Быйылкы Орозо айы 23-мартта башталат, битир-садаканын өлчөмү 1,6 килограмм буудай же 3,2 килограмм арпанын баасы.
15-марттан тарта Анталия-Бишкек-Анталия багыты боюнча түз аба каттамы ачылды.
Башкы прокуратура: Бишкек мэриясынын кызматкерлери айлыктарын мыйзамсыз көтөрүп алышканы аныкталды.
Экология министри Динара Кутманова кызматтан бошотулду.
Айыл чарба министрлиги: Өлкөдө учурда 1300 күнөскана иштеп жатат.
Улуттук банк кезектеги интервенцияны жасап, 13-мартта валюта рыногуна 35 миллион доллар сатты.
УКМК: Улуттук банктын төрагасынын мурдагы эки орун басары кармалды.
Кербен шаарында күйүп кеткен оорукананын чатырын жабууга 6 миллион сом бөлүнгөнү кабарланды.
17-мартта Кыргыз тарыхында өзгөчө орду бар Аксы окуясына 21 жыл толду.
Ысык-Көлдө 57 жаштагы жаран 15 килограмм баңгизат менен кармалганы маалымдалды.
Түркияда жер титирөөдөн каза тапкандардын саны 13-мартка карата 48 миңден ашты.
18-мартта жалпы өлкө боюнча ишембилик өтөт.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги өлкөдөгү облустук гезиттерди жоюуну сунуштады.
Мурат Осмонов Бишкек шаарынын мэринин орун басары болуп дайындалды.
Кайрат Иманалиев маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары болуп дайындалды.
Өлкөдө 11 мал базары талапка жооп бербейт деп убактылуу жабылды.
Бишкекте Улуттук госпиталдын башкы дарыгери коррупцияга шектелип кармалды.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.