ОЮНДУН ОТУНА КҮЙГӨН СУЛУУ

Сулуулук, көркөмдүк, кооздук... Кимдин гана көңүлүн бурбайт, суктантпайт, тамшантпайт. Көз жоосун алган сулуулукка баарыбыз суктанабыз. Буюм болсо кармап көрүп, ээлик кылсак дейбиз, гүл болсо үзүп алып жыттап, ырахаттанып, аны кыйнагысы да келет. Аялзатына айрым мырзалар дал ушундай мамиле кылат. Ушундай мамиленин курмандыгы болгон бир сулуунун баяны.

Кыз абдан чырайлуу, келбеттүү эле. Кичинекейинен жакындары, көргөндөрдүн баары анын тептегерек кара көздөрүнө суктанышчу. Кара көз, чекчек көз деп эркелетип коюшчу. Кыз бойго жеткенде чырайы ого бетер жүзүнө чыгып, аны көргөн ар бир көз узата карап, бир суктанып алар эле. Аты Назик, атына-заты жарашкан гүлдөй назик жан. Үйдүн жалгыз кызы болгондуктан, ата-энеси алаканына салып бөпөлөп үлп эткен желден, түз тийген күн нурунан коруп өстүрдү. Жок деген нерсени билбейт, себеби анын көңүлүн оорутуу деген түшүнүк анын акылында жок. Ал үчүн дайыма жашоо жашыл чырактарын күйгүзүп турушу керек эле. Ал ушундай гана жашоону билчү. Мектепти аяктап, Бишкекке келип студенттик жылдар башталды. Назик бат эле окуу жайдагы жигиттердин көзүнө илинди, сүйүү каттары сабалап келе баштады. Курсташтардан, чоң курста окугандардан, атүгүл башка факультеттердин жигиттеринен да каттар келип жатты. Аны менен катар гүлдөр, шоколаддар байма-бай келет. Бир күнү сабак аяктап калганда тайпалаш курбусу кучак толо гүл көтөрүп келип Назикке берди да:

– Назик, аудиторияга жуучулар көп келчү болду го. Бирин тандап башкасынын демин суутпайсыңбы? Сага баарын күчүктөй кылып ээрчитип жүргөн жагып калды көрүнөт, ээ? Сага кат ташыганым үчүн аз күндө айлык акы сурап баштайм,- деп күлүп калды курбусу.

– Ээрчисе ээрчийт. Менин эмнем кетип жатты эле? Бирөө менен кафеге, бирөө менен клубга, бирөө менен киного барып жүрө берем...

– Бизди деле бирден ээрчитип алчы...- кыздардын күлкүсү аудиторияны жаңыртты. Назик чындап эле тамаша кебинин артынан түшүп, сөз айтып жүргөн жигиттердин баарына жолугушууга бара берди. Эки жакка басканы көбөйдү.

xxx

Ушундай күндөрү Назикке сөз айтып жүргөн Тимур жана Эрик деген эки жигиттин ортосунда катуу тиреш башталды. Назик кимди тандаса, бири-бирине айдап жүргөн унааларын берүүгө мелдеше кетишти. Экөө тең кыздын көңүлүн алуу менен алек болуп жатышты. Бул учурда кыз да өз оюнун улантып экөө менен тең жолугушуп жүрө берди. Бир күнү Тимур менен клубга жөнөдү. Бул күн өмүрүндөгү каргашалуу күн болорун кыз кайдан билсин? Мелдештин кызыгына кирип алган Тимур Назикти кандай жол менен болбосун өзүнүкү кылып алууну көздөдү. Кыз бийлеп жүргөн маалда анын шарабына уктатуучу дарыны байкатпай кошуп койду. Назикти Тимур ушундай жол менен тузагына түшүрдү. Жанында уктап жаткан Назик менен сүрөткө түшүп, “айттым беле меники болот деп, машинаңды даярдай бер” деп Эрикке жазып жиберди.

xxx

– Аа-аа,- кыздын бакырган үнү бөлмөнү жарып кетчүдөй чыкты. Бөлмөдө жалгыз өзү калыптыр. Денеси эле эмес, жан дүйнөсү жанчылып бакырып, боздоп ыйлап жатты. Көп узабай бөлмөнүн каалгасын тыкылдатып бир аял кирип келди.

– Ай, кыз, эмне бакырасың? Коноктордун баарын чочутуп. Убактыңар бүттү, чыгышың керек,- деди. Кыз аялдын сөзүн деле уккан жок. Бүрүшкөн бойдон жата берди. Кыздын көк ала колдорун, тытылган кийимдерин көрүп аяп кетти да, жанына басып барды.

– Алданган экенсиң да, тур кийин эми, боздосоң да артка кайтууга жол жок. Андан көрө өзүңдү колго алып, жашооңду улант,- деп кызга кийинүүгө жардам берип, кийим-кечегин түзөп кийгизди.Мейманканадан ээрчитип чыгып, таксиге отургузуп эшигин жапты да, кызды аяй башын чайкаган бойдон узата карап калды. Кыз эжелерине көрүнбөй бөлмөсүнө кирип кетти, күн бою сыртка чыккан жок. Табитим жок деп тамактанууга да барган жок. Өзүнө кол салуу тууралуу гана ойлонуп жатты. Назик бул күндөн тартып кескин өзгөрдү. Баягы шайырдыгы калып, өтө түнт болуп кетти. Эжеси анын университетке барбай жатканынан эле бир нерсе болгон деп тынчсызданып суракка ала берди.

– Назик, сага эмне болду? Ооруну жашырсаң өлүм ашкере кылат дейт. Эмне болсо да айт жашырбай, бир жолу табылар,- дей бергенинен акыры кыз болгон окуяны төкпөй-чачпай айтып берди.

– Мен сага айткам көп баспа, эч кимге ишенбе деп. Ушуну көрмөксүң, азыркы балдардын бир көздөгөнү эле төшөккө сүйрөмөй да. Байкем-жеңемдер билсе эмне болот? Алар сени мага ишенип табыштабады беле...- эжеси бир топко сүйлөп токтоду.

– Кел бери, ансыз да кебетең кетип, көзүңдүн нуру өчө түштү,- кызды көкүрөгүнө басып бекем кучактап чачынан сылап кыз менен кошулуп бышактап ыйлап жатты.

xxx

Көп узабай Назик сөз айтып, үйлөнүү сунушун киргизип жүргөн Болот деген жигитке макулдугун берип, ата-энесинин «оку, турмушка чыгууга али эрте» дегенине карабай турмушка чыкты. Кызынын минтип тандоо жасоого мажбур болгонун ата-эне кайдан билсин? Бул тандоосу да жаңылыш болгон бейм, турмуш да Назикке артын салды. Күйөөсү жакшы жумушта иштеп, үйгө баарын алып келгени менен, кызыл камчы чыкты. Назиктин ар бир ишинен кемтик таап, болбогон майда-чүйдө үчүн кол көтөргөн адат таап алды.

– Сен менин акчама карап тийдиң беле, мына акча таап келип сени багып жатам,- деп чыр чыгарат. Кааласа эшикке сүйрөп чыгып салат, кааласа жип менен таңып алып сабайт. Бир нерсе деп ооз ачса «сен мага абийириң менен тийген эмессиң» деп Назикти баш көтөртпөйт. Назик дагы ар дайым өзүн күнөөлүү сезип, күйөөсүнүн ур-тепкисине чыдап жүрө берди. Күйөөсүнөн корунуп жүрүп бир жыл билинбей өтүп кетти. Балалуу болуп калсак токтолор деген ойдо жашап, кош бойлуу болушун күтүп жүрдү. Кудай анын тилегин берип кош бойлуу болду, уулу төрөлдү, өнөрү чыгып көзгө сүйкүм көрүнүп калды. Бирок бул нерсе күйөөсүнүн кызыл камчылыгын токтото алган жок. Катуу сабалган күндөрдүн биринде Назиктин апасы күтүлбөгөн жерден үйгө келип калды. Кызынын көк ала болгон бетин көрүп чочуп кетти.

– Кокуй, сага эмне болду?

– Чака көтөрүп келе жатып тепкичтен кулап кеттим.

– Куласаң мындай болбойт эле, ботом.

– Чын эле кулап кеттим,- Назик көз жашын жашыра жер карады.

–Айт чыныңды, тиги сүйүп тийген милиция күйөөң кол көтөрдүбү?.. Назик апасына эреркеп кеттиби, буркан-шаркан түшүп ыйлай баштады.

– Бас, жыйнал, бул жакка бир күн дагы турбайсың,- жинденген эне кызын алып кетип калды. Назик да акыркы күндөрү ажырашуу тууралуу ойлонуп жүргөн. Бирок ал кадамды кантип жасаарын билбей башы каткан эле. Бул күнү чечкиндүү кадам жасады.

xxx

«Болот, мени издебе, Кудай үчүн, уулубуз үчүн мага келбе. Мен эркектерден жакшылык көргөн жокмун. Бүтүндөй тагдырым талкаланды. Эми сенин сабаганыңа чыдап, сени менен күрөшүп жашоого дарманым калбады. Уулум дагы ушул жашоонун күбөсү болушун каалабайм. Коомго сендей жана менин тагдырыма балта чапкан Тимурдай зөөкүр эмес, адамгерчилиги бийик, адамга жамандыгы жок, жакшы адамды тарбиялап чыгаргым келет... Мендей болуп дагы да бир кыздын сыздап калышына жол бербешим керек...” Болот бул катты кайра-кайра кайталап окуду да, ак кагазды мыкчый кармап полго отуруп калды...

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1057, 10-16-март, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан