Учурда “Агай” сериалы көпчүлүктө кызыгуу жаратууда. Билим берүү системиндеги көйгөйлөр, мектеп окуучуларынын тарбиясы, мугалимдин статусу, айтор, ушул тармактын күнгөй-тескейи чагылдырылган. Сериалдын жаратуучуларын кепке тарттык.
Кимдер жаратты?
Тартылган жылы: 2022-жыл
Режиссёру: Руслан Акун
Продюсери: Максат Болотбеков
Сценарийдин авторлору: Руслан Акун, Мырза Аким
Ролдордо: Бактияр Шаршенбаев, Талыпжан Боронбаев, Адилет Кожобергенов, Мыскал Майрамбек кызы, Айдина Бектурова, Гүлнара Сатарова жана башкалар
Узактыгы: жалпы 11 серия
Кыскача мазмуну
Сериалда 1990-жылдардагы оор учурда алыскы бир айылдагы жөнөкөй мугалим агайдын (белгилүү педагог Гапыр Мадаминовдун мисалында) билим берүүнү жакшыртууга, мугалимдердин кадыр-баркын көтөрүүгө кылган далалаты сүрөттөлөт. Бир күнү агай мектептеги мугалимдерге эксперимент катары окутуунун жаңы ыкмаларын колдонуп көрүүнү сунуштайт. Бирок сунушу колдоо таппайт. Ошондо окуучуларга жаңы ыкмада билим берген заманбап билим берүүчү гимназия түзүүнү чечет. Бирок буга уруксат алуунун өзү азап болчу, толгон токой документ, тиешелүү органдардын макулдугу керек эле. “Баары бир ача албайсың”, “гимназиянын кимге кереги бар?” деген сөздөргө, ар кандай тоскоолдуктарга карабай агай айылдан Бишкекке жөнөйт. Министрге кире албай 5 күн убактысы кетет, эптеп министрге кирип, лицензия алууга жетишет. Тилекке каршы, бул тоскоолдуктардын биринчи гана толкуну эле, көйгөйлөр биринин артынан бири чубалып чыга берди. Ошентсе да агайдын идеясына ишенген, кол кабыш кылган алгачкы адамдар пайда боло баштайт. Сюжет андан ары кандай өнүгөрүн айтпай туралы, окурман. Кептин нугун тасманын жаралышына негиз болгон каарманга буралы.
Режиссёрду таасирленткен каарман
Сериалдын жаратуучусу, режиссёр Руслан Акун “Гапыр Мадаминов агайдын баскан жолун укканда ушунчалык таасирлендим, бул окуяны элге айтып берүүгө шыктандым. Ушундай агайлар жана ага тилектештер барда үмүтүбүз үзүлбөйт” дейт.
“Башында таптакыр башка сценарий болчу”
Тасманын аткаруучу продюсери Азиза Халбековадан маалымат алдык:
– Сериалды тартуу идеясы кантип жаралды?
– “Акыркы сабакты” тарткандан кийин Руслан Акундун кийинки идеясы мугалимдер жөнүндө сериал тартуу болчу. Аны ишке ашыруу үчүн 2022-жылы командабыз менен билим берүүдөгү көйгөйлөрдү изилдедик. Эксперттер менен сүйлөшүп, пикирлерин угуп, анан сценарий жазыла баштаган. Башында такыр башкача сценарий болчу. Кадимки көркөм тасма тартылмак, андагы каармандардын прототиби жок эле. Сценарий жазылып бүткөндөн кийин окуп көрсөк, реалдуулукка үндөшпөй калгандай сезилди. Тасмабыз көрүүчүлөрдүн купулуна толобу деген суроо пайда болду. Биз изилдөө жүргүзүп жатканда Гапыр агай, анын эксперименталдык мектеби тууралуу билгенбиз. Анан Руслан Акун “эмнеге бизде ушундай даяр мисал турса, жасалма сценарий издеп жатабыз?” деди. Ошентип чыныгы окуянын негизинде сценарий жазмак болдук да, Гапыр агай негизги прототип болуп тандалды. Албетте, Гапыр агайдан, үй-бүлөсүнөн макулдук алдык.
– Тасма кайсы айылда тартылды?
– Тоң районундагы Бар-Булак, Тоң жана Кажы-Сай айылдарында тартылды. Тасмада сүрөттөлгөн гимназия негизи Баткендин Жаштык айылында жайгашкан. Албетте, биз Баткенге барып тартсак болмок, бирок ошол убакта Баткенге кол салуу башталып кетти. Тартуучу топтун, актёр-актрисалардын коопсуздугун карап, Ысык-Көлдөн тартмай болдук. Карасак, айылдарыбыздын баары окшош эле экен, 90-жылдардан бери эч нерсе деле өзгөрүлбөптүр. Сериалда 1990-2000-жылдар чагылдырылат да, 20 жыл мурунку көрүнүштү чагылдыруу кыйынга турган жок.
– Актёрлор кантип, кандай критерийлер менен тандалды?
– Тасманы октябрь-ноябрь айларында тарттык, ага чейин даярданып жүргөнбүз. Эң кыйыны – башкы каарманды тандоо болду. Анткени Гапыр агайдын мүнөзүн, жасаган жумуштарын, эң негизги идеясын бере алчу 40 жаштагы актёр керек эле. Башкы каармандын ролуна кастингге 10-15 чакты белгилүү актёрлор катышты, бирок окшошпой жатты. Ал эми башкы каарманды ойногон Бактияр Шаршенбаев “Акыркы сабакта” да мугалимдин ролун аткарган. Аны башында эле ойлоп, бирок жаш курагы үчүн тандаган эмеспиз. 40 жаштагы башка актёрлор биз каалагандай образды бере албай жатышты. Акыры грим аркылуу Бактиярга 10 жаш кошуп көрдүк. Окшошту, видеосыноодон өтүп, тартуу иштерине 5 күн калганда башкы каарманыбыз тандалды. Тартуу иштери 2 айга созулду. Тоң районунда октябрдан тарта эле суук боло баштайт эмеспи, тартуу учурунда сүйлөсө оозунан буу чыгып, кээде кар жаап, аба ырайы жүдөткөн учурлар болду. Башкы каармандын гримин улам жаңылап жаттык. Бул автобиографиялык сериал болгону менен, мааниси терең. Эң негизги идеясы – балдарды биз кантип билим алууга кызыктыра алабыз, мугалимдердин устаттык өнөрүн, кадыр-баркын, имиджин кантип көтөрө алабыз, балдардын окуусуна кантип ата-энелерди көңүлүн бурдуруу керек дегенде жатат. Анан албетте, андай көйгөйлөрдү кантип чечүүгө болот дегенге да жооп изделген үй-бүлөлүк сериал.
Гапыр Мадаминов деген ким?
Гапыр Мадаминов 1958-жылы Баткен облусунун Сүлүктү шаарында туулган. Кесиби - тарых мугалими. 1976-жылдан тарта мектептерде мугалим, усулчу, бөлүм башчы болуп иштеп, 1996-жылы Лейлек районунда №3 эксперименталдык гимназиясын ачкан. Учурда аталган гимназиянын директору, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими. “Билимге сапар”, “Устаттык өнөр” сыяктуу китептердин автору. Кыскача айтканда, билим берүү системине тоодой салымын кошкон, өлкөбүздө миңдеген мугалимдер үлгү туткан агай.
“Гапыр агайдын мүнөзү сценарийди окуганда эле түшүнүктүү болду”
Сериалда башкы каарман Гапыр агайдын ролун аткарган актёр Бактияр Шаршенбаев буларды айтат:
– Башкы каармандын образына эмнеге мени тандап алышканын билбейм. Сунушташты, макул болдум. Гапыр агай менен таанышып, жолуга элекмин. Кудай буюрса, алдыда жолугушабыз деп ойлойм. Агайдын мүнөзү, кандай адам экени сценарийди окуганда эле мага түшүнүктүү болду, ал эми сүйлөгөнүн, баскан-турганын окшоштуруш биринчи максат болгон жок. Анткени ал адамды дал өзүндөй туурайм десем, тескерисинче, жарашпай калмак. “Кино – кыйноо” деп бекеринен айтылбаса керек, кино тартуунун, киного тартылыштын өзүнүн кыйынчылыктары, артыкчылыктары болот эмеспи. Режим бузулат, уйкуң канбай калат, ысык-суук деген сыяктууларды эске албаганда, андай деле кыйынчылык болгон жок. Роль аткарууда деле бир кадрды кайра-кайра тарттырып режиссёрду кыйнаган жокмун.
Гулийпа Маметосмон кызы