Эмил Балтагулов, ырчы: “БАЙКАБАЙ АПАМДЫ КАТУУ КОРКУТУП АЛГАМ”

«Чоң энемди айылдагылар спортчу кемпир деп коюшчу»

– Жашоомдо эң маанилүү аялзаттары, албетте, апам, чоң энем жана келинчегим. Чоң энемдин аты Гүлайым, ал киши мени кичинекейимден бакты. Апам башка жакка иштегени кетип, мен чоң энемдин колунда калдым. Чоңойгуча эле мени көтөрүп жүрдү. Жээнимди да баккан, ал менден кичүү болсо да аны жетелеп, мени көтөрүп алчу. Кыргызда “кой оозунан чөп албаган” деп коёт го, чоң энем ошондой момун, эч кимге зыяны тийбеген, ушак айтпаган адам эле. Жакын жердеги жайлоого күндө эртең менен жөө барчу, аны айылдагылардын баары көрүп, “спортчу кемпир” деп коюшчу.

Чоң энем бир да жаман сөз айткан жок. Өзү арабча билбесе да кыргызча тамгалар менен жазып Куранды жаттатканына ыраазымын. Мектепти аяктагандан кийин жогорку окуу жайга тапшырбай каларымда, “шарт жок, кийин окуп алат” деген сөздөрдү четке кагып, “жок, элден калбаш керек, торпогумду сатып болсо дагы окууга жиберем” деп мени окууга жиберген. Ошол күн азыр да көз алдымда. Кийин иштеп калганымда айылга барган сайын тамашалап “бул стипендия, жакшы окудуңуз, чейрегиңиз жалаң “5” болду” деп акча берип жүрдүм. 82 жашында каза болду. Башкача адам эле, андай адам чанда жаралат. Мени чоңойгуча эле эркелетип жүрдү.

«Мага караганда карындашым көп таяк жеди»

– Апамдын аты – Ырыс. Турмуштун оош-кыйышынан улам мени жалгыз бой тарбиялады, сыртта мырзанын, үйдө аялдын милдетин аткарып чоңойтту. Кийинчерээк атама кеттим, ал окутту. Апам учурда Таш-Көмүр шаардык ооруканасында иштейт. Апабыз – биздин бейишибиз, ден соолугун тилейм. Бардык концертимди калтырбай көрөт, өзү да чыгармачылыкты сүйөт, ырдайт, комуз чертет. Студент кезинде аккордеон ойночу экен, кийин таштап койду. Апамдан өткөн талантым бар, ар бир ырыма сүйүнөт. “Энекем”, “Апакем” деген ырларым апама арналган.

Негизи 6 бир тууганмын, 2 кыз, 4 уул. Мен улуусумун. Апам мени көп урган жок. Алтынай деген карындашым көп таяк жеди, ортого түшүп болушсам таяк мага тийип калчу. Ал аябай тентек эле. Экинчи карындашым Жаркынай аябай жоош, такыр ордунан жылчу эмес. Азыр деле жоош. Экөө тең турмушка чыгышкан. Аларды ырдайсыңар деп кыйначумун. Дегеле оюнумдун баары эле концерт коймой болгон экен, ини-карындаштарымдын колуна гитара-аккордеон деп таяк карматып койчумун. Азыр жашоом кандай болсо, бала кезде ошондой эле ойночумун. 2 команда кылып аркы көчөнүн, берки көчөнүн балдар-кыздарын чогултуп КВН уюштуруп, өзүм алпаруучу болуп... Ата-энелерди чогултуп концерт коюп берчүбүз.

Апамды бир жолу катуу коркутуп алгам. Ойноп жүрүп түндө келдим. Келсем, эшикти ичинен илип коюшуптур. Такылдатсам укпады, апам төркү бөлмөдө уктап жаткан экен. Айланып барып апам жаткан бөлмөнүн терезесине чыгып, форточкадан башымды салып апамды ойготом деген ой менен терезеге секирсем эки колум эле асылып калды. Ошол учурда апам ойгонуп кетип, чала уйкудагы абалы менен аябай катуу коркуп кеткен. Башымды чыгарайын десем же башым чыкпайт, же кайра түшүп кете албайм. Апам коркконунан эмнелерди гана сүйлөгөн жок, бирок кийин эмне деп сүйлөгөнүн өзү билбейт экен. Ошондо катуу коркутуп алганыма аябай өкүнгөм.

«Жубайым экөөбүз эч кимге билгизбей кызганышабыз»

– Жубайым кесибимди, жумушумду түшүнөт, колдон келишинче тоскоолдук жаратпаганга аракет кылат, колдойт. Бактылуулукта чогуу өмүр сүрөбүз деген аруу максатта баш кошконбуз, бири-бирибизди колдоп келебиз. Албетте, ар бир үйдө болуучу таарынычтар бизде деле болот. Ошолордун баарын жеңген адам гана бактылуулуктун чокусуна жетет деген принципти тутуп жашап келе жатабыз. Экелешебиз, таарынышабыз, жарашабыз дегендей. Таарынышканда “балдарымдын апасы, таарынба, садагасы” деген ырлар чыгат. Кудайга шүгүр, 2 кыз, 1 уулду төрөп берди.

Жубайым менен 2004-жылы мен Ош мамлекеттик университетинде иштеп баштаганда таанышкам. Өзүмдүн студентим эле. Башкаларга алдырып жибербейин деп бир жылдай коруп жүрдүм. Анан айылга алып кеттим. Кайната-кайненеме “ата, апа, жакшылыктын эрте болгону жакшы, буюрса, эртең небере үнүн угуп бакытка балкыйсыздар, ачууланбаңыздар. Мен кызыңыздарды алып кеттим” деп кат жазып салып жибергем.

Гүлгүнай эң кичүүсү болгондуктан эрке чоңойгон. Ошол эркелигин башында көрүп калдым. Балмуздак алып бербей койсом деле таарынып үйүнө кетип калчу. Кайната, кайненем мени жакшы билишет, дайым түшүнүп колдоп турушту, ошондуктан да жашоонун көп сыноосуна чыдадык.

Келинчегим да ырдайт, мен жетектеп жаткан Жалал-Абад облустук Токтосун Тыныбеков атындагы филармонияда 2013-жылдан бери иштейт. Анын чынчылдыгын, туруктуулугун, жоопкерчиликтүүлүгүн өзгөчө баалайм. Келинчегимди ырдатпай, анын үйдө эле отурушун каалаган учурларым болду. Бирок чыгармачыл адам, бала кезинен ырдап, ыр менен чоңойгон. Ырдатпай койсом кадимкидей ооруп калат. Иштегенин колдойм, кызганбайм, ишенем. Кызганышсак деле эч кимге билгизбей кызганышабыз, ичибизден эле таарынышып, СМС жазышып коёбуз. Колдоо деген ушундай болсо керек. Мен барган жакка барат, ырдайт, ар дайым чогуу жүрөбүз.

«Кыздарымды өзүм бактым»

– Биринчи кызым Амина төрөлөрдө келинчегимдин толгоосу түнү башталды. Ал кезде Ошто жашачубуз. Маянам экөөбүздүн ичкен-жегенибизден ашпаган учур эле. Бензинге тыйын жок, май куюучу жайга телефонумду күрөөгө таштап бензин куйгам. Баргыча бир жөө басат, кайра машинеге отурат, ошентип жатып төрөтканага араң жеткенбиз. Төрөгөндө биринчи Токтогул деген досума сүйүнчүлөдүм. Ал сүйүнчүсүн дароо банктан салып жиберди. Ошол тыйын менен медайымдарга сүйүнчү берип, жубайымды төрөтканадан чыгаргам.

Экинчи кызым төрөлөрдө Жалал-Абадда концерт берип жатканбыз. Концерттен кийин түнү барсам толгоосу башталыптыр. Мени көргүсү жок, толгоо оңой эмес экен да. Төрөткананын терезесин тыңшап, жубайым менен ымыркайдын ден соолугун тилеп тургам.

Негизи балага жакынмын, кыздарымды кичинесинен бирге караштым. Апасы “атасы эле бакты” деп калат. Биринчи кызыбызды ээрчиген жагына алып бара берчүмүн. Аны эрмек кылганга убактыбыз кенен болгон экен. Там-туң баскан кезинде келинчегим экөөбүз кызымдан жашынып ойнойт элек. Азыр эстеп боорубуз ооруйт. Бир жолу жайында сейил бакка баратсак машинеде уктап калды. Анан кызымды унаага калтырып, машинени бекитип сейилдеп кеттик. Же терезесин ачып койбоптурбуз. Балмуздак жеп шашпай жүрө бериптирбиз. Келсек, ыйлай берип кыпкызыл болуп кетиптир. Жаш экенбиз да, Кудай сактаган ошондо.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1057, 10-16-март, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан