ЖОГОРКУ КЕҢЕШ ЭЛДИК КУРУЛТАЙ ЖӨНҮНДӨ МЫЙЗАМДЫ КҮН ТАРТИБИНЕН АЛДЫ

15-мартта Жогорку Кеңештин жыйынына Элдик курултай жөнүндө мыйзамдын долбоору киргизилип, кызуу талаш-тартыштан кийин депутаттар аны күн тартибинен алып салышты. Төрага Нурлан Шакиев мыйзам долбоору экинчи окууга депутаттардын бардык сунуштарын камтуу менен киргизилерин айтып, 1-окууда колдоп берип коюуну суранды.

Мыйзам долбоору боюнча баяндама жасаган президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев мыйзам долбоорун түп тамырынан өзгөртүүгө болбой турганын, бирок депутаттардын сунуштары кабыл алынарын айтып “мен сизди түшүндүм, эркекче сөз берем” деди депутат Медер Алиевге жооп берип жатып. Ушул эркекче деген сөзү үчүн спикерден эскертүү алды Абыкеев.

– Баяндамачы, сөздү абайлап сүйлөңүз. Бул жерде эркекче-меркекче деген сөз өтпөйт. Бул андай сөздөрдү айтчу трибуна эмес,- деди Шакиев.

Депутат Медер Алиев төраганы регламентти сыйлоого чакырды.

– Бири-бирибиздин сөзүбүзгө комментарий берүүдөн алыс болсок. Жигитче, эркекче дегенди биринчи мен айттым. Депутат оюн мыйзамга таянып, так, түшүнүктүү, маанилүү кылып айтканга укуктуу,- деди Алиев.

Көпчүлүк депутаттар мыйзам долбоорун күн тартибинен алып салууну сунуштап, жыйынтыгында 60 депутаттын добушу менен колдоо тапты.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1058, 17-23-март, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан