БИР ОРУНДА КӨПКӨ ОТУРУУНУН ЗЫЯНЫ

Заманбап жашоо, техниканын өнүгүшү менен компьютер же башка техниканын алдында отуруп иштей турган кесиптер көбөйдү. Техника жашообузду бир кыйла жеңилдеткени менен, ден соолукка олуттуу зыян келтире турган шарттар да пайда болду. Бир орунда көпкө отурса эмне болот? Канткенде терс кесепеттердин алдын алабыз?

КӨПКӨ ОТУРУУНУН ЗЫЯНЫ

1. Семирүү

Кыймыл адам денесинде липопротеинлипаза ферментин иштеп чыгарууга түрткү болот. Бул фермент өз кезегинде кандын курамындагы липиддердин деңгээлин жана тамак-аш менен кирген кант жана майлардын деңгээлин жөнгө салып турат. Көпкө отурганда организмде липопротеинлипаза ферменти жетиштүү санда иштелип чыкпай калат. Натыйжада майлар менен күрөшүү жайлап, адам семире баштайт.

2. Кант диабети жана жүрөк оорулары

Окумуштуулардын изилдөөсүнө ылайык, көпкө отуруп иштегендердин 30 пайызында ар кандай өнөкөт оорулар бар. Көпкө отурган жана күнүнө 1500 кадамдан ашык баспаган адам кант диабетинин 2-тибине чалдыгышы ыктымал. Андан сырткары аз кыймылдуулук жүрөк-кан тамыр ооруларына себепкер болот.

3. Муун-булчуң, омуртка оорулары

Бир күн кечке бир орунда отуруп иштегендердин көбү моюн (остеохондроз), арка, баш, бел оорулары менен жакшы тааныш.

ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?

Азыркы учурда көпчүлүк адамдардын спорт менен машыкканга убактысы жок. Ошентсе да бул маселени чечсеңиз болот. Бир орунда куурчактай болуп кыймылдабай отурбаңыз, отуруп алып деле бийлеңиз, колуңузду өйдө-ылдый кыймылдатыңыз. Башыңызды оңго-солго, өйдө-ылдый, айланта кыймылдатыңыз, колу-бутуңузду чоюп туруңуз. Бир саат сайын мындай оңой көнүгүүлөргө 5-10 мүнөт убактыңызды бөлүп койсоңуз жаңылбайсыз. Телефон менен сүйлөшкөндө деле бир орунда отурбай бөлмөнү айлана ары-бери баса бериңиз. Жумуштан кийин көп басыңыз, сейилдеңиз. Үйгө барганда чарчадым деп узунунан түшүп жатып албай кыймылдаңыз, үй жыйнаңыз, короо шыпырыңыз. Айтор, организмиңизге жардам бериңиз. Үй жумуштарын жумуш деп кабыл албай, ден соолукту чыңдоонун бир түрү деп кабыл алыңыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1057, 10-16-март, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан