Мусалы Иманалиев: “АРАКЕЧТИК ӨЗ БАШЫМДАН ӨТКӨН, СЕЛСАЯКТАРДЫ МЕНДЕН ЖАКШЫ ЭЧ КИМ ТҮШҮНБӨЙТ”

Бүгүнкү каарманыбыз Мусалы Иманалиев Сокулук районунун Кызыл-Туу айылында селсаяктар баш калкалоочу жайды негиздеп 400дөн ашык селсаякты “дарылаган”. Каарманыбыз өзү да кезинде турмуштун сыноосуна чыдабай аракечтикке берилип, көчөдө селсаяктар менен чогуу жашап калганын айтат. “Селсаяктардын абалын мендей эч ким түшүнбөйт, аларга болгону түшүнүү менен мамиле кылып, 100 грамм жинди суу берип койсоң бактылуу. Мен ал адашкан жолдон кантип чыгууну билдим, азыр селсаяктарга аракечтиктен арылууну үйрөтүп жатам”, - деген каарманыбыздын баянын окуп коюңуз окурман.

“Жумуштан чыгып кеткенден кийин селсаякка айландым”

– Мен милицияда 10 жыл иштеп, жетекчилер менен келише албай калып жумуштан чыгып кеткем. Ачууну ачуу басат деп бош жүргөндө ичкиликке аябай берилип кеттим. Үй-бүлөмдөн ажырап, Токмокто селсаяктар менен көчөдө жашап калдым. Досторумдун баары селсаяктар. Бири-бирибиз менен сырдашып калганда баары эле “ыя, Мусаке, кантип таштайбыз аракты? Оңой жолу барбы, кантип кадимки жашообузга кайтып барсак болот?” деп сурап калышчу. Өзүм селсаяк болсом да аларга акыл үйрөтүп, мотивация берип коём десең. “Ичпегенге аракет кылып көрүш керек, бир күн ичпей кой, эки күн ичпей кой, акырындан таштаса болот да” деп кеңеш берчүмүн. Бир күнү айылга апама бардым. “Апа, бир бөтөлкө арак алып берчи, абдан ичким келип жатат” дедим. Апам менин абалымды көрүп “балам ай, арагыңды качан таштайсың? Улуу балам сен болсоң, ушинтип качанга дейре жашайт болдуң экен” деп кейип калды. Эне да байкушум, мени аяп аракка акча берди. “Таштайм, апа, таштайм, көрөсүз” деп дагы адатымча убада бердим. Ошол күнү арак сатып алып тоого чыгып кеттим. Ичип жатам, шолоктоп ыйлап да жатам. “Кудай, уксаң боло мени, мени ушул жинди суудан куткарчы. Баарын угасың, эмнеге мени укпайсың, мени мурунку жашоомо кайтарчы” деп буркурап кыйкырып ыйлап жаттым. Ичимде топтолгон арман-бугумдун баарын төктүм. Бир маалда жаткан бойдон эле тынып калдым, бир аз уктап эсиме келсем жүрөгүмдө кубаныч, өзүмчө эле жыргап калыптырмын. Турдум да “Кудай, рахмат сага, мына мен муну таштадым" деп колумдагы бөтөлкөнү ыргытып жибердим. “Кудайга үнү жетти” деп коюшат го, ошол күнү менин үнүм Кудайга жетиптир, ошондон кийин такыр ичкен жокмун.

“Жубайым менен жарашып, кадимки турмушка кайтып келдим”

– Токмоктун четинде жашаган үй-бүлөмө барып аялыма “мени кабыл ал, мен аракты таштадым” дедим. Мен жатчу керебетте төшөк салынып турган экен, барып эле куладым. Эртеси ойгонсом абалым начар, арак ичким келет калчылдап. 3-4 күн ошентип кыйналып, анан көнүп кеттим. Бирок селсаяк достор келе берип аялымды тажатып жиберишти. Акыры “бул жактан көчүп кетпесем болбойт” дедим. Үй-бүлөм менен шаарга келе бердик. Шаарга келгенде селсаяктарды көрсөм боорум ооручу, кээ бири менен сүйлөшүп арманын укчумун. “Жүр үйгө, ысык чай, шорпо ичип кет” деп чакырып тамак берем. Ошентип шаардагы селсаяктардын баары мени таанып калышты. Аларга өз окуямды айтып “мен да силердей болуп жүрүп айыккам” дейм. Алар таң калышат. Айтор, аларга мотивация берип жүрүп селсаяктарга баш калкалоочу жай ачуу идеясы келди.

“Селсаяктын баарын чогултуп жатат деп кошуналар чочулашты”

– Кийин Сокулуктун Кызыл-Туу айылында отун иштеп чыгарган ишканага кароолчу болуп орношуп, ошол айылда үй-бүлөм менен жашап калдым. Короо-жайы кенен жер экен, селсаяктарды алып келип “дарылай” баштадым, ысык тамак берем, таза абада сейилдешет, тоого чыгышат. Анан кошуналар кооптонуп “сен эмне селсаяктардын баарын үйүңө чогултуп жатасың, кантип оокат кылып жатасың, бирөөнүн буюмун уурдайт булар” деп милиция чакыра башташты. Ошондо атайын коомдук бирикме ачайын, милициялар тынч коюшсун деген ой келди. “Ыйык рух” деген коомдук уюм ачтым, иштеп жатканыбызга быйыл 19 жыл болду. 410дон ашык адам аракечтикти таштап, кадимки жашоосуна кайтышты. Арасында азыр Бишкекте абройлуу дарыгер болуп иштеп жүргөнү бар, дагы бир кардарым юрист болуп иштеп жүрөт, Москвада иштеп бутуна туруп ал жактан үй алгандары бар. Айтор, селсаяктарды кадимки жашоосуна алып келүү, адашкан жолунан түз жолго буруу менин миссиям экен, ошону аткарып жатам. Биздин баш калкалоочу жайда сүйүшүп, үйлөнгөндөр бар. Кийин чет өлкөлүк жарандардын жардамы менен отун иштеткен ишкананы 13 миң долларга сатып алдым. Учурда 8 селсаяк баш калкалайт. Алардын тамак-ашы бүт менин эсебимден. Тоодо мал-жандыгым бар, сүтүн, этин сатып тиричилик кылып жатабыз.

“Интернетте популярдуу болгон Толикти көчөдөн таап келгем”

– Өзүмдүн 5 балам бар, алар деле биздин үйдөгү селсаяктар менен аралашып чоңоюшту. Менин жумушумду түшүнүү менен кабыл алышат. Интернетте популярдуу болгон Толикти мен көчөдөн таап, апасы экөөнү үйгө алып келгем. Кийин апасы бул жактан бир жигит менен таанышып турмушка чыкты. Өзүм нике шакектерин алып берип, бир козу союп тоюн өткөрүп бердим. Бирок Толикти өгөй атасы батырган жок, тынбай биздикине келе берчү. Кийин апасы интернатка тапшырам дегенде “мен багам, сен бакпасаң кой” деп өзүм алып алдым. Жакында катуу ооруп калганымда Толик мени ооруканада карап жатты. “Ата, үйгө барганда жылуу жат, тоодогу малдарыңды коё тур” деген. Кайдан, ооруканадан келип эле жаман унаамды айдап тоого чыгып кеттим. Мен жатып көнгөн эмесмин балам, короо-жай кенен, мал-жандык карап, унаа оңдоп жаным тынбайт. Бул жактагы кардарларым менен күндө чогулуш өткөрөм, аларды дарыгерге көрсөтөм, бекерчиликти жаман көрөм.

“Селсаяктарды да иш менен алек кылсам дейм”

– Менин ой-кыял, максатым – ушул жерде дарыланып жаткан селсаяктарды иш менен камсыз кылуу. Тигүү цехиби же майда-чүйдө тиричилик буюмдарын чыгарган ишканабы, айтор, биз иштеп өкмөткө берип, өкмөт бизге “ушул буюмдарды чыгарып бергиле деп буюртма берсе” сонун болмок. Анткени байкуштар эртеден кечке бекер отурушат, кичине өздөрүнө да тыйын-тыпыр таап калмак. Бул коомдук бирикмени чоңойтуп, чоң реабилитациялык борбор кургум келет. Анда дарыгер, психолог, ашпозчусу баары болсо дейм. Бул эми жөн эле кыял, аны ишке ашырууга азырынча менде каражат жок. Өзүм да улам ооруп ден соолугум жакшы эмес. Мурун бул жактан каза болгондорду өзүм жерге берет элем. Азыр андай шартым жок, милиция чакыртып, өкмөткө өткөрүп берем. Бир жолу бул жердеги селсаяктар баш калкалоочу жай салынып бүткөндө Сокулук районунун акими келип сыналгы, муздаткыч, кир жуучу машина белекке берип кеткен. Буга чейин 3 аким мени мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүп, бирок жогорку жактагылардын макулдугун ала албай коюшуптур. Кимиси каршы чыкканын билбейм деле. Селсаяктарды дарылоо, айыктыруу азыр мамлекетке пайдалуу иш деп эсептелбейт окшойт. Мейли, жасаганым Кудайга жакса болду.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1057, 10-16-март, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан