БИР БҮРКҮМ. ДЕПУТАТ 5 СУТКАГА КАМАЛДЫ...

  • Бишкектен жер басып алууга шектелип 2 мамлекеттик кызматкер кармалганы маалымдалды.
  • Сапарбек Асаналиев Нарын ОИИББинин, Дамирбек Исаков Чүй ОИИББинин, Каныбек Абдырахманов ИИМдин Күзөт кызматынын башчысы болуп дайындалды.
  • Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу жогору.
  • Сокулуктун Новопавловка айылдык кеңешинин депутаты коомдук тартипти одоно бузду деп 5 суткага камакка алынды.
  • Талантбек Аттокуров Жайыл РИИБинин башчысы болуп дайындалды.
  • Акылбек Жапаров: “Тойканаларга ККМ орнотулган соң алардын төккөн салыгы кескин көбөйдү”.
  • Кыялбек Акматов билим берүү жана илим министринин кеңешчиси болуп дайындалды.
  • Депутаттар коомдук жайда электрондук тамеки чегүүгө тыюу салууну сунушташты, мыйзам долбоору коомдук талкууда.
  • Мурадин Тешебаев Аламүдүн районунун акими болуп дайындалды.
  • Улуттук статистика комитети: Кыргызстан 2022-жылы 419 миңден ашык смартфон экспорттогон.
  • Бишкектеги троллейбустардын санитардык-техникалык абалы текшерилди.
  • 1-7-март күндөрү Кыргыз-Өзбек чек арасын демаркациялоо боюнча жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусу өттү.
  • ӨКМнын Жалал-Абад облусундагы башкармалыгы кооптуу аймакта жашаган үй-бүлөлөрдү көчүрүү боюнча түшүндүрүү ишин жүргүзүүдө.
  • “Жалал-Абад” санаторийинин башчысынын орун басары бейтаптардан пара алууга шектелип кармалды.
  • Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу менен жолугушту.
  • Сокулук райондук “Кадастр” мекемесинин кызматкерлери документ жасалмалоого шектелип кармалышты.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1057, 10-16-март, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан