ЗОМБУЛУКТУ АШКЕРЕЛЕГЕН “АЯЛДАР БАШ КАЛКАЛООЧУ ЖАЙ” СПЕКТАКЛИ

Зордук-зомбулук аялдардын гана маселеси эмес, бул бүтүндөй коомдун көйгөйү. Дал ушул темага коомчулуктун көңүлүн бурчу “Аялдар баш калкалоочу жай” спектаклин Бишкектеги Бакен Кыдыкеева атындагы Жаштар театры көрүүчүлөргө сунуштады. Бирде адамды күлдүрүп, бирде жашытып, көрарманды бир сааттан ашык түрдүү эмоцияга жетелеген спектаклди баяндап беребиз.

АЯЛДАРДЫН БАШ КАЛКАЛООЧУ ЖАЙЫНДАГЫ ЖИПТЕЙ ЧИЕЛЕНГЕН ТАГДЫРЛАР...

Аял жана зомбулук. Тилекке каршы, бул сөз айкашы Кыргызстанда дайыма бири-бирин ээрчип жүргөн көрүнүшкө айланды. Аялдарды коргоого, зомбулук менен күрөшүүгө, зөөкүрлөргө жазаларды катаалдантууга канчалык аракет жасалса да коомдо аялдар зомбулукка кабылган окуялардын аягы суюлбай келет. Дагы эмне кылыш керек? Элдин аң-сезимин ойготуу, бул маселеге көз карашын өзгөртүү зарыл.

Мындай учурда дал ушундай маданий иш-чаралар элге руханий азык боло алары шексиз. 8-мартты утурлай Бишкек шаарында USAIDдин “Жигердүү жарандар” долбоорунун колдоосу менен Бакен Кыдыкеева атындагы Жаштар театры аялдарга карата зордук-зомбулукту ашкерелеген спектакль тартуулады. Белгилүү түрк драматургу Тунжер Жуженоглунун “Аялдар баш калкалоочу жай” пьесасынын негизинде коюлган спектаклде сегиз аялдын түрдүү тагдыры чагылдырылат. Кордукка кабылган ал сегиз аялдын чиеленген тагдырын, кайгысын бириктирген дал ошол баш калкалоочу жай.

Сахнада көрсөтүлгөн окуянын өзөгүнө токтолсок. Баш калкалоочу жайда апасы менен жашаган жаш кыз атасына качат. Көп кыйынчылыкты көрүп,жашоосун таза барактан баштоого аракет кылган келин жумуш берүүчүлөргө алданып, татыктуу жашоого болгон үмүтүн үзөт. Дагы бир жаш кыз үй-бүлөсүнүн ырайымсыз мамилесине тушугуп, эски салттардын курмандыгы болот. Театралдык бир саатка созулган спектакль актрисалардын профессионалдык чеберчилигинин жана Эльвира Ибрагимованын өзгөчө режиссёрдук тилинин аркасында көрүүчүлөр каармандардын тагдырын бирге баштан өткөрүшөт.

Окуя Түркиядагы аялдардын баш калкалоочу жайында болсо да, анда чагылдырылган көйгөйлөр кыргыз коомчулугуна, кыргыз аялзатына жат эмес. Спектаклде мажбурлап никеге тургузуу, кыз-келиндерге үй-бүлө тарабынан колдоонун жоктугу жана зомбулуктун балдарга тийгизген таасири сыяктуу терс көрүнүштөрдү ачып берген.

Көрүүчүнү бирде күлдүрүп, бирде жашытып түрдүү эмоцияга бөлөгөн чыгарманын аягында көрүүчүлөр ордунан тура кол чаап, кубатташты. Спектаклден кийин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов сөз сүйлөп, актёрдук курамдын аткаруу чеберчилигин баса белгиледи.

“Спектаклде козголгон аялдарга карата зордук-зомбулук көйгөйү, тилекке каршы, бизде да кулачын кенен жаюуда. Биз андай терс көрүнүштөр менен ушундай маңыздуу, элдин аң-сезимин козгогон чыгармалар аркылуу да күрөшүүгө мажбурбуз”,- деп баса белгиледи министр.

Ал эми аталган маданий иш-чараны уюштурган USAIDдин “Жигердүү жарандар” долбоорунун жетекчиси Наталия Пипия: “Бул спектакль аялдарга карата ошондой эле үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатууга чоң салымын кошот деп ишенебиз. Гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулукка каршы натыйжалуу күрөшүү үчүн ушундай баш калкалоочу жайларды иштеткен кризистик борборлорго жана аялдарга мыйзам түрүндө колдоо көрсөтүүнү күчөтүү абдан маанилүү”,- деп айтты.

Спектаклден соң андагы актрисалардын жана көрүүчүлөрдүн ортосунда эркин баарлашуу орун алды. Залдагы көрүүчүлөр алар сахнадан көргөн ар бир көрүнүш турмушта бар экенин баса белгилеп, өз таасирлери менен бөлүшүп, уюштуруучуларга ыраазычылыгын айтышты.

Эльвира Ибрагимова, спектаклдин режиссёру: “БУЛ СПЕКТАКЛЬ АЗАП-КАЙГЫНЫ ГАНА ЭМЕС, АЯЛДАРДЫН КҮРӨШҮН, КҮЧҮН, ҮМҮТҮН ЧАГЫЛДЫРАТ”

– “Аялдар баш калкалоочу жай” спектаклинде азыркы учурдун эң курч көйгөйү козголгон. Ал бардык жерде бирдей: дүйнөнүн ар бир өлкөсүндө – айырмасы жок. Бирок бул сахналаштыруу азап-кайгыны гана эмес, аялдардын күрөшүн, үмүтүн, күчүн, тилектештигин чагылдырат. Аялдар оор кырдаалда жалгыз эмес экенин сезиши керек, мына ушул ойду бергибиз келген.

Эмне үчүн Тужер Жуженоглунун “Аялдар баш калкалоочу жай” драмасын сахнага койдук? Чынын айтсак, аялдарга арналып жазылган драмалар аз. Мен үчүн күтүүсүзү – чынында эле коомчулукту, кыргыз көрарманын биз козгогон көйгөй тынчсыздандырат экен. Буга чейин биз USAIDдин“Жигердүү жарандар” долбоору менен Ош, Жалал-Абад шаарларында бул спектаклди коюп келгенбиз. Ошондо көрүүчүлөрдөн көп ыраазычылык, колдоо сөздөрүн уктук. Айрымдары чынында эле аялдардын айта албай жүргөн ичиндеги купуя, жашыруун сырларын ачыктаганыбызга баа беришти. Биздин негизги максат – ушул пьесаны миңдеген көрүүчүлөргө көрсөтүү болчу.

Гүлмира Ташматова, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: “КЕЛИНИ МЕНЕН БАТЫШПАЙ БАШ КАЛКАЛООЧУ ЖАЙГА КЕЛИП КАЛГАН КЕМПИРДИН РОЛУН ОЙНОЙМ”

– Спектаклде мен Дуду аттуу кемпирдин ролун ойнойм. Дуду менен баш калкалоочу жайдагы бүт аялдар байланышта, акыл-насаатын айтып турган эненин ролу. Каарманымдын жалгыз уулу болот, бирок келининен ар кандай зомбулук көрүп, аргасыз убактылуу баш калкалоочу жайга келет. Биздин коомдо менин каарманымдыкындай көйгөй көп кездешет. Мен өзүмдүн каарманымдын ролу аркылуу коомубуздун чоң көйгөйүн көзгө басып көрсөтө алдым деп ойлойм. Искусство – бул көйгөйдү көзгө сайып көрсөтүүнүн эң жеткиликтүү жолу деп эсептейм. Мындай маданий иш-чаралар менен коомдун аң-сезимин ойготууну уланта беришибиз керек.

Шекер Жоомартова, актриса: “СПЕКТАКЛДЕ АЯЛДАРДЫ ЗОРДУК-ЗОМБУЛУКТАН КОРГОЙЛУ ДЕГЕН ОЙДУ БЕРГИБИЗ КЕЛГЕН”

– Спектаклде мен Жазаир аттуу күйөөсүнөн кордук көргөн келиндин ролун аткардым. Каарманым күйөөсүнүн запкысынан улам нерв оорусуна чалдыгып, түшүнөн чочуп ойгоно турган болуп калган. Ал илдети баш калкалоочу жайда жүргөндө да кармап, ал жактагы айымдар ага моралдык колдоо көрсөтүшөт. Негизи, спектаклдеги ар бир каармандын тагдырынын артында чоң көйгөй жатат. Ушул театралдык оюн аркылуу элге жеткирели деген оюбуз “аялзатын барктайлы, зордук-зомбулуктан коргойлу” деген мааниде.

Көрүүчүлөр эмне дейт?

Мунара Абдыжапар кызы: “АЯГЫ ПОЗИТИВДҮҮ БҮТӨТ БОЛУШ КЕРЕК ДЕП КҮТКӨМ”

– Мага спектакль аябай жакты. Бир дем менен көрдүм. Каармандардын тагдырына кайгырып, эми эмне болот экен деп кызыгуу менен көрүп отурдум. Ушундай оор тагдырлардын аягы позитивдүү бүтөт го деп күткөм. Бирок спектаклдин аягын көрүп ыйлагым келди. Мен үчүн дагы бир таасирдүү жери – аялынын сөзүнө кирип, өз энесин баш калкалоочу жайга жеткирип салган мырзанын жоругу болду. Баш калкалоочу жайда жүргөн аялдардын баары тайманбас кыздар, анткени үй-бүлөдөгү зомбулукту кадимки көрүнүш катары кабылдап чыдап жашай берген айымдар коомубузда көп эле. Булар ошол кордукка чыдабай үйүнөн чыгып кетип жатышпайбы. Андайга баарыбыздын эркибиз жете бербейт.

Айжамал Курсанбек кызы: “БУЛ СПЕКТАКЛДЕН КИЙИН АР БИР БАЛА ӨЗ АТА-ЭНЕСИ МЕНЕН ЧОГУУ ЧОҢОЙСО ДЕГЕН ОЙДО КАЛДЫМ”

– Мен үчүн спектаклдин эң таасирдүү жери – өспүрүм кыздын апасынан жашырынып, атасы менен жолугуп келгени болду. Ата-эне бири-бирине таарынса, балдарга эле кыйын болорун айткысы келсе керек автор. Азыр өлкөбүздө миграция агымы күчөп ата-энесинин мээримине тойбой өскөн балдар көп болуп жатпайбы. Алардан кийин камкордугу жок, мээримсиз, таш боор муун чыгышы мүмкүн. Бул спектаклден кийин ар бир бала өз ата-энеси менен чогуу чоңойсо деген ойдо калдым.

Айжамал Абдырасулова: “АКТЁРДУК КУРАМ АЯБАЙ ЖАКТЫ”

– Мен бул спектакль болорун Инстаграмдагы баракчалардын биринен көрүп калдым. Университетте чогуу окуган курбуларым менен келип көрүп отурдук. Драма жанры өзү оор эмеспи, абдан кайгылуу башталып, кайгылуу аяктады. Албетте, чөйрөбүздө ушундай көйгөй бар экени өкүндүрөт. Көрүүчү абдан көп келди, аншлаг болду. Эл кадимкидей руханий жактан ачка болуп турганына ынандым. Өлкөдөгү көйгөйдү, айтайын деген оюбузду театр, искусство аркылуу жеткирүү – бул жөн сүйлөп койгонго караганда алда канча эффективдүү болот окшойт. Ар бир каармандын окуясынан таасирлендим, алар менен кошо кабатыр болдум. Актрисалар аябай жакты, айрыкча катчы кыздын ролун аткарып жумуштан мас болуп келген каармандын ролун актриса кыз жеткире аткарыптыр.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1057, 10-16-март, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан