Айпери Кулбаева, ырчы: «МУЗДАК, КАЙДЫГЕР АДАМДАР КӨБӨЙҮП КЕТТИ»

– Кандайсыз, Айпери айым? Концертиңизди кандай өткөрүп алдыңыз? Кандай өзгөчөлүктөр болду?

– Саламатсыздарбы? 100 пайыз жандуу концерт болду, артыкчылыгы ушул. Эл ыраазы болуп кетти. Аны угуп сүйүндүм. Негизи бул концертти былтыр пландаган элем, белгилүү себептерден улам өтпөй калган. Бардык колдоп келген күйөрмандарга ыраазычылык билдирем. Дагы бир ашууну ашып алдык буюрса.

– Ырчылык сиз үчүн эмне?

– Ырчылык мен үчүн кесип, хобби эмес. Себеби мен ырчылыгымды, өнөрүмдү өркүндөтүү үчүн билим алгам. 2009-жылы Ош мамлекеттик университетинин искусство факультетин бүтүргөм. Андан соң Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын элдик ырдоо бөлүмүн аяктагам.

– Сахнага багыт алган алгачкы кадамдарды эстесек, баары эмнеден башталган?

– Сахнага алгачкы жолу 1-классымда "Манас" айтып чыккам. Мектепти бүткүчө дастан айтып, ырдап, райондун атынан кароо-сынактарга катышып жүрдүм. 9-класс кезимде комуз черткенди үйрөндүм. Жогорку окуу жайга тапшырганы жөнөгөнүмдө ата-энем “көңүлүңө жаккан окуу жайга тапшыр, эч болбосо музыкалык окуу жайга бар, биз каршы эмеспиз” дешкен. Анткени ал кезде “ий, ырчы болот бекен?” деп ырчылыкты өөн көргөндөр көп болчу. Апамдын, атамдын, бир туугандарымдын, жолдошумдун, кайын журтумдун, колдоосу менен ушул даражага жеттим.

Чоң сахнага 1-курста Эмил Балтагуловдун концертинде чыккам, экөөбүз “Тамашалуу ырды” ырдасак эл аябай кол чаап, колдошкон. Кара тору, арык, чачым узун кыз элем. Түзүгүрөөк формам деле жок болчу, университеттин формасын кийип сахнага чыккам. Ошондо аябай толкундангам. Ошол убакта тартынбаган, тарсылдаган кыз болгон экенмин. Андан соң “ОшМУнун орошон таланттары” деп Бишкекте филармонияда чоң концерт бердик. Ошондо жаңы өсүп келаткан Айпери үчүн башка чөйрө, борбордо ырдоо бир башкача таасир калтырган. Ар кимге барып көзүмдү, оозумду боётуп жүргөн Айпери эсиме келип кетти (күлүп). Ошентип 2004-жылдан баштап сахнага чыгып, элге акырындык менен тааныла баштадым. 2007-жылы 20 жашымда Орусияга 40 күндүк гастролго чыкканыбыз эсимде. Аны Эмил Балтагулов агай уюштурган, Кутман Султанов, Лутфилла Бусурманкул уулу бар эле арабызда. Биринчи жолу узакка гастролго чыкканга ата-энемди сагынып ыйлай берчүмүн. Кутман менен Лутфилла мага тийишип ар кайсы балага жабыштырып тамашаласа чычалап кубалап алат элем. Чиркейи көп экен, чиркей чаккандан шишиген көздөрүм менен сахнага чыгып ырдап жүргөм (күлүп).

– Кайсы ырыңыз сизге көбүрөөк атак алып келди деп ойлойсуз? Көбүрөөк материалдык байлык алып келгеничи?

– Мага көбүрөөк атак алып келген ыр “Не карайсыз мынча жалдырап, кээде күлүп, кээде магдырап...” деген саптары бар “Тамашалуу ыр” деп айтам. Алгач Эмил Балтагулов менен, кийин Аскат Турдашов деген тайпалашым менен ырдадык. Андан соң “Үмүт” фольклордук тобундагы Эген Талипов агай бул ырды иштеп чыгып, Кутман Султанов экөөбүз эстрадалык аранжировка жасатып ырдап чыктык. 2006-2007-жылдары ушул ыр бизге атак алып келди. Мындан сырткары “Жалыным сенде жангансыйт” деген ыр, Түмөнбай Колдошовдун “Элегия” чыгармасы дагы көп күйөрман топтоду. 2011-жылы Рыспай Абдыкадыровдун чыгармачылыгына арналган “Ырга айланган өмүр” аттуу эл аралык сынакта “Махабат балладасы” деген романсын аткарып баш байгени жеңип алгам. Атак-даңк алып келген ырларым көп эле болуптур. Жакынкы күндөрдөгү “Сүйүү бакыт алып келет”, “Тирүүлүк” аттуу чыгармалар дагы элге жакшы тарады.

Материалдык жактан пайда алып келген ыр катары да “Тамашалуу ырды” айтат элем. Бул ыр менен көп жакшылыктарга бардым. Акыркы 5 жыл ичиндеги материалдык байлык алып келген ыр – Маматкадыр Тиллебаев сөзүн жазган, Гүлмира Айдосованын “Картайбачы, апаке” аттуу чыгармасы болду. Ушул чыгарманы көп суранышып, ушул ыр аркылуу жакшылыктарга чакыргандар көп.

– Айпери Кулбаева тасмага тартылса кандай актриса болмок?

– Оң каармандын ролун аткарганды жактырам. Негедир терс каарманды ойногон адамдарды ичимден жаман көрө берем. Жаман көргөнгө негиз деле жок дечи, ошентсе да... Жеңенин, апанын образын жаратсам дейм. Буга чейин 1-2 тасманын эпизоддук ролуна тартылгам. Киного тартылууга сунуштар түшкөн, ал убакта кино өнүгө элек заман эле, өзүм дагы чыгармачылыктан убакыт таба албайм деп баш тарткам. Ошондо тартылып коё бербептирмин деп калам кээде.

– Эмнеге өкүнөсүз?

– Жеке жашоомдо артка кайрылып оңдойт элем деген эч нерсе жок. Бүгүнкү күндөгү коомго карап айтсам, биздин элде, жерде акыйкаттын, чындыктын жоктугу өкүндүрөт. Адамдардын кайдыгер болуп баратканы, адамгерчилик жоголуп баратканы кейитет. Мындан сырткары телефон, интернет бизди көп алагды кылып жатат. Жапырт телефонго кирип кеткенибиз жакшы көрүнүш эмес. Телефон керек, көп иш бүтүрүп жатабыз, бирок зыянын да көп тартып жатабыз. Бири-бирибизге көңүл бурганды, сыйлоону, маданиятты үйрөнсөк жакшы болот эле. Муздак адамдар көбөйүп кетти.

Баарына кол шилтеп, көпчүлүктөн оолактап кеткиңиз келген учур болду беле?

– Ооба, чыгармачыл инсандын көңүлү назик болот дешет го, ошол нерсе туура. Ошон үчүн буга чейинки көп чыгармачыл инсандар ичимдикке берилип кетишчү го деп ойлойм. Азыркы чыгармачыл инсандар акылдуу, ичпеген, чекпеген, жеке жашоосун оңдоп-түздөгөн адамдар. Чыгармачыл адам чарчап-чаалыкканда, бирөөдөн көңүлү калганда, артынан ар кандай сөз ээрчигенде элден оолактагысы келет окшойт. Менде деле чет өлкөгө кетип калгым келген учур болот.

– Байкашымча, эмоцияңызды башкара аласыз. Балдарыңызды же башка бирөө менен кыйкырып уруша аласызбы?

– Негизи токтоо эле адаммын. Бирөө менен урушканды да жаман көрөм. Кичине кезимде уруша албайт элем. Дароо эле мушташып кетчүмүн дебейинби (күлүп). Тамаша. Кыйкырып урушкан учурум болгон эмес, балдарыма деле кыйкырбайм. Мага деле башка бирөөлөр кыйкырса, тең келбей унчукпай коём.

– Азыркы Айпериден 16 жаштагы Айпериге кат жазуу мүмкүнчүлүгү пайда болсо, эмне деп жазат элеңиз?

– Ойлоно турган суроо экен. 16 жаштагы Айпери 10-класстагы кыз болот экен. Ал кезде чоң чөйрөгө аралашпаган, чоң шаарларды көрбөгөн, айылда жүргөн Айпери болчу. Ал учурга кат жаза турган болсом, “Айпери, жөнөкөй, адамгерчиликтүү бол, элиңе ак эмгегиң менен кызмат кыл. Өзүңө мүмкүнчүлүктү өзүң түз. Эч качан жакшылыктан үмүт үзбө, талантыңды өстүр. Тапкан каражатыңды пайдалуу сарпта, колуңдан келсе дүйнөнү кыдыр, жакшы адам бол. Китеп көп оку, сөз байлыгыңды өстүр” деп кеңеш айтат элем.

– Бала тарбиялоодо кандай ыкмаларды колдоносуз, атайын китептерди окуйсузбу бул боюнча?

– Бул боюнча “Балаңды эмес, өзүңдү тарбияла” деген китеп окугам, жакшы китеп болчу. Биз ата-энебиздин жүрүм-турумун көрүп, жакшы сөзүн угуп тарбияланган үчүн балдарды да өзүбүздүн жүрүм-турумубуз менен тарбиялайбыз. Күндө болбосо да 2-3 күндө 10 барактан окугула деп китеп окутам. Көбүнчө балдарымды кучактап мээрим төккөнгө аракет кылам.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1058, 17-23-март, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан