ДАРЫГЕРДИН ШАЛААКЫЛЫГЫНАН УЛАМ ЫМЫРКАЙ КОЛУНАН АЖЫРАДЫБЫ?

Төрөлгөнүнө 2 ай болгон ымыркайдын бир колу чыканагынан ылдый кесилди. Себебин баланын атасы “дарыгерлердин туура эмес укол сайышы” деп айтып жатат. Жалал-Абад ОИИБинин маалыматына таянсак, 24-февралда Токтогул районунун 25 жаштагы тургуну райондук прокуратурага арыз жазып, Токтогул райондук ооруканасында иштеген айрым врачтарды жазага тартууну суранды. Арыз ээси баласынын денесине ар түрдүү нерселер чыгып, дене табы көтөрүлгөндө ооруканага кайрылганын, ал жердеги уколдон кийин баласынын абалы начарлап, аны Бишкекке алып келишкенде дарыгерлер ымыркайдын бир колун кесүүгө аргасыз болушканын айтууда. Ымыркайдын колунун кесилиши боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалганы, бул окуя боюнча алдын ала териштирүү иштери башталганы маалымдалды.

Аталган оорукананын тийиштүү дарыгерлери күбө катары суралганы айтылат маалыматта.

Бул окуяны саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова жеке көзөмөлүнө алды, кызматтык иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат, кошумча маалымат берилет деп маалымдады аталган министрлик.

Маалыматка таянсак, колу кесилген ымыркай 2023-жылдын 7-январында жарыкка келген.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1057, 10-16-март, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан