АЯЛ (Ийгиликтүү аялдын сыноолорго толо тагдыры баяндалган сериал)

Башы өткөн сандарда)

– Рахмат, мени алып кете турган адам бар.

Айдай четке жыла берип Илимге телефон чалды. Анан Ажарга кайрылды.

– Эмирдин сиздей апасы бар экенине кубанычтамын, мындай таланттуу жигитти чоңойткон кандай адам болду экен дечү элем. Мен сизге дагы келем. Сиз эч кам санабаңыз. Баары жакшы болот.

Ажар башын алсыз ийкеди. Аны менен коштошуп, дарбазага чыга бергенде Эмил болбой эле кошо чыкты.

– Эмирдин устаты экенсиз да, ээ? Бир нерселерди айтып жүргөн. Ушул баладан бирдеме чыгат деп үмүт кылып апасы экөөбүз колдон келгенин кылып жүрөбүз. Бирок жалкоо, деле бир нерсени аягына чейин чыгарайын дебейт.

Көз көрүнө эле уулун жамандап кирген адамды таң кала тиктеп калды Айдай. Анын тиктегенин Эмил өзүнө жооруп кубанып кетти. “Кандай гана сулуу каректер, үнү эле эмес, өзү да сулуу аял турбайбы. Болгондо да косметикасыз, нукура сулуу аял экен, чиркин”.

Тамшана берди. Ушул учурда Эмир чыга калды.

– Сиз кеткени жатасызбы? Эмне мынча шашылыш, мен сизге өз колум менен тамак даярдап жатпадым беле?

– Сенин тамагыңды ким жемек эле?- шылдың кыла сүйлөдү атасы. – Мындай мейманды үйдөгү тамак менен кетирмек беле? Мен азыр...

Айдай анын сөзүн кесе токтотту.

– Рахмат, Эмир, сенин колуңдан сүйүнүп тамак ичмекмин, бирок, өзүң билесиң, кечинде концертке катышам. Ошол үчүн эрте кетишим керек. Эмкиде сенин колуңдан тамак ичем, сөзсүз!- деди Айдай Эмирди мээримдүү карап. Эмир кубана башын ийкеди. Ушул учурда Илим келип калды да, Айдай машинага түшүп кетти.

– Кандай анан? Эмне билдиң?

– Кызыктай үй-бүлө экен. Бир дубал бар, ата менен баланын ортосунда, аял менен күйөөнүн ортосунда. Аял мага уулун аманат тапшырды. Жакында өлөрүн билет көрүнөт. Кызык, эгерде сен жакында өлөрүңдү билген болсоң эмне кылмаксың?

Илим күлүп койду.

– Айтсаң...

– Эң биринчиден балдарымдын келечеги үчүн бир нерселерди кылмакмын го. Андан кийин сени менен көбүрөөк убакыт өткөрөт элем. Анан жашоомдогу бардык адамдарды кечирмекмин. Анан Жараткандан кетирген күнөөлөрүм үчүн аябай кечирим сурамакмын. Билбейм, азыр акылыма келгени ушулар. Чындап өлүм жакындаганда эмне болорубузду бир Кудай билет.

– Кандай болсо да мен бул аялдын суранычын кабылдашым керек.

– Сен өтө боорукер аялсың, жаным. Ушунчалык жардам бергиң келет адамдарга. Мен ушул сапатыңа таң калып бүтө албайм.

– Анткени мен адамдардагы чарасыздык эмне экенин билем. Ошондой учурда адамга бир ооз жакшы сөз айтып койгонуң да чоң жакшылык. Мени ошондой оор абалымда агай тапты, караңгылыктан чыгарды. Өзүмдү өзүмө таанытты. Мен, балким, ошол жакшылыктын кайрымжысын бергим келеттир. Бул жашоодо жакшылык жасоо өзүң үчүн кылган эң чоң бакыт.

Илим ага ыраазы боло карады. Чынында таң кала тургандай аял!

ххх

Ажар менен Айдай жакын болуп кетишти. Айдайдын чын эле кимдир бирөөгө жакшылык кылса жан дили менен берилип жасай турган адаты бар эле. Муну Ажар да сезди. Адатынча Айдай аны көргөнү келди. Дайыма короодон тосуп алчу Ажар бул жолу чыга алган жок. Үй кызматында жүргөн аял анын баса албай калганын кабарлады. Бөлмөсүнө чакырганын айтты. Айдай киргенде кооз бөлмөдө алсыз жаткан экен. Айдайды көрүп сүйүнүп кетти.

– Кел, кел, Айдай. Бүгүн сени келе албай калабы деп ойлодум эле. Эмир фестивалга даярданып жатканыңарды айткан.

– Сизге убакыт табам, Ажар,- деди Айдай жылмайып, ала келген дарыларын сумкасынан чыгара баштады.

– Мына ушуларды тааныштар аркылуу таптым. Мыкты дешти.

– Рахмат! Бирок мага дарылар жардам бербей калды окшойт. Аны кой, мен сага башка бир нерсе тууралуу айтайын деп чакырдым эле. Сени көргөндөн бери сенин колуңдан келбеген эч нерсе жок деп ойлоп баштадым. Ушунчалык күчтүү аялсың!

– Мени тагдырым күчтүү кылды,- деди Айдай жылмайып. – Сен мага эмне айтайын дедиң эле?

– Эмир тууралуу...

Айдайдын жүрөгү дүкүлдөп кетти. Ажар оор улутуна бир саамга унчукпай калды.

– Мен кеткенден кийин ал ого бетер өзү менен өзү болуп калышы мүмкүн. Мүнөзү ошо, ичиндегисин бирөөгө айтпайт. Балким, жаман чөйрөгө кошулуп кетиши да ыктымал. Мен ошондон корком. Өспүрүм курагында бир жолу ушундай топко кошулуп алып, ыйлап жатып араң ал чөйрөдөн сууруп чыккам. Сен ага уруксат бербе. Өнөргө кызыктыр, ырдашына, ошол чөйрөгө кирип кетишине жардам бер. Аны менен сүйлөш. Сенден да качканга аракет кылат, бирок сен ага көңүл бурба. Бир нерсени айтсаң ал моюн толгоп коюшу мүмкүн, андан кийин макул болот. Эмнегедир дароо макул боло койбойт. Жакшы кызга жолукса, үй-бүлө курса... Кичине балдарды аябай жакшы көрөт. Бирок атасы экөөбүздүн жашообуздан улам үй-бүлө кургандан коркот болушу керек. Сен ага жашоодон коркпош керек экенин үйрөтө аласың деп ойлойм. Анткени сен өзүң күчтүү аялсың.

Айдай үн катпай угуп турду да, Ажардын колунан кармады.

– Кам санаба, мен аны өз уулумдай карайм.

Ажар ушул учурда Айдайды кучактагысы келип колун көтөрө берди. Айдай кучакташып жатып анын жаздыгынан бир учу чыгып турган рамканы көрдү. Этине өтпөсүн деп ал рамканы алып коймокчу болду. Сүрөттү оодара берип көзү тумандай түштү. Сүрөттө 17 жыл мурун өзү жоготкон наристе күлө багып карап турган эле!

Көзү караңгылап барып өзүн жоготту.

ххх

Айдай ооруканага бара жаткан машинеде эсине келди. Илим унаасын кутургандай катуу айдап бара жаткан экен. Айдай көзүн ачканда кубанып кетти.

– Эмне болуп кетти, Айдай?

– Мага эмне болду?

– Ажардын бөлмөсүндө эмне болгонуңду билбейм, эсиңди жоготуп коюпсуң. Мени чакыртышты, азыр сени ооруканага алып баратам.

– Токтот, Илим, машинаны токтот!

Илим токтотуп Айдайдын купкуу жүзүнө карап калды.

– Мени алып чыкканда колумда эмне бар эле?

– Эсимде жок. Ошону байкагандай болдумбу, коркуудан алаңдап калдым.

– Рамка, сүрөт рамкасы колумда беле?

– Мен киргенде көргөн жокмун.

– Мен уулумдун сүрөтүн көрдүм, Илим! 17 жыл мурун жоготкон балам сүрөттө мени карап турду. Болгону кийими башка, бирок күлүшү, көздөрү менин балам. Сүрөттө менин балам! Демек, Эмир...

Карбаластап эмне деп жатканын билбей турду Айдай. Баш аламан сөздөрүнөн Илим эч нерсени түшүнө алган жок.

– Макул, азыр шашпа, коё тур. Балким, жаңылышып калгандырсың. Бир курактагы балдар бири-бирине аябай окшош болушат. Муну билесиң да, ээ?

– Жок, жок, ал менин уулум болчу. Сурөттөгү менин уулум. Өз көзүм менен көрдүм.

– Макул, бирок аны дагы бир жолу көрүш керек. Эмирдин кичине кезиндеги сүрөттөрүн Ажардан сурап көр. Болгону шек алдырба, жөн салды гана сураш керек.

– Кайра артка кайталы.

– Жок, бул жолу болбойт, азыр кайра барсак шектенип калат. Жакшысы, эртең экөөбүз чогуу баралы. Ыңгайын келтирип сурайсың. Мен билдирбей телефонго тартып алам, келип аябай жакшылап карап көрөбүз.

Айдай ойлонуп Илимдин айтканын туура көрдү. Бул ишти акырын чечиши керек. Эмир менен апасынын ортосунда аябай чоң байланыш бар. Андыктан акырындык менен, акыл менен чечилиши зарыл. Өх, эртеңки таңды күтүш керек эми...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1057, 10-16-март, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан