Насип Мырза, ырчы: «РЫСПАЙ АБДЫКАДЫРОВДУН НЕБЕРЕСИМИН»

“Сызылбай ичтен батынайынбы?

Сырымды айтып ачылайынбы?

Сен турмуш куруп кеткенден бери

Кыйналып жүрөм, бакырайынбы?” деген ырды сиз да угуп калсаңыз керек. Бүгүн дал ушул ырдын обонун жараткан мырза, ырчы, обончу Насип Мырза менен таанышабыз.

НАСИП МЫРЗА

Туулган жылы, күнү: 1995-жыл, 25-март

Туулган жери: Ош облусу, Кара-Кулжа району, Кызыл-Булак айылы

Бою: 180 сантиметр

Салмагы: 70 килограмм

Хоббиси: Китеп окуу

Үй-бүлөлүк абалы: Бойдок

Билими: Ош шаарында Ниязалы Борошов атындагы музыкалык окуу жайдын опералык вокал, жеке ырдоо бөлүмүн бүтүргөн

Репертуарындагы ырлары: “Бакырайынбы?”, “Унутам, эркем”.

– Саламатсызбы, Насип Мырза? Алгач таанышып алалы...

– Саламатчылык. Атым Насип, фамилиям Мырзалиев. Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун Сары-Булак деген айылында төрөлгөм. 6-класска чейин ушул айылдагы Каримжан Чаргынов атындагы мектепте, 9-класска чейин Шарип Жээнбеков атындагы орто мектепте окудум. Андан кийин Оштогу Ниязалы Борошов атындагы музыкалык окуу жайды 2 жыл аккордеон, 3 жыл опералык вокал жаатында окуп бүтүрдүм. Учурда Москва шаарындамын. Азырынча бойдокмун, буюрса, быйыл күзүндө үйлөнөм деп турам.

– Чет жерге качан кеткенсиз? Эмне жумуш кыласыз учурда?

– Бул жакка 2016-жылы келгем. Башында ар кандай жумуштарда иштеп жүрдүм. Азыр баш отум менен чыгармачылыкка киришип, жалаң чыгармачыл чөйрөдө жумуш кылам. Ырдайм, ар кандай концерт, иш-чараларга катышам.

– Билишимче, айтылуу Рыспай Абдыкадыровдун небереси болосуз?..

– Ооба, Рыспай Абдыкадыровдун небереси болом. Үчүнчү кызы Гүлжамал Абдыкадырованын баласымын.

– Таятаңыз тууралуу эмнелерди айта аласыз, мисалы, мүнөзү тууралуу...

– Таятам кылымда бир жаралчу талант, залкар. 1994-жылы каза болгон, а мен 1995-жылы төрөлгөм. Угушумча, бала кыял, ак көңүл киши болуптур. Таятамдын бала кыял экенин билдирген бир кызык окуясын айтып берейин. Бир жолу шаардан Кара-Кулжага ата журтуна бармак болот. Аны келет деп тууган-урук, айылдагылар кой союп, казан асышып чогулуп күтүп отурушса жок дейт, кечигип күттүрөт. Ал көбүнчө боз түстөгү костюм-шым кийип жүрчү экен. Бир убакта ошол костюм-шымы чылгый суу болуп келатат дейт. Көрсө, жолдо баратса балдар айылдын четиндеги арыктын суусун тосуп алышып, жуунуп ойноп жатышкан экен. Ошол балдарга кошулуп ойноп кетиптир. Бул жакта аны баары күтүп жатышат, ал болсо балдар менен ойноп жүрөт...

Таенемдин айтымында, таятам Оштогу музыкалык факультетте мугалим болуп иштеп жүргөн кезде татынакай кыздарды көрүп эле ыр жаза берчү экен. Таятам 3 жолу үйлөнгөн да, мен биринчи аялы Тоту таенемдин небересимин. Бир жолу таенем экөө сейил бакты аралап жүрүп эле бир маалда таятам жүгүрүп кетип калыптыр. Таенем эмне болду экен деп артынан чуркап барса, ал киши колунда кагаз, ручкасы жок, бир ырдын саптарын эптеп даракка жазып жатыптыр. Менимче, таятам ар убакта изденүүнүн үстүндө жүргөн.

– Канча бир туугансыз?

– 6 бир тууганбыз, 3 уул, 3 кыз. Мен экинчисимин. Апам үй кожойкеси болду өмүр бою. Атам сүрөтчү, аты-жөнү Жылкычы Мырзалиев. Атам бир топ жыл өзүбүздүн айылда мугалим болуп, кийин айыл өкмөттө иштеди. Азыркы убакта атам, апам, бир туугандарым баарыбыз Москвадабыз. Буюрса, жакынкы күндөрү Кыргызстанга кетели деген оюбуз бар.

– Жакшы. “Бакырайынбы?” ырынын жаралуу тарыхына токтолсок...

– “Бакырайынбы?” ырынын текстин Акжол Дооронбеков агабыз жазган. Ал текстти мен сайттардын биринен көрүп калып жактыргам. Анан бир күнү отуруп аккордеонго салсам эле обону чыгып калды, ошентип жаралды. Балким, бирөөгө арнап чыгаргандырмын (күлүп). Тамаша, жөн эле чыгармачылык эргүү менен жаралган, 2019-жылы июнь айларында жазылган. Мындан тышкары “Унутам, эркем” деген ырым да жакшы тарап жатат. Өзүмдүн 9га жакын автордук чыгармам бар, азырынча жакшы тараганы экөө. Буюрса, алдыда клиптерди тартабыз. Орозодон кийин Москва жана Санкт-Петербург шаарларында концерт коём.

– Ырларыңыздын обонун өзүңүз жаратат экенсиз, обон кандай учурда жаралат?

– Мага жаккан текстти окуп калсам обон жаралат, текстти окумайынча обон жарата албайм. Бир ырдын үстүнөн 2-3 ай иштейм. Ар кандай убактарда эргүү келет, маанай жокто, маанай жакшы учурда, жан дүйнөм тынч абалында деле келе берет.

– Ырчынын куралы үн. Сиздин оюңузча, ырчыда дагы кандай сапаттар болушу керек?

– Ырчы мыкты добушу бар, өзүнүн үнү менен жан дүйнөсүнүн абалын айта алган киши. Ырчы биринчи адамгерчиликтүүлүктү, жөнөкөйлүктү бийик тутуш керек. Ар кандай кырдаалда, эмне тоскоолдук болбосун мыкты ырдаганга даяр турушу зарыл. Анан жандуу ырдай алышы керек азыркы талапка жараша.

– Сиз ушул талаптарга жооп бересизби?

– Албетте.

– Москвадан ырчы катары калыптануу кыйынбы же тескерисинчеби?

– Негизи Москва аудиториясында деле ырдап көтөрүлгөнгө болот. Азыр мурункудай радиодон же телеканалдан чыгып таанылыш керек деген нерсе жок да. Ар кимдин өз алдынча өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү аябай көп. Социалдык желелер аркылуу таанылууга жакшы мүмкүнчүлүктөр бар. Ошентсе да баары бир Кыргызстанда иштеген, кыргыз элине ырдап кызмат кылган жакшы. Бул жакта 1 миллион кыргыз болсо, Кыргызстанда 8 миллион кыргыз угат да.

– Сизге эркин микрофон...

– Дүйнөдө тынчтык болсун. Тарыхы узун алакандай кыргыз элибизде токчулук, молчулук болсун, алдынкы мамлекеттин катарын толуктасын. Өзүмдүн чыгармаларым менен кыргыз элибизди кубантууга, угармандардын жан дүйнөсүнө ырахат тартуулоого аракет кылам, буюрса. “Супер-Инфо” гезитине терең ыраазычылык билдирем, бар болуңуздар!

– Рахмат, чыгармачылык эргүү каалайбыз сизге!

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1057, 10-16-март, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан