып жатканда ажырап кетпеши үчүн 15-20 мүнөт ургулап жакшы аралаштыруу маанилүү.

3. Жыгач таякчаларга бир ууч фарштан алып эки кол менен сүйрү формага келтиргенче бир нече жолу таптап ныгырып алабыз да, пергамент төшөлгөн табага тизебиз. Эгер таякчаларды колдонбосоңуз сүйрү формага келтирип табага салып, таякча менен үстүнө 3-4 жолу из түшүрүп алабыз.

4. 200-220 градуста ысып турган электр мешине 30-35 мүнөткө салабыз. Шишкебегибиз даяр! Жанына салат же гарнир кошуп дасторконго суна бериңиз.

ТООК ЭТИНЕН ШИШКЕБЕК

Керектелүүчү азыктар:

Тоок эти – 600 грамм

Лимон – 1 даана

Соя соусу – 80 миллилитр

Өсүмдүк майы – 50 миллилитр

Сарымсак – 4-5 тишче

Туз, татымалдар – каалоого жараша

Шпажка – 10 даана

Даярдоо ыкмасы:

1. Тоок этин 3-5 сантиметр кесимдерге бөлүп алабыз.

2. Сарымсакты эзип, лимондун ширесин сыгып алабыз. Буларды жана калган азыктардын баарын аралаштырып маринад даярдайбыз. Андан 15 миллилитр алып калып, калганын тоок этине куюп 1 саатка чейин маринаддап коюу кажет. Бул убакта жыгач таякчаларды да сууга салып коюуну унутпаңыз, болбосо электр мешине салганда карарып, күйүп калат.

3. Таякчаларга эттерди сайып чыгабыз. Ортолоруна бир аз аралык калтырып коюңуз. Кааласаңыз этке жашылчалардан аралаштырып тизсеңиз да болот. 220 градуста ысып турган электр мешине салабыз. Эгер ысытып койбосоңуз шишкебек кургак болуп калат. 30 мүнөттө даяр болот. Бул аралыкта шишкебектин бетине калган маринаддан 2-3 жолу сүйкөйбүз, сырты саргыч болуп ичтейди ачат.

БООРДОН ШИШКЕБЕК

Керектелүүчү азыктар:

Уй же койдун боору – 700 грамм

Койдун карын майы – 300 грамм (сөзсүз эмес)

Сүт – 300 миллилитр

Пияз – 1 баш

Сарымсак – 4 тишче

Туз, татымалдар – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Боордун сырткы чел кабыгын сыйрып алабыз. Чоңураак кесимдерге кесип, үстүнөн сүттү куюп, татымалдарды жакшы татытып жарым-бир саатка коюп коёбуз. Сүт боордогу кычкыл даамды чыгарууга жардам берет.

2. Боор кесимдерин таякчаларга сайып чыгабыз да, табага салып 200 градуста ысып турган электр мешине бышырабыз.

Май боорго даам берип, жакшы айкалышат. Кааласаңыз аны шишкебектин сыртынан ороп бышырууга да болот. Ага чейин ич майды жайып туз, мурч, калемпир себелеп алып анан ороо кажет. Боор шишкебеги 30-35 мүнөттө бышат. Жашылча же салат кошуп жей берсеңиз болот. Тамагыңыз даамдуу болсун!

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1057, 10-16-март, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан