Аскердик окуу жайларды аяктаган жарандардын келишим боюнча аскердик кызмат өтөө мөөнөтүн 5 жылдан 10 жылга узартуу, 1 жылдык аскердик кызмат өтөөнү дагы 2 айга узартылганы жатат. Тагыраагы, муктаждык жаралган учурда коргоо тармагына жооптуу органдын жетекчисине аскерди кошумча 2 айга чейин алып калууга укук берилмекчи.
– Азыркы учурда аскердик окуу жайды аяктагандар аскерде 5 жыл кызмат кылууга милдеттүү. Ушул мөөнөттү биз 10 жыл кылалы деп жатабыз,- деди коргоо министринин орун басары Алмазбек Карасартов.