"Күйөөм 1 күнгө үй иштеринен бошотту деп сүйүнгөн айымдарды көрүп жүрөгүм ооруду”. АТАКТУУЛАР 8-МАРТ ТУУРАЛУУ

8-март – Аялдардын эл аралык күнү 50 жылдан бери расмий түрдө белгиленип келет. Тилектештик, тең укуктуулук үчүн күрөшкөн аялдардын урматына арналган бул майрам КМШ өлкөлөрүндө өзгөчө майрамдалат. Убакыттын өтүшү менен көз караштар өзгөрүп, акыркы жылдары “аялдар жылына 1 күн эмес, ар дайым сыйланууга укуктуу” деген түшүнүк тамыр жайып баратат. 8-март, анын мааниси жөнүндө атактуулардын пикирин угуп көрөлү.

Кыяс Молдокасымов, тарыхчы: “Кыргыз аялы ар дайым урматталып келген”

– Аялзаты кыргыз элинде ар дайым урматталып, коомдо татыктуу орун ээлеп келген. 19-кылымда Кыргыз жерин кыдырган чет элдик коноктор да кыргыз айымдарына суктанышып, алар тууралуу жылуу сөздөрүн айтышкан. Эл башкарган эрендердин акылына акыл кошуп, журт башкарган айымдар көп чыккан кыргыздан. Дастандарда, элдик чыгармаларда аялзатынын даанышмандыгы, кара кылды как жарган калыстыгы, тапкычтыгы, айлакерлиги даңазаланат. Кыз Сайкал, Каныкей, Айчүрөк, Акыл Карачач, Айганыш, Жаңыл мырза сыяктуу кыргыз кыздарынын жандуу образы менен жаңы муун тарбияланган. Тарыхта урукка, урууга, бир аймактын элине башчылык кылган кыргыз аялдарынын ысымдары көп кездешет. Бирок коммунисттик доордо алар тууралуу сөз кылуу мүмкүн эмес эле. Кыргыз аялдары төңкөрүшкө чейин коомдо укуксуз, күң катары жашаган деген көз карашты даректүү жазмалар төгүнгө чыгарып отурат. Тарыхый булактарда кыргыз аялдарынын ачык-айрымдуулугу, эл башкаргандыгы, коомдук иштерге активдүү катышкандыгы айтылат.

1896-жылы Ош, Алай аймагына келип кеткен италиялык саякатчы Феликс Рокко кыргыз аялдары тууралуу минтип эскерет:

"Абдан өнүккөн маданияттуу элдерде да кыргыздардай өз ата-энелерин, аялдарын урматтагандар аз кезигет. Кыргыз аялдары эч качан басынтылбайт, тескерисинче, өз эркектери менен тең укукка ээ болушат. Үй-бүлө, уруу маселелери чечилип жатканда аялдардын да ою сөзсүз эске алынат. Байыркы авторлордун Каспий боюнда көчүп жүрүшкөн амазонкалар тууралуу аңгемелери кыргыз жана түркмөн аялдарынын ат үстүндөгү турмушун элестетет. Эрктүүлүгү жана акылмандыгы менен Азия талааларынын аялдары 13-кылымда эле Туран өлкөлөрүнө саякатка барышкан европалыктарды таң калтырган".

Айтор, кыргыз аялдарынын тарыхтагы орду тууралуу айтыла турган сөздөр али алдыда. Ар дайым 8-марттын алдында мени ушул ойлор түйшөлтөт, кыргыз айымдарынын улуулугуна таазим этем.

Гүлшан Молдоева, диктор: “8-март күнү алган энергия аялга 365 күнгө жетет”

– Күн сайын аялдардын күнү деп майрамдай берсек, анда ким иштейт? Баа-баркыбыз кетет, кереги жок (күлүп). Ансыз да бизде майрам көп. Бир жылда бир өзгөчө майрамдап, бул күнү назик, мээримдүү, сүйүктүү зат экенибизди эске алып койгонубуз ашыкча болбойт. "Жаздын бир күнү жылга тете" дегендей, 8-март күнү алган энергия 365 күнгө жетет. Ар бир күндү жакшы маанайда өткөрүү, бекем ден соолукта болуунун өзү майрам. Бул ар бир аялзатынын өзүнүн колунда.

Гүлдөрдү абдан жакшы көрөм, өзүм да өстүрөм. Аларды кароодон аябай ырахат алам. Андыктан 8-мартта алтын-күмүш, акчадан да, мен үчүн гүлдөр баалуу болот.

Назира Айтбекова, алпаруучу: “Аялдын көңүлүн алыш үчүн бир күндү күтүү туура эмес”

– Бул күнү эмнегедир эч кимден белек күтпөйм. Мен үчүн ар бир күн майрам. Ушунча жылдан бери майрамдалып, адатка айланып калгандыктан элге кошулуп белгилеп коюшум мүмкүн. Аялдын көңүлүн жибиткиси келген эркек, энесинин көңүлүн алгысы келген бала 365 күндүн бир күнүн күтпөйт. Бул эми үй-бүлөдөн, ар бир адамдын өзүнөн көз каранды нерсе.

Айсулуу Алмаз, блогер: “Аялды 1 күн үй жумушунан бошотуу белек эмес”

– Социалдык тармактардан "8-мартка карата мага белек кылып, үйдүн бүт жумуштарын жолдошум жасап жатат, ал тургай балдарды да карашты, түштө бир аз уктадым" деп кубанган аялдарды көрүп жүрөгүм ооруду. 365 күндүн ичинен 1 күн үй иштерине каралашып койгону үчүн аял күйөөсүнө суктанууда. Коомдун абалы ушулбу? Азыр 21-кылым, эркек сырттын жумушун жасайт, аял үйдүн ишин кылат деген түшүнүктөн элдин бир бөлүгү эбак эле арылган.

Илгери жумуштардын көбү кара күчтү талап кылгандыктан эркектер сыртта, аялдар үй жумушу менен алек болушкан. Азыр шаарларда жашоо андай эмес да. 8-март жөн эле майрам эмес, жүздөгөн жылдар бою аялдын коомдо тең укукка ээ болуусу, сөз, кыял, каалоо эркиндиги үчүн күрөшүп келе жаткандардын күнү. Анан 8-март күнү аял “менин укуктарым тебеленбей элеби?, кантип жашоомду жакшы жагына өзгөртө алам?” деген суроого жооп издегендин ордуна, “үй жумуштарынан 1 күнгө бошодум, бул сонун белек” дегени туура эмес.

Турсунай Алымкулова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1057, 10-16-март, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан