ЧҮЙ ОБЛУСУНУН БАШЧЫСЫ ЖАНА СОКУЛУКТУН АКИМИ ИШТЕН АЙДАЛДЫ

Бишкектин четиндеги Ак-Ордо конушунун жашоочуларынын жер тилкелерин мыйзамдаштырып берүүдөгү жай кыймылы үчүн Чүй облусунун жетекчиси Нурил Алымбаев жана Сокулук районунун акими Курбанбек Айтибаев иштен айдалды.

5-мартта жер тилкесине байланыштуу кезектеги чырдан кийин президент Садыр Жапаров Ак-Ордо конушуна барып, эл менен жолугушту. Тургундар “биздин жерлерди мыйзамдаштырып берүүгө тапшырма бергениңизге 1 жылдан ашты, азыркы тапта 300дөй гана үйгө документ берилди. Иштин жай жылышына өкмөттүн токтомунун “жер тилкелерин мыйзамдаштырууга жер ээлеринин макулдугу керек” деген 27-пункту тоскоол болууда” дешти президентке. Жер тилкелерин убагында үлүш ээлеринен ишеним каттын негизинде акчага сатып алышканын, кайра алардан макулдук алууга зарылдык жок экенин айтышты ак-ордолуктар.

6-мартта президент Жапаров ушул маселе боюнча жооптуу чиновниктерди чакырып, жыйын өткөрдү. "Элдин жер тилкесине кызыл китеп жасатып берүүгө чын эле өкмөттүн токтомунун 27-пункту тоскоол болуп жатат" дешти Чүй облусунун жетекчиси менен Сокулуктун акими.

– Тосоол болуп жатса бир жылдан бери айтпай эмне кылып отурдуңар? Кайрылсаңар бир күндө чечип берет элек. Бошсуңар, минтип иштеген болбойт. Арызыңарды жазып бергиле,- деди президент аларга. Эртеси 7-мартта алар кызматтан бошотулду. Ордуна Илияз Ташкулов Сокулук районунун акими, Канат Жумагазиев Чүй облусунун жетекчиси болуп дайындалды. Ушул эле күнү сөз болуп жаткан 27-пункт жокко чыгарылды.

Айта кетсек, былтыр президент Ак-Ордо конушуна барып “жерлериңер мыйзамдаштырылат” деп элге убада берип келген. Андан кийин жер тилкелерин трансформациялоо тууралуу мыйзам чыгарылды. Ошол мыйзамдын негизинде Ак-Ордодо убагында айыл чарба багытындагы жерге мыйзамсыз курулуп калган миңдеген үйлөр мыйзамдаштырылганы жатат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1057, 10-16-март, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан