ДЕПУТАТТАР “АЛДАМЧЫЛАР КӨБӨЙҮП КЕТТИ” ДЕП ЧЫГЫШТЫ

Көптөгөн жарандар автоунааларды алып-сатууга байланыштуу кылмыштуу топтун тузагына түшүп жатышат. Мындай пикирди 9-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улугбек Ормонов айтып чыкты.

– Бишкекте уюшкан кылмыштуу топ бар. Бир жыл мурун сатылган автоунаалар боюнча доо коюп, “убагында туура эмес катталып калыптыр, унааны сатууда жубайыңдан макулдук алган эмес экенсиң” деп сотко берип унааларды кайра тартып алууну уюштурушкан. Мурда унаа сатууда жарандын жубайынын макулдугу суралчу эмес. Үй-бүлө кодексине ылайык, азыр мүлк сатууда жубайынын макулдугу керек экен. Ошону бетке кармап алышып, миңдеген иштер азыр сотто жатат. Буга ички иштер министри көңүл бурушу керек ,- дейт депутат.

Депутат Руслан Жакышов жер тилкесин сатып алууда шылуундардын капканына түшкөн жарандар көп экенин эскертти.

– Ушул жагдай боюнча азыр талаштар көп. Жарандар эч кандай документи жок жерлерге үй салып алып жашап жатышат. Каттоосу жок, ооруканага кайрыла алышпайт. Бул маселеге көңүл буруп, Бишкектин тегерегиндеги конуштардын маселесин толук чечип бериш керек,- дейт депутат.

“Ош облусунун жетекчиси Абшыр-Атанын жерин ээлеп алды” дейт депутат

Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдиновду токой чарбанын жерин ээлеп алууга күнөөлөдү.

– Ал киши менен жердешмин, бирок чындык кымбат. Зиядин Жамалдинов 2021-жылы Абшыр-Атага караштуу токой чарбасынын жерин үйү менен кошо өзүнүн бир тууган агасы Арапбай Жамалдиновго каттатып алыптыр. Андан тышкары Кулатов айыл өкмөтүнөн 181 гектар жерди агасына каттаткан. Мына, колумда Мамлекеттик каттоо кызматынын расмий документтери турат. Өмүр бою бир бизнес кылбай туруп, ушунча жерге ээлик кылуу президенттин бакыйган облустагы өкүлүнө уят иш. Мен анын бүт мүлкүн санап отурбайын, тийиштүү органдар текшерип чыгышсын. Ыйгарым укугуна таянып районодогу кадр маселесине чейин кийлигишкени туура эмес. Ушуга окшогон кадрлар артка тартып жатат. Ойлоно турган учур келди,- дейт депутат Коргонбай уулу.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1057, 10-16-март, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан