КАТ ТУРМУШ (Орусиядагы Кыргыз мигранттарынын жашоосун баяндаган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Кудай жалгап бөлмөгө Акбермет кыздары менен кирип келди. Болбосо чоң жаңжал чыкмак. Жеңеси аны көргөндө эч нерсе болбогонсуп «cени сүйлөп аттык эле» деп койду. «Мен аны жамандадым, болгондо да курбусуна жамандадым, курбусу ага айтып койсо не болот?» деп ойлонбогону көрүнүп эле турду. Бул аял сый көрүп, белек-бечкек алып жашаганына эле курсант экен. Акберметтин тагдырына, жашоосуна, ден соолугуна башы деле ооруган жок. Башы ооруса, анын тапкан акчасына, алып берген белегине ооруп жатат. Кайсы жерден кантип, эмне алып калсам деп эле көзү кызарып турат экен. «Москвага келдим, Москвага ылайык көчөгө кийип чыкканга кийимим жок» деп өзүнө баштан-аяк бир сыйра кийим алдырды. Акбермет унчукпай алып берди. «Ушуну көптөн бери эңсеп жүргөм да, биз жакта кымбат, анын үстүнө оригинал таппайсың» деп «Шанелдин» атырын, болгондо да чоң шишедегисин алдырды. Канча турарын билесиз да... «Тиги сексейген эки кыздын ырыскысын жеп жатам» деп ойлонуп да койгон жок. Анан «кийимиме сумкам жарашпай калды» деп сумка сурай баштады. Акыры аны да алдырды. Сумкасы жарашпайт имиш!.. Акберметтин көргөн күнү, иштеген иши, жашаган жашоосу, баскан-турганы анын жаштыгына жарашпайт. Кыздарынан алыс жүргөнү, айда-жылда бир көргөнү анын энелигине жарашпайт. «Эч кимим жок, жоктон көрө жогору» деп ушул жеңесин жакын көрөт. Караан тутат. Андан башка айласы да жок. Ошону билип туруп, бул аял пайдаланат экен. Анын жасаган, жасап жаткан жоруктары «мен

Акберметтин апасымын» деп айткан сөзүнө жарашпайт, көргөн сыйына жарашпайт, алган белектерине жарашпайт. Ушунча жарашпаган нерсе турса, анын көйнөгүнө сумкасы жарашыш керек экен...

ххх

– «Өзгөчө кылмышкеримди» экспертизага алып барып келдим. «Баары бир сүйлөбөйт» деп баргам, бирок сүйлөдү. Өзү деле «өлө берип» чарчаса керек, жүдөп кетиптир. Жетерибиз менен ал мен жакты карабаса деле эмнеге келгенибизди ага айта бердим, айта бердим. Кылмышкердин баары кылмышкер болуп төрөлбөй турганын, көпчүлүгү оорудан улам кылмышка барарын, көбүнүн туура эмес болсо да орчундуу себептери бар экенин айттым. Анан көпчүлүк кылмышкерлер бала кезден көргөн зордук-зомбулуктан, оор жашоодон улам кылмышкер болуп каларын айттым. Үңүрөйүп эле отурган. Уккан окшойт... Мүмкүн, ал деле элдей болуп, түрмөгө түшкөнгө караганда, жиндиканага түшкөн жакшы деп ойлогондур... Мүмкүн, врачтардын кесипкөйлүгүдүр, айтор, сүйлөп берди. Сүрөт тарткандан баш тартты, «билбейм, эсимде жок» деген сөздөрдү көп айтты, бирок сүйлөдү... Аны врачтар кызыгып укту, шашпай укту, мен да шашпай котордум. Колумдан келишинче так которгонго аракет кылдым. Апам кайра турмушка чыкканда, мен алты жашта элем, карындашым үч жашта. Өзүмдүн атамды билбейм. Ал киши карындашым төрөлгөндө эле өтүп кетиптир. Атамдын туугандары менен катташпайм деле. Ал өтүп кеткенден кийин бизди эч ким издеп келбептир. Мен деле аларды издеген жокмун. Туугандык сезим эмне экенин деле билбейм. Карындашыма эле туугандык сезимим бар. Аны деле туугандык сезим деп атаса болобу же болбойбу, так айта албайм. Бирок кичинемде карындашым ыйлабаса деп көп тиленчүмүн. Ыйласа сооротчумун. Чоң кыз болуп калганга чейин эле карындашымды жонума көтөрүп жүрдүм. Өгөй атам менен апам балалуу болгондо ошолордун балдарын көбүрөөк карашка туура келип, аны баштагыдай жонума көтөрө албай калдым. Бирок бошой калсам эле аны жонума мингизип алчумун. Менин эң жакын адамым – карындашым, андан башка жакыным деле жок го. Азыр деле кыйналсам биринчи аны эстейм. Айрыкча кичинекей кезин... Кичинесинде жонума минип баратып, чачымдан тарткылап, кулагымды чойгулап жатып эле кудум атты минип бараткансып теминип-теминип, анан чиренип тура калып төбөмдөн өөп койчу. Ошонусун көп эстейм. Элдин баары мени сөгүп, каргап, элдин баары мага ар нерсе деп ат коюп, мазактап жатканда деле ал мени «сиз, байке, байкем» дегенинен жазган жок. Урушса деле мени «сиз» деп урушчу. Мени элдин баары урушчу. Эл урушуп бүткөндөн кийин анан карындашым урушчу. Бирок бир жолу да элге окшоп жаман сөздөрдү айтып урушкан жок. Көбүнчө «сиз ал жакка эмнеге бардыңыз? Тиги балдарга эмнеге кошулдуңуз? Баланчанын буюмуна эмнеге тийиштиңиз? Сиз качан оңолосуз? Качан жакшы болосуз?» деген сөздөрдү айтып эле урушту. Кийин эле мага сүйлөбөй калды... Сүйлөбөй калганына деле таарынган жокмун. Эми мени менен карындашым эмнени сүйлөшмөк эле? Тынч болсо, бактылуу болсо болду. Мен ага бакыт тилейм. Анын мага эмнеге сүйлөбөй койгонун билбейм. Мен жакшы адам болгон жокмун. Ошого сүйлөбөй койду. Мындан башка себеби деле жок да. Үйдөн кетип калгандан көп жыл өткөндөн кийин бирөөлөрдөн карындашымдын номурун таап чалсам, ал мени менен сүйлөшкүсү келбей койду. Араң сүйлөштү. Ошентсе деле кээ-кээде чалып жүрдүм. Үнүн угуш үчүн деле чалып жүрдүм. Кийин номурун алмаштырып салыптыр. Таппай калдым. Үйдөн кетип калган деп уктум. Бирок карындашымдын кайда экенин билбейм. Менимче, тынч эле болсо керек. Үйдөн кетип калыптыр го, демек, баары жакшы да...

Карындашым жакшы кыз. Жакшы кыз болуп чоңойду деп ойлойм. Ал үй тиричилигине тың, көп сүйлөбөгөн кыз болуп чоңойду. Үйдөгү тиричиликтин баарын ошол жасачу. Унчукпай, сүйлөбөй жүрүп эле баарын жасай берер эле. Кечке жаны тынчу эмес. Апам менен апамдын эринин балдарын карындашым өзү эле карап, өзү эле чоңойтту. Аны мен эле эмес, айылдагылардын баары мактайт. Апам тиги кишиге эмнеге турмушка чыкканын билбейм, так айта албайм. Экөө жакшы ниет менен эле үйлөнгөн экен. Ал киши «сенин эки балаң бар, менин эки балам бар, ушул төрт баланы жетим кылбай чогуу багалы. Сен менин балдарыма апа бол, мен сенин балдарыңа ата болоюн. Бири-бирибизге жөлөк бололу» дептир апама. Анан ал макулдугун бериптир. «Балдарды карайм, ата болом» дегени үчүн макулдугун бериптир. Апамдын эри ичип келип, үйдө жаңжал болгон учурларда жаны кашайган апам тиги кишиге ушул убадасын көп эстетчү. Айыл менен бир болуп бакырып, жажылдап, үнү бүтүп калганча кыйкырып жатып эстетчү. Тиги киши ушул сөздү уккан сайын апамды күчөп сабап кирет, сабаган сайын апам күчөп ушул сөздү кайра-кайра кыйкырат. Экөөнүн кантип үйлөнгөнүн бир эле мен эмес, бүт айыл билет. Ажыратканы келген кишинин баары билет. Бул окуяны экөө мага атайылап отуруп айтып берген эмес. Мен деле эл билгенди эле билем.

«Төрөлгөндө башыңдан жаракат алгансың, кичинеңде башың менен жыгылгансың» деп мага эч ким айткан эмес. Мен кантип төрөлгөнүмдү деле билбейм. Эч ким айтып берген эмес. Бирок эс тарткандан баштап башымдан көп жаракат алдым. Апамдын эри башыма эле ура берчү. Башымды жарып койгон учурлары көп эле болду. Бир жолу чөмүч менен башыма бир чапкан. Үйдө темир чөмүч бар эле. Ошону менен чапкан. Анда кичине болчумун, канды көрүп коркуп кетип, бакырып ыйлаганым эсимде. Анан кыш менен атып уруп, башымды жарып койгон. Бир жолу мушу менен эле чекемди жарып койгон. Ал кишини эмнеге «апамдын эри» деп атаганымды билбейм, бирок көбүнчө ошентип атадым. Андан башкача атаганым эсимде жок. Апама деле ошентип айтам.

«Сенин эриң» деп айтам. Өзүнүн балдары «папа» дейт экен. Башында биз деле «папа» деп кайрылып жүрдүк. Анан убакыт өткөн сайын «папа» дегим деле келбей калды. «Тиги киши», «апамдын эри» деп калдым. Элге «тиги киши» дейм, же атынан айтам, балдарына болсо «папаңар» дейм...

(Уландысы кийинки санда)

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1057, 10-16-март, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан