Алмаз казуу боюнча лидер – ТҮШТҮК АФРИКА РЕСПУБЛИКАСЫ

Африка континентиндеги эң өнүккөн, эң кызыктуу Түштүк Африка Республикасына сапар алдык. Океандардын курчоосундагы кооз жаратылыш, кен байлыктар, көп түрдүү жаныбарлар кызыгууну ойготуп, ал жакка жок дегенде бир жолу барып келүү каалоосун пайда кылат.

Борбору – Претория, Кейптаун, Блумфонтейн

Аянты – 1 219 912 чарчы чакырым

Калкынын саны – 61 миллионго жакын (2022-жыл)

Тили – англис, африкаанс, зулу жана башка

Президенти – Сирил Рамафоса

Башкаруу системи – парламенттик республика

Валютасы – рэнд (1 рэнд 4 сомго барабар)

РАСАЛЫК КАГЫЛЫШ УЗАК УБАКЫТКА СОЗУЛГАН

Убагында Улуу Британиянын карамагында турган өлкө 1961-жылы эгемендүүлүккө жеткен. Өлкөдө үч борбор шаар бар: административдик борбору Претория болсо, мыйзам чыгаруучу борбору Кейптаун, ал эми Блумфонтейн сот иштери жүрүүчү борбор катары саналат. Расмий тил катары 11 тил колдонулат, көпчүлүгү африкаанс жана англис тилдеринде сүйлөшөт.

Африка материгинин түштүгүнөн орун алган бул мамлекетте узак убакыт бою кара терилүү адамдардын укугу чектелип келген. Кара терилүүлөр менен ак терилүүлөрдүн ортосундагы көп жылдык расалык кагылыш 1994-жылга чейин созулган. 1948-жылы катуу күчөп, апартеид (кара терилүү адамдардын укугун чектөө) режими кирген. Анда кара терилүүлөр жарандык алуу, шайлоого талапкер болуу, добуш берүүгө катышуу, кеч киргенде сыртка чыгуу, медициналык тейлөө, билим алуу, жумушка орношуу укугунан ажыратылган. БУУ, дүйнөлүк коомчулук мындай иштерди кескин сынга алып, санкцияларды киргизген. 1989-жылы президент болуп шайланган Фредерик де Клерк апартеид системин жойгон. Бул режим ураганда көпчүлүк ак терилүү адамдар жер которуп кетишкен. Учурда өлкөдө европеид расасындагы адамдар орточо 10 пайызды түзөт.

ТУРИСТТЕР ЖАПАЙЫ ЖАНЫБАРЛАРГА КЫЗЫГЫШАТ

Түштүк Африка Республикасы жапайы жаратылышты сактоого өтө маани берет. 20дан ашык коргоого алынган улуттук парк бар. Алардын бири Кюгер улуттук паркы 1898-жылы негизделген. Туристтердин көпчүлүгү ушул парктарга кызыгып, андагы арстан, илбирс, пил, акыра, бегемот сыяктуу жапайы жаныбарларды жакындан көрүү, табияты менен таанышуу үчүн келишет. Бул себептүү өлкөдө жыл сайын туристтик бизнес өнүгүүдө.

АЛМАЗ, АЛТЫН, АВТОУНАА ЭКСПОРТТОЙТ

Жаратылыш ресурстарына абдан бай. Мамлекет алмаз казуу боюнча “дүйнө чемпиону” аталган, кээ бир алмаз казуучу шахталардын тереңдиги 6 чакырымга чейин жетет. Ошондой эле алтын, платина, минерал казуу менен алектенип, автоунаа чыгарып, экспорттошот. Телекоммуникация, энергетика жана транспорт тармактары өнүккөн. Ички дүң продукциянын деңгээли жан башына 7 миң долларга жакын (2021-жыл). Африка десе эле чөл, кум, жапайы жаныбарлардын түрүн элестетебиз. Бирок бул мамлекетте Европа шаарларын көчүрүп келип койгондой жайлар бар. Претория, Порт-Элизабет, Дурбан сыяктуу шаарларда Англия, Италия, Франциядагыдай имараттарды, маданий жайларды кеңири кездештирүүгө болот. Кооз, асман тиреген имараттардан, көз жоосун алган эс алуучу жайлардан, кафе-ресторандардан, музейлерден куру калган эмес. Түштүк Африка Республикасы “Forbes” журналына ишкерлик кылууда ыңгайлуу деп саналган өлкөлөрдүн ичинен 2021-жылы 39-орунга жайгашкан, ал эми Орусия 58-орунда болгон.

ТЫЙЫНДЫН ЭКИНЧИ ТАРАБЫ

Өлкө бай деп саналганы менен, бирок элинин жакырлыгына апартеид жана мурдагы колониализм режимдери себепчи деп келишет. Жашоочулардын 15 пайызы жакшы жашаса, 50 пайызынын жашоосу начар. Ошентсе да өлкөдө бир да жолу мамлекеттик төңкөрүш орун албаган, коррупция жокко эсе өлкө катары бааланып келет. Көпчүлүк конуштар суу, свет менен камсыздалган эмес, натыйжада санитардык абал начарлап, көптөгөн оорулардын жайылышына алып келип жатканы белгилүү. Сабатсыздык боюнча да 144 өлкөнүн ичинен 143-орунда турат. Жумушсуздук күчүндө, элдин 40 пайызы жумушсуз. Дүйнөдө кылмыштуулук боюнча да алдыда турат. Адамдардын орточо жашоо узактыгы бул өлкөдө 49 жаш, көбүнчө ооруп же киши колдуу болуп каза табышат.

КЫЗЫКТУУ МААЛЫМАТТАР

• 2010-жылы Түштүк Африка Республикасында футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат өткөн.

• Теңинен көбүн Атлантика жана Инд океаны курчап турат.

• Аймагында Лесото аталган коом менен байланыш түзбөгөн өзүнчө анклав-мамлекет бар.

• Йоханнесбург шаары дүйнөдөгү эң кооптуу шаарлардын рейтингинде катталуу.

• Көпчүлүгү арбак, рух деген табияттан тышкаркы күчтөргө ишенишет.

• Өлкөнүн түштүк жээгинен пингвиндердин колониясын көрүүгө болот.

• Жемиштерди экспортоо боюнча дүйнөдө экинчи орунда турат.

• Климатка байланыштуу жол, коомдук жайлар таза, ошондуктан дүкөн, ресторанда, мектепте деле жылаңайлак жүрүү кадимки көрүнүш.

• Жол чыракты “робот” дешет. Анткени аны жолдорго алгач орноткондо робот полиция деп аташып, кийин робот сөзү колдонулуп калган.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1057, 10-16-март, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан