Дирен Полатогуллары: “БИЛЕСИИ-ИҢ...”, “ЭСМЕ!” ДЕП АРТЫМДАН ЧУРКАП АЛЫШАТ”

Тасмалардан көп учурда терс каармандын образын аткарган адам эсте калат. Алар оң каармандарга окшоп эмоциясын жашырбайт, жасалмалуулук жоктой сезилет, көрүп турган адамды же кыжырдантып, ачуулантып, чыңалууда кармап, айтор, баары бир эмоция чакырат. Акыркы учурда көпчүлүктүн эмоциясын чакырган түрктөрдүн “Зимородок” сериалындагы Казым баба болууда. Сериал жаңыдан башталганда Казым бабанын зулумдугун көрүп башка чапкым келчү, убакыт өткөн сайын ал өзгөрүп, тасманын “изюминкасына” айланып бараткансыйт. Албетте, Казым баба экранда гана, жашоодо болсо актёр Дирен Полатогуллары.


Туулган жери: Түркия, Тунжели

Туулган жылы: 1980-жыл, 12-февраль

Жылдыз белгиси: суу куяр

Бою: 178 сантиметр

Кесиби: актёр

Тартылган белгилүү сериалдары: “Карадайы”, “Үч тыйын”, “Кызыл бөлмө”, “Курулуш: Осман”, “Зимиродок” жана башка

Үй-бүлөлүү, 10 жаштагы Сев (мааниси - сүй) аттуу кызы бар.

“Бала кезимден бери ойногонду токтоткон эмесмин, азыр да ойнойм. Мен жумушту кесип деп эсептебейм. Биз бул дүйнөгө кандайдыр бир убакыт өткөрүү үчүн келгенбиз, ошондуктан мен бул жерде оюн ойноп убакыт өткөрүүнү чечип, актёрлукту тандагам”.

Актёрдун жогорудагы сөздөрүн окуп, Дирен Полатогуллары жашоодо жөнөкөй адам болсо керек деп койдум. Журналисттерге барып жулунуп интервью бербеген, жумушунан сырткары чыкканда карапайым адамдын жашоосу менен жашаганды жактырган адам. Ошондуктан да Дирен ага тууралуу интернет желесинде көп маалымат, жаңылык таппайсыз. Бирок актёрлук таланты бул табышмактуу адам тууралуу кененирээк маалымат издегенге түрткү болду. Дирен мырза Түркиянын Тунжели шаарында жарык дүйнөгө келген. 50 миңге жетпеген калкы бар шаарда күрд, армян, түрк улутундагы адамдар жашашат. Алардын арасында Дирен Полатогулларынын үй-бүлөсү да бар эле. Бирок үй-бүлө түйүнчөгүн түйүп Стамбул шаарына көчүп кетишкен.

“Образ өзгөртүү керек болсо чектөө койбойм. Чачымды кырыш керек болсо кырам, өстүр десе өстүрөм. Болгону семире албайм, бул атайын эмес, болгону табиятымдан арыкмын, салмак кошуу оор. Кино үчүн да, театр үчүн да түрдүү образдарды жараттым, өкүнбөйм”.

Дирен Полатогулларыны карап туруп, “дагы кайсы тасмада ойноду эле?” деп өзүңө суроо саласың. Анткени анын ар кайсы тасмада ар башка образдарды жеткиликтүү ачып бергени, оюну эле эмес, келбети да түп тамырынан өзгөрүп кеткени көрөрманды адаштырбай койбойт. Анын роль жараткан кино тизмегине көз салганда гана “аа, ушул актёр турбайбы” дейсиң. Дирен аганын күчтүү актёрдук талантын кесиптештери театр менен байланыштырышат. Алгач театрда иштеп, андан кийин тасмага тартылган адам кандай образ болбосун жогорку деңгээлде ачып бере алат. Чынында эле Дирен Полатогулларынын карьерасы алгач театрдан башталган. Стамбулдагы Муждат Гезен искусство борборунун театр бөлүмүндө билим алып, кийин театрга жумушка орношкон. Актёрдун катышуусундагы “Мен Дон Кихотмун” спектаклин көргөндөр жыл айланып кайрадан ошол спектаклге билет аларын билип кетишет.

“1980-жылдардын адамымын да. Мен төрөлгөндө азыркы технологиянын көбү жок болчу. Андыктан интернет, уюлдук телефон дегенден алысмын. Эми-эми Инстаграм колдонгонду өздөштүрүп келе жатам. Тааныштарым мен аткарган ролдордон жаралган күлкүлүү мемдерди, кыска роликтерди көрсөтүшөт. Карап алып күлөм, чынында эле айрым эпизоддор жылмаюу жаратат”.

Дирен Полатогулларынын актёрдук дебюту 2009-жылы чыккан “Карышкырлар өрөөнүндөгү буктурма” сериалынан башталган. Анын кино тизмегинде бир эле Түркияда эмес, бир нече өлкөлөрдө популярдуу болгон сериалдар бар. Алардын катарына “Карадайы”, “Үч тыйын”, “Кызыл бөлмө”, “Курулуш: Осман”, “Зимородок” долбоорлорун кошсок болот.

Актёрдун азыр жума сайын экранга чыгып жаткан “Зимородок” сериалында терс каармандын образын жаратып жатканы таң калууну жаратпагандай сезилет. Анткени башынан эле бандиттердин, канкор-зулум адамдардын ролу жарашкан адамдар болот эмеспи. Дирен Полатогуллары да ошондой каармандардын образы жарашкан актёрлордон. Мисалы, анын “Үч тыйын” (“Үч куруш”) сериалындагы киши өлтүргүчтүн ролу 3-баш каарман катары саналып, актёрго дүйнөлүк атактуулук алып келген.

Казым баба

Оо, “Зимородок” сериалындагы Казым бабанын ролуна өзүнчө орун бербесек болбостур. Антеп шаарында жашаган Казым бейди биринчи көргөндөн баштап эле кыжырдана баштайсың. Кыздарын, аялын адам катары санабаган, аларга кол көтөргөн, үй-бүлөсү менен бир столго отуруп тамактангандан жийиркенип, аларга тамак-аш калдыктарын берген адамды ким жакшы көрсүн?! Актёр мындай адамдын ролуна макул болордон мурун эмнени ойлонду экен?

– Сценарийди окуп баштаганда Казымдын психопат адам экенин көрдүм. Эгер анын каарманы өзгөрбөй, ошол боюнча калса туура эмес болуп калмак. Бирок баарыбыз байкагандай ал жакшы жакка өзгөрө баштабадыбы. Муну көрөрманга жеткирүү мен үчүн чоң милдет болду. Анткени арабызда бизге күлүп сүйлөп, бирок үйүнө барганда жиндиге айланган эркек сөрөйлөр көп. Ошолор көрсө, каталарын сезсе, оңолсо канча үй-бүлө бүтүн калмак.

“Зимородоктун” элге алынарына баарыбызда жүз пайыз ишеним бар болчу. Бирок мынчалык популярдуу болорун күткөн эмеспиз. Алгач Казым үчүн мен жаш эмесминби деп чочуладым. Кантсе да анын бойго жеткен эки кызы Суна менен Сейран бар болуп жатпайбы. Улуураак көрүнөйүн деп мурут өстүрүп алдым. Сценаристтер Казымдын эрте үйлөнгөнүн айтып тынчтандырып коюшту. Анан окшошуп эле калдым окшойт.

Кызыктуу учурлар менен бөлүшөйүнбү? Казым үй-бүлөсү менен Антеп шаарынан эмеспи. Ал аймактын эли өзүнө тиешелүү диалект менен сүйлөшөт. Алардан тил жагынан айырмаланбаш үчүн тартуу иштери башталарга чейин 2-3 күн мурун Антепке бардым. Жергиликтүүлөрдөн таанышым бар, аны ээрчип жүрүп сүйлөө манерасын үйрөндүм. Байкасам, ар бир сөздү бир башкача интонация менен айтышат экен. Элге вирустай тарап кеткен “билесии-ииң“, “Эсмеее!” деген сөздөрдү Антепте жашагандардын баары эле мендей айтышат. Азыр көчөдө жөн баса албай калдым, кары-жашы дебей мени көрсө эле “билесии-ииң“, “Эсмеее!” деп кыйкырып, жаш балдар артымдан чуркап алышат.

“Зимородоктогу” баш каармандардын күчтүүлүгү, таланты, сулуулугу да долбоорду жогоруда кармап турат. Бардык актёрдук курам ынтымактуу, бир үй-бүлөдөй иштейбиз. Экранда коркунучтуу сезилген кадрлардын артында токтобогон күлкү турат. Айрыкча менин аялым Эсменин ролун аткарган актриса Сезин Бозажи кечке эле кыткылыктай берет. Мерт Рамазан Демир болсо өзүнчө эле талант. Экөөбүз бири-бирибизди шылдыңдап күлүп жатып ишти үзгүлтүккө учуратып салган учурлар көп. Айтор, бизде баары жакшы.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1057, 10-16-март, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан