ЕВРОПА: Кыргыз мигранттары кандай шарттар менен жөнөтүлөт?

Жумуш издеп Кыргызстандан Европага, АКШга агылгандардын саны өсүүдө. Орто жолдо “жумушка орноштурам” деген шылуундарга алданып, жумуштан же акчадан жок айласы түгөнгөндөр да көп. Макалада миграция агымы, заманбап чакырыктар, эске алуучу маанилүү жагдайлар тууралуу окурмандарга маалымат берели дедик.

Алмаз Алыбаев, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдындагы Жарандарды чет өлкөгө ишке орноштуруу борборунун директору:“15 мамлекетке ишке жөнөтөбүз”

– Биздин борбор учурда 15 мамлекет менен кызматташып, иш орундары үчүн квота бөлдүрүп жатабыз. Алар: Катар, Бахрейн, Оман, БАЭ, Сауд Арабиясы, Кувейт, Иордания, Улуу Британия, Германия, Япония, Түштүк Корея, Түркия, Орусия жана Казакстан.

Улуу Британияга ишке орноштуруу боюнча каттоо Бишкек, Ош шаарында үстүбүздөгү жылдын январында өткөн. Катталган 5000 адамдан 1620 жаран тандалып, алардын 10у 6-март күнү учуп кетишти. Калганы эми кийинки этап менен жиберилет.

Ош шаарында 1-5-марттагы аңгемелешүүдөн 2100 адам өткөн. Кимдер тандалганы боюнча маалыматты жакында жумуш берүүчүлөр жиберет. Алар да этап-этап менен кетишет.

Улуу Британияга жумушка Кыргызстанда биздин борбордон тышкары бир да жеке агенттик ишке жибере албайт. Жарандар сезондук айыл чарба жумуштарына жиберилет. Мисалы, кулпунай, малина күнөсканаларында, алма, сабиз, пияз, брокколи плантацияларында иштешет. Баргандар “караван” деп аталчу стационардык вагондордо жашашат. Жашаган жери үчүн ар ким өз чөнтөгүнөн аптасына 60-80 фунт стерлинг төлөшөт. Тамак-аш өзүнөн болот. Иштеген акысына саатына 10,7 фунт стерлинг алышат. Жумуш берүүчүлөр биздин жарандарды аптасына 32 саат жумуш менен камсыз кылууга милдеттүү. 32 саатта 410 доллар табат. Бирок 32 сааттан ашык иштеп, акча таба беришет. Ишемби, жекшемби күндөрү иштесе акы 2 эсе көп төлөнөт. Аптасына 1 күн эс алышат.

Эгер жарандарыбыз ооруп калса, алгачкы жардам бекер көрсөтүлөт.

Бельгия, Дания, Венгрия өлклөрү менен кыргыз жарандарын жумушка орноштуруу жаатында сүйлөшүү жүргүзүүгө даярданып жатабыз.

Аталган борбор аркылуу кайсы өлкөлөргө барууга болот?

Перс булуңундагы өлкөлөргө (Катар, Бахрейн, Сауд Арабиясы жана башка). Учурда 2 миңден ашуун бош орун бар, тейлөө тармагында (мейманкана, ресторан, сулуулук салону) иштөөчүлөр, бухгалтерлер жана IT адистерге суроо-талап көп. Аталган өлкөлөргө барып иштейм дегендер англис тилин орточо деңгээлде (Intermediate level, B1) билиши зарыл.

Германияга. Курулуш, IT, тейлөө жана медицина тармагында иштөөчү адистерге суроо-талап күч. Барам дегендердин жогорку билими тууралуу диплому болуп, немис тилин B2 деңгээлинде (оозеки эркин сүйлөй алуу) билиши шарт.

Японияга. Тейлөө тармагы жаатында учурда 100 ваканция бар. Барам дегендер япон тилин билиши кажет.

• Казакстан, Орусияга ваканция үзгүлтүксүз болуп турат.

“Жеке агенттиктер аркылуу чет өлкөгө кетүү”

– Учурда Кыргызстанда лицензиясы бар 162 жеке агенттик иштейт. Алар жарандарды 22 өлкөгө жибере алышат. Эмне үчүн Жарандарды чет өлкөгө ишке орноштуруу борбору 15, ал эми жеке агенттиктер 22 өлкөгө жөнөтүшөт? Анткени айрым өлкөлөр жеке агенттиктер менен иштешүүгө кызыкдар. Министрликтин алдындагы аталган борбор жеке агенттиктерден айырмаланып, көрсөткөн кызматы үчүн акча албайт.

Жеке агенттиктер аркылуу чет өлкөгө кетчүлөр эмнелерди эске алышы керек?

• Жеке агенттиктин лизенциясын суроо керек. Лизенциясы 1 гана өлкөгө ылайыкталып, мисалы, Түркияга, бирок агенттик сизди башка өлкөгө жибермек болуп жатса, демек, сизди мыйзамсыз түрдө жөнөткөнү жатышат.

• Эгер агенттикке шек жаралса, анда аталган борборго барып, маалыматты тактатып алсаңыз болот. Алданып, чет жерде документсиз калгандар кездешүүдө.

• Түзүлгөн келишим менен толук таанышып чыгыңыз. Бул кийин өкүнүп калбашыңыз үчүн керек.

• Агенттик сиз бара жаткан өлкөдөгү Кыргызстандын консулдугунун, Кыргыз диаспорасынын телефондорун бериши кажет.

• Чет жерге барган соң айлык акы келишимде көрсөтүлгөндөн аз, иштөө убактысы көп болуп калса, бул адамды эксплуатациялоого жатат. Мындай учурда аталган борборго же консулдукка кайрылуу кажет. Жиберген жеке агенттик жоопкерчилик алат.

Санжарбек Каримбеков: “Англияда 6 айда 700 миң сом тапса болот”

– Кичи мекеним Оштун Кара-Кулжа району, кийин Токмок шаарында жашап калганбыз. Мен өткөн жылы жалпы 33 адам болуп Улуу Британияга сентябрда кеткенбиз. Виза үчүн 33 миң сомдон төлөдүк. Алгач Лондонго жакын жерде иштеп, кийин Пензанс шаарына которулдук. “Караван” деп коюшат, ичинде ванна, уктоочу, тамактануучу бөлмөлөрү бар вагондордо жашадык. Барган соң 1,5 ай алма тердик. Анан брокколи чогултуп, нарцисс гүлүн терип иштедик. Күнүгө 8 сааттан иштеп жаттык. Эңкейип иштөөдө бел талып, уюйт. Жашиктерди көтөрүп, ташыйсың. Норма толтурасың. Нормадан ашык иштесең биздин сом менен айтканда күнүгө 10 миң сомго чейин табасың. Жашаган жерибиз үчүн аптасына 6 миң сомдой, медициналык камсыздандыруу үчүн айына 2,5 миң сомдой кармап жатышты. Алмада иштегенде жумушчу кийим беришкен эмес, кийин башка жакта иштегенибизде кийим менен камсыз кылышты. Акчаны үнөмдөп, чогултуп 6 айда 600 миң сомдон ашык таап келдим. Тытынып иштегендер 800 миңге чейин табышты.

Жибек Мурзакаримова, “Сан Райс” агенттигинин өкүлү: “Европа өлкөлөрүнө кетире алабыз”

– Биздин агенттик жарандарды төмөнкү чет өлкөлөргө ишке орноштурат:

Перс булуңундагы өлкөлөргө. Тейлөө тармагы (ресторан, мейманкана, дүкөндө сатуучу, сулуулук салондору). Ваканция жыл бою болуп турат.

Талаптар: жарандын курагы 19-32 жаш, англис тилин билүү (Intermediate level, B1).

Европага

Жаш курагы 20-50нүн аралыгы болушу кажет. Кызмат акыбыз үчүн 500 евро төлөшөт. Буга консулдук төлөм, виза, медициналык камсыздандыруу акылары кирет. Жыл бою ваканция болуп турат. Англис тилин сөзсүз билүү шарт эмес. Орус тилин жакшы билсе жетиштүү.

Венгрияга. Завод, фабрика, кампаларда иштөө. Виза Бишкектеги Венгриянын элчилигинен ачылат.

Польшага. Завод, фабрика, кампаларда иштөө.

Болгарияга. Тейлөө тармагына, завод, айыл чарба жумуштарында иштөө. Келишим 3, 6, 9 айга, 1 жылга, 3 жылга деп түзүлөт. Эл аралык паспорт, соттолбогону боюнча маалым кат керек.

Түркияга. 18-50 жашка чейинкилерге (2023-жылдын апрель-ноябрь айлары) тейлөө тармагында жумуш орундары бар. Виза үчүн 250 доллар алынат. Билет, медициналык камсыздандыруу, жашай турган жайы менен жумуш берүүчү камсыздайт.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1057, 10-16-март, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан