МИОПИЯ – АЛЫСТЫ КӨРБӨЙ КАЛУУ

Көздүн көптөгөн оорулары бар. Анын ичинде кеңири таралганы – миопия, алысты көрбөй калуу. “Аталган оорудан жер шарынын миллиардга жакын жашоочусу жапа чегет. Коронавирус пандемиясынан кийин көз оорулар көбөйүп, көз оорусу барлардын оорусу татаалдашып кетүүдө”,- дейт Улуттук госпиталдын көз микрохирургиясы бөлүмүнүн офтальмологу Кундуз Бекбоева. Макалада ушул илдет тууралуу маалымат беребиз.

“ООРУ КАБЫКЧАНЫН ЖУКАРЫП КАЛУУСУНАН ЖАРАЛАТ”

– Адамдын көзүнүн чарасы тоголок болот. Көз чарасы булчуңдардын арты менен чоюлуп жана калыбына келип турат. Биз жакынды караганда көз чарабыз алдыны көздөй чоюлат. Алысты караганыбызда ал кайра артка тартылып, ордуна келет. Көз ушинтип иштеп турат жана биз алыстагы же жакын турган эмнени карабайлы, анын элеси көз торчосунда дааналанат. Бирок кайсы бир себептерден улам көз чарасын тартып туруучу кабыкча (склера) начарлап, жукарып калганда көз чарасы кайра артка тартылбай, ордуна келбей калат. Мындайда адам алысты караганда заттардын элеси көз торчосунда эмес, анын алды жагында дааналанып баштайт. Бирок аягына чейин так дааналанбай, элес калкып турган сыяктуу же тумандагандай болот. Бүдөмүк көрүнөт. Бул – алысты көрбөй калуу же болбосо миопия деп аталат. Миопияда адам жакынды жакшы көрөт.

АЛЫСТЫ КӨРБӨЙ КАЛУУНУН СЕБЕПТЕРИ

• Тукум куучулук

• Көздүн формасынын туура эмес жаралышы

• Ара төрөлүү

• Көзгө көп күч келүү. Мисалы, дамамат компьютер, телевизордун маңдайында отуруу, жарыгы начар бөлмөдө китеп окуу жана жазуу (өзгөчө жатып алып)

• Көздүн булчуңдарынын начар иштеши

• Кылый көздүүлүк

• Оорулар. Мисалы, адамда кант диабети бар болсо, бат-баттан сасык тумоолосо көздүн азыктануусу бузулуп, акырындап көрүү төмөндөшү ыктымал

• Көздөн алган жаракат

Жаш балдардагы миопатияга төмөнкүлөр да себеп болот:

• Витаминдердин жетишсиздиги

• Кыймылдын жоктугу же өтө аздыгы. Анткени көздөгү кан жана зат алмашуу бузулат

ООРУНУН ТҮРЛӨРҮ

• Тубаса. Чанда кезигет.

• Стационардык. Көрүү узак убакыт бир орунда турат, оору татаалдашпайт

• Өнүгүп отуруучу. Миопия убакыттын өтүшү менен өнүгүп жүрүп отурат

• Күчөп, татаалдашып кеткен түрү. Муну көздүн тор кабыкчасынын (сетчатка) көздүн кан тамырлуу кабыкчасынан ажырап кетиши деп түшүнсө болот. Алысты көрө албаган же начар көргөн адам оор жумуш жасаганда, көзүнөн жаракат алганда, айрым спорт түрү менен машыкканда тор кабыкча бириккен жеринен ажырап кетет. Көздүн ичиндеги суюктук тор кабыкчанын астына куюлат да, тор кабыкча сыйрылып, көздөн от чагылышат. Оорунун белгиси билинер замат врачка барып, дарылануу зарыл. Болбосо сокур болуп калуу коркунучу жаралат.

Негизи алысты көрө албаган же начар көргөн адамдарга 10 килограммдан ашыкча жүк көтөрүүгө болбойт. Ошондой эле эңкейип иштөөгө, оор атлетика, бокс менен алектенүүгө, сууга жана бийиктен секирүүгө, ат чабууга болбойт.

• Транзитордук миопия. Башка оорунун айынан, мисалы, кант диабетинен, айрым дарылардын айынан келип чыгат.

• Күүгүм миопиясы. Караңгы киргенден тартып жарык начар болсо адам көрбөй калат да, жарык жетишерлик болгондо көрүү калыбына түшөт.

ООРУНУН БЕЛГИЛЕРИ

• Көрүүнүн начарлашы

• Күүгүмдөн кийин көрүүнүн начарлашы

• Көздүн талып, чарчай бериши

• Узакка компьютердин, сыналгынын маңдайында отурганда баштын оорушу жана башка

ООРУНУН ДАРАЖАЛАРЫ

• Төмөнкү даража: -1ден -3 диоптрийге чейин

• Ортонку даража: -3төн -6 диоптрийге чейин

• Жогорку даража: -6дан жогорку диоптрий

ДИАГНОЗ КОЮУ

• Биомикроскопия. Мында алысты көрбөй калууну жаратып жаткан оору бар же жок экендигин тактоо үчүн көздүн алдынкы бөлүгүн текшерүү

• Көздүн тонометриясы. Бул көздүн ичиндеги басымды текшерүү. Басым көз чарасындагы көз суюктугунан улам жаралат. Нормада суюктук көздүн алдынкы жана арткы камерасында ары-бери айланып агып турат жана басым бир калыпта болот. Глаукома оорусу жаралганда көздүн басымы жогорулайт.

• Рефрактометрия. Көздө патология (мисалы, жаш куракка байланышкан) бар же жок экендиги аппарат аркылуу аныкталат.

• Офтальмоскопия. Бул көздүн түбүн текшерүү. Башкача айканда, көз торчосунда көйгөй бар же жок экендигин тактоо. Мисалы, торчо сыйрылып кеткен болушу мүмкүн.

ДАРЫЛОО, АЙЫКТЫРУУ

Көрүүнү коррекциялоо ыкмалары төмөнкүлөр:

• Көрүүнү оптикалык коррекциялоо. Мында көз айнек же контакттык линза сунушталат. Учурда линзанын аллергия жаратпоочу материалдардан жасалган түрлөрү көп. Оорунун даражасына карап адам көз айнекти дайыма же убактылуу (бир нерсени кароо, көрүү керек болгондо) тагынат.

• Көрүүнү хирургиялык коррекциялоо.

Склеротерапия. Көздүн жукарган чел кабыгынын үстүнө жасалма чел кабык жабыштырылат. Мындан көздүн кан тамырлары көбөйүп, көз кан жана азык-заттар менен жакшы жабдылып, көрүүнүн андан ары начарлашы токтойт.

Лазердик коррекция. Аппараттын жардамы менен көздүн бет жагындагы тунук кабыкчанын бир катмары алынып салынат. Жыйынтыгында жаңы катмар өсүп чыгып, көрүү жакшырат. Айрымдар көз айнексиз көрүп калат.

Дарылоодо витаминдер, тамчылатуучу дарылар, физиотерапия, көзгө гимнастика, пневмомассаж жана башкалар да сунушталат.

ООРУНУН АЛДЫН АЛУУ

• Компьютер менен иштөөдө көздү убак-убагы менен эс алдыруу, атайын көнүгүүлөрдү жасоо. Көздү эс алдыруу үчүн маңдайдагы дубалга көз менен сандарды, геометриялык ар кандай фигураларды тартууга болот.

• Көрүүнү курчутуп жана көздү азыктандыруучу азыктарды, мисалы, черникадан жасалган витамин, сабиз, өрүк, балык, уйдун тили, жашылча, укроп жана петрушканы көбүрөөк колдонуңуз.

• Китепти же дептерди көздөн 35-40 сантиметр алыстыкка коюп окуңуз жана жазыңыз.

• Жатып алып же унаада кетип баратып китеп окубаңыз. Унаада смартфон колдонбоңуз, унаа кыймылдап, өйдө-ылдый болгон сайын көзгө күч келет.

Миопияда көрүүнү жакшыртуу үчүн көнүгүүлөр

1-комплекс

• Көздү 20 секунд жумуңуз, терең дем алыңыз, көздү ачыңыз.

• 10-15 секунд көздү бат-бат ирмеңиз.

• Көздү жумуп, көз сурмасын манжалар менен акырын басыңыз. Муну 3-4 ирет кайталаңыз.

• Көздү жумуп, каштардын башталыш жерин акырын басыңыз. Муну да 3-4 ирет кайталаңыз.

2-комплекс

• Өйдөгө, анан ылдыйга караңыз.

• Оң жакка, анан сол жакка караңыз.

• Көздү саат жебеси боюнча, анан саат жебесине каршы айландырыңыз. Муну көздү эс алдыруу менен 10 ирет кайталоо кажет.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1057, 10-16-март, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан