Роза Отунбаева “Ооганстанда аялдардын укугу тебеленген бойдон калууда” дейт

Ооганстанда аялдарды басмырлоодон улам аталган өлкөдөгү долбоорлорду каржылоо кыскарышы мүмкүн. Бул тууралуу БУУнун башкы катчысынын Ооганстандагы атайын өкүлү Роза Отунбаева билдиргенин уюмдан кабарлашты. Учурда көп жылдык согуштан кийинки Ооганстанга адам капиталы абдан зарыл болуп турганын, ага карабай өлкөдө айым дарыгерлер, окумуштуулар, журналисттер жана саясатчылар үйдөн чыга албай жатканын баса белгилейт Отунбаева.

– Эгер аялдардын бейөкмөт уюмдарда иштешине уруксат берилбесе, менимче, Ооганстандагы долбоорлорду каржылоо кыскарышы мүмкүн. Аялдар жетектеп жаткан бейөкмөт уюмдар ишин токтотууга аргасыз болушат. “Талибан” (ред.: Кыргызстанда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган) БУУнун кызматкерлеринин жумушка чыгышына тоскоолдук жаратууга аракет кылып жатышат. Талибдердин ооган аялдарынын БУУнун кеңселерине барышына тоскоолдук жаратууга багытталган иш-аракеттерине 5 провинцияда күбө болдук,- деди Роза Отунбаева.

Расмий маалыматка таянсак, учурда Ооганстанда 28 миллион адам гуманитардык жардамга муктаж. 6 миллион адам ачкачылыктын оозунда турат. Жалпы 4,6 миллиард долларлык жардамга муктаж деп билдирет Бириккен улуттар уюму.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1057, 10-16-март, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан