ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 20-марттан 26-мартка чейин

КОЙ (21.03-20.04)

Жаңыланууга убакыт келди. Айрым учурларда ички же тышкы чектөөлөрдү сезсеңиз, анда кандайдыр бир иш-аракеттерге жол ачылат. Бул өзүн-өзү таануу, буга чейин кыялданып жүргөн ойлорду ишке ашыруу үчүн жакшы убакыт. Энергияңыз жогорулап, бардык ишти оптимисттик маанайда бүтүрөсүз. Айымдар сырткы келбетин оңдоого, кийинүү стилин, чач жасалгасын өзгөртүүгө, косметикалык процедураларды жасатууга аракет кылышса жыйынтыгы ойдогудай болот.


БУКАЧАР (21.04-20.05)

Жолугушуу, баарлашуулардан тыным алып өзүңүз менен өзүңүз калууга убакыт бөлүңүз. Сырткы дүйнөдөн обочолонуу жаңы күч, энергия топтоого мүмкүнчүлүк берет. Каржы маселесине байланыштуу көйгөйлөрдү күчкө салып чечүү сизге натыйжа алып келбейт. Бойдок букачарлар алгачкы таанышуу этабынан дароо сүйүү мамилесине өтүүгө шашпаганы туура. Алгач ал адамды тереңден билүүгө, анан гана сезимдер кемесинде сүзүүгө кеңеш беришет жылдыздар.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Кыялдарыңыз орундалышы үчүн сизге көп күч-аракет жумшоонун кереги жок, тышкы жагдайлар сиздин пайдаңызга иштейт. Мисалы, компанияга жаңы жетекчи келиши мүмкүн, ал сиздин айлыгыңызды көбөйтөт же бонус берет. Жашооңузда достордун ролу өсөт. Кайсы бир досуңуз көйгөйүңүздү чечүүгө жардам берет. Үй-бүлөлүү эгиздерде кайын журту менен келишпестиктер болот. Алар менен жаралган маселени сүйүктүүңүздүн жардамы менен чечесиз.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Кайсы бир маселеде билимиңизди иш жүзүндө колдонууга, сиз чынында эле ошол тармакта мыкты адис экениңизди далилдегенге туура келет. Апта университетте окуган, сынак тапшырган, тестирлөөдөн, кайра аттестациядан өткөн, диссертациясын жактаган бөйөндөр үчүн маанилүү. Таасирдүү адам менен жолугушуп, андан сиздин кесиптик тагдырыңыз көз каранды болот. Алдыга амбициялуу максаттарды коюп, аны ишке ашыруу үчүн болгон күч-аракетиңизди жумшаңыз.


АРСТАН (23.07-23.08)

Сизде билимге болгон умтулуу, кесиптик чеберчилигиңизди жогорулатуу каалоосу пайда болот. Көп нерсени үйрөтө турган адамга жолугасыз. Туристтик сапарлар үчүн ыңгайсыз мезгил, андыктан алыска сапар тартууну пландап жаткандар пландарын кийинки жумага калтырганы туура. Бойдоктордун социалдык тармактарда баарлашуусу активдүү болуп, жан шеригин табууга болгон аракети күч алат.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Бийкечтер кандайдыр бир экстремалдык окуянын күбөсү же катышуучусу болуп калышы мүмкүн. Спорт менен алектенгендерге мелдештерге катышуу сунушталбайт. Үй-бүлөлүү бийкечтерде түгөйү менен мамилеси жакшырып, чогуу ата-энелик милдет, жалпы бүлө жоопкерчилигине болгон көз караштарды бирге өзгөртүүгө аракет жасашат. Бул арада үй-бүлөдөгү каржылык абал да жакшырып, чогуу саякаттоо сунуштары түшөт.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Аптада ден соолукту чыңдоого, дарылануу үчүн алдын ала чараларды көрүүгө туура келет. Сүйүктүү адамыңыз сиздин көйгөйлөрүңүздү чечип, көз алдыңызда бардык нерсени жасай алчу “супер каарманга” айланат. Сүйүктүүңүздү ата-энеңиз менен тааныштыруу, үлпөт той өткөрүү сыяктуу мааракелерди уюштурганга ыңгайлуу убакыт. Тартип бузуп укук коргоо кызматкерлеринин кылтагына түшүп калуудан оолак болуңуз.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Чаяндар чыгармачылыкка белсенип, бул жолдо көп ийгиликтерге жетишет. Романтикалык мамиледе фантазияңызга жол берүүгө ыңгайлуу учур. Сүйүктүүңүз үчүн жагымдуу жана эсте каларлык нерсе жасаганга аракет кылыңыз. Жашооңузду иретке келтирүүгө да ылайыктуу мезгил. Мисалы, уйку, тамактануу, эс алуу жана жумуш убактысын так аныктай албай жатсаңыз, ушул аптада жашоо эрежеңизге өзгөртүү киргизиңиз.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Көпчүлүк убактыңызды үй-бүлөгө жана үй жумуштарына коротосуз. Улуу муундагы чоң ата, чоң апа, таята, таенеңизге кам көрүүгө өзгөчө көңүл буруңуз. Эгер балдарыңыз болсо, алардын тарбиясына кам көрүү максатка ылайык. Жумушуңузда киреше булагы көбөйүп кошумча иш ачуу тууралуу пландарды оюңузда бышыра баштайсыз. Бойдок жаачылар өмүрлүк түгөй тандоодо ата-энесинин кеңешине муктаж болушат.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Турак жай аянтын жакшыртуу маселеси актуалдуу болот. Жаңы эмерек же тиричилик техникасын сатып аласыз. Документ иштерине байланыштуу көйгөйлөрүңүз болсо эртерээк чечиңиз, кийинкиге калтырсаңыз иш татаалдашып кетет. Достор, тааныштар, туугандар менен тыгыз байланышты сактап каласыз. Банктан насыя алууну пландап жүргөн текечерлер ал оюнан кайтканы туура, насыяңызды убагында төлөй албай кыйналасыз.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Аптада сизди накталай акча сактоо жана аны кантип көбөйтүүгө болот деген суроолор кызыктырат. Кирешеңиз чынында эле көбөйүп, аны кантип туура пайдалануу керектигин билбей башыңыз катышы мүмкүн. Үй-бүлөдө сиздин катышууңузда кенен жыйын өтөт, анда айрым үй-бүлө мүчөлөрүнөн сиздин дарегиңизге ачуу сындар айтылат. Жумушта кол алдыңызда иштегендерге орой мамиле жасоодон сак болуңуз.


БАЛЫК (20.02-20.03

Өзүмчүлдүккө жол бериңиз, анын эч жаман жери жок, анткени жеке өнүгүүңүзгө сизден башка эч ким кам көрө албайт. Мындан тышкары, бул жоопкерчилик сезимин жана өз алдынчалыкты өнүктүрүү үчүн жакшы мезгил. Сизге жумушта көп убакыт иштөөгө, бардык күчүңүздү кесиптик чеберчилигиңизди жогорулатууга багыттоого туура келет. Бирок эмгегиңиз текке кетпейт. Тырышчаактыктын аркасынан кирешеңизди көбөйтө аласыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1058, 17-23-март, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан