АЯЛ (Ийгиликтүү аялдын сыноолорго толо тагдыры баяндалган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Жашоосундагы эң узун таң ушул болду окшойт Айдайдын. Түнү менен уктабай чыкты. Таңга маал көзү илинип кеткен экен, түшүнө баласынын кичине кези кирди. Эмчегин болкулдата эмип, көздөрүн жайната тиктеген уулу! Ай, энелик ай, эмчек сүтү менен бардык мээримин берип, бүт денеси магдырайт. Ушул сезим, ушул ырахат эч бүтпөсө экен деп жатты Айдай. Түшү экенин сезип, жок дегенде түшүндө ушундай толук бактылуу болуп алсам экен деп жатты. Жок, андай болбоду. Эшиктин коңгуроосу анын уйкусун бузуп жиберди. Босогодо турган Илимди көрүп бурк этти.

– Эмне мынча эрте келдиң?

–Кызыксың го, кечинде эрте келчи деп өзүң суранбадың беле?

Айдай шалдайып турган боюнча эки бетин басып ыйлап жиберди. Наристесин азыр колунан алдырып ийгендей аңгырады жан дүйнөсү. Деги бир басыла алсачы. Илим да жөн койду. Бир топко барып өпкө кага ыйын токтотту.

– Эмне болду?

– Сен мени бир азга ойготпой турсаң ал тоюп алмак да.

– Ким?

– Уулум. Түшүмдө эмчегимди эмип жаткан. Тим эле коё бергиси келбей... Мен... аны кайрадан жоготуп алдым, түшүм бир аз созулса кандай жакшы болмок. Сен келип калбадыңбы...

– Кечирип койчу, эрте кел дедиң, мен кайдан билейин түш көрүп жатканыңды. Билсем, сыртта эле күтүп турат элем да.

Айдай жаш аралаш жылмайып алды. Ушундай, кандай жиндилигиң болсо да көтөрүп койгон адам бул.

– Жуунуп даярданып алайын, анан чыгалы, ээ?

– Таң атпай бармак белек, бир жерге барып жакшылап чай ичели,- деди Илим.

Айдайдын кекиртегинен эч нерсе өткөн жок. Жүрөгү титиреп жатты.

Ажар өз бөлмөсүндө ойго чөгүп жаткан эле. Аз гана жашоосу калганын билүү адамга кандай оор. Өткөн өмүрүнө саресеп салып жарытылуу бир нерсе кылбаганына өкүндү. Дайым күйөөсү үчүн жашады. Кандай гана курмандыктарга барбады. Оо, ал кезде Эмил экөө бири-бири үчүн жанын бергенге даяр эле. Алардын сүйүүсүнө элдин баары суктанчу. Кана, ошол сүйүүдөн эмне калды азыр? Эч нерсе! Эмнеге мынча алыстап кетишти? Баары Ажардын эч качан балалуу боло албай турганын билгенден башталды окшойт. Ошол күн күнү бүгүнкүдөй эсинде. “Сиз, тилекке каршы, эне боло албайсыз!” деген врачтын сөзү экөөсүн тең бомба түшкөндөй шалдыраткан эле. Чыгып алып скамейкада үнсүз бир топко отурушту. Чындыкты кабыл алуу кандай оор. Мурун да доктурларга көрүнүшкөн, бирок алар мынчалык так кесе айтышкан эмес. Өзгөчө Эмил жардан кулап түшкөндөй абалда эле. Биринчи жолу Ажардын жүзүнө карабай кетип калды. Ошол боюнча анын көзүнө мурункудай сүйүү менен эч качан карай албады. Тек аяныч менен карачу. Ажар да коркту. Жалгыз калгандан коркту, “Эмилден башка эч кимим жок, ал мени таштабасын” деп жатып анын бардык кылыктарына чыдай берди. Эмил ажыдаарга айланып баштаганын көрүп деле сөз кайрый албады. “Менден кетип калат” деген коркуу менен жашады өмүр бою. Анан эмне болду? Чындап эле кетип калды. Башка аялдан балалуу болду. Ажар эмне демек эле, таптакыр көрмөксөн, билмесенге өттү. Бирок ал деле адам да. Баарын ичине ката берип айыккыс ооруга чалдыкты. Жашоосунда бир гана Эмир чоң бакыты болуптур. Бир гана ошону менен өзүн адам сезген экен. Эмир! Уулун эстегенде көзүнө жаш айлана түштү. Ушул учурда Айдай келип калды. Кечээ эсин жоготуп жыгылгандай эмес, жүзү тамылжып кубанычтуу. Ажар ага таң кала карады.

– Кечээ бизди аябай коркуттуң?

– Кээде ушундай бир нерсем бар, коркпо. Эмир кайда?

– Окуусуна кетти. Андан кийин силердин студияга барам деди. Кеткиси жок, бирок менин жанымда кыйналганымды көрүп отура бербесин деп араң жөнөттүм. Сен кайдан мынча эрте?

– Негизи эрте турам. Сен оюмдан чыкпадың, кечээ да тигинтип жүрөгүңдү түшүрүп коюпмун. Эрте келип кечирим сурайын дедим. Илим болсо мени жумушка ала кетмек, кире кетеличи десем макул болду.

– Аа, рахмат.

Андан мындан сүйлөшүп отурушту. Айдайдын көзү бөлмөнү аңтарып жатты. Сүрөт жок. Сөздү Эмирге бурду.

– Эмир кичине кезинде шок болсо керек, ээ?

– Жок, тескерисинче аябай токтоо бала болду. Көп ыйлачу да эмес.

– Кичине кезинде кандай бала болду экен, сүрөттөрү болсо керек ээ?- деп жиберди шашкалактаган Айдай. Ажар ага таң кала тиктеп алды. Бир топтон кийин жаздыгынын алдынан рамканы алып чыкты.

– Мына.

Жүрөгү дүк-дүк! Сүрөттү колуна ала берген Айдай өңү бир бозоруп, бир кызарып турду. Бул чындыгында ал жоготкон наристе эле. Дал ушул курагында алдырган. Демек, Эмир анын уулу! Айдайдын абалын байкаган Илим ортого кирише калды.

– Кана, Эмир баатырдын бала кезин биз да көрөлү,- рамканы колуна алып жатып Айдайга “өзүңдү карма” деп шыбырап үлгүрдү.

– Балдар кичине кезинде кандай гана сүйкүмдүү, ээ,- деди ал тамашалай. – Чоңойгондо эле монстр болуп чыга келишет.

– Эмир азыр деле сүйкүмдүү,- деди Ажар сыймыктана. Акырын сүрөткө тартып ала койгон Илим рамкадагы сүрөттү Ажарга берди.

– Туура айтасыз, уулуңуз азыр да сүйкүмдүү. Андан ары эмне болду Айдайдын эсинде жок. Эсинде калганы араң Ажар менен коштошуп сыртка чыгып машинеге отурганы эле.

– Илим, мен уулумду таптым!- деди Айдай шыбырай жаш аралаш. Чөнтөгүндөгү сүрөттү алып Илимге сунду. Илим телефонго тартып алган сүрөттү алып чыкты. Опокшош. Эки сүрөттөгү бир бала!

– Мен билгем! Эмир менин уулум экенин ички туюмум менен сезгем. Акылга сыярлык иш эмес, бирок, Илим, бир көргөндөн тааныдым бул баланы... Менин уулум!

Ичинен эзиле шыбырап ыйлап жатты. Илим болсо эки сүрөттү карап алып дагы эле нес. “Бул тууралуу кино тартыш керек, мындай сценарий эч кимде жок. Ой тобо, кантип эле ушунча жылдан кийин табылып калды” деп ойлонуп бара жатты.

– Эми эмне кылабыз?- деди Айдай бир топтон кийин.

– Шашпа, баарын акырындап чечиш керек. Коё турчу, биринчи өзүбүзгө келип алалы. Жакшы ойлонолу. Сен бүгүн Эмир менен жолукпа. Эмоция менен бир нерсени билдирип аласың. Бүгүн ойлонолу.

ххх

Эмир кыжалат боло берди. Айдай сабакты себепсиз өтпөй койчу эмес эле. Бир нерсе болгонбу? Башына бир сыноо түшпөдү бекен? Менеджерлери дарегин сураса айтпасы бештен белгилүү. Телефону болсо өчүк. Эмне кыларын билбей бир топко басып жүрдү. Бүгүн Айдай эжесине жолукпаса болчудай эмес. Социалдык тармактан Илимди издеп тапты, ал жактан телефон номерин таап алып сүйүнүп кетти.

– Алоо, Илим байке сизби?

– Салам алейкум, бул ким болуп кетти?

– Мен, Эмирмин. Айдай эженин шакирти.

– Эмир? Салам, тынч элеби баары?

– Айдай эже жок бүгүн, сиз билбейсизби кайда экенин?

– Эмне болду, шашылыш иш бар беле?

– Жок, жөн эле билейин дегем.

– Айдай эжең жанымда, азыр берем телефонду...

Илим телефонду жаап туруп акырын үн катты. “Эмир экен, билдирбей сүйлөш”.

Айдай телефонду алып үнү дирилдей берди.

– Эмирчик, балам кандайсың?

– Айдай эже, кандайсыз? Бүгүн сабак болбойт дешти. Эмнеге?

– Бир аз сыркоолоп калдым, Эмиртай...

“Эмирчик, Эмиртай, балам”... Эжейге эмне болгон бүгүн?” деп ойлоп койду Эмир. Бирок баары жакшы экенин билгенде эмнегедир тынчтана түштү.

Телефонду өчүргөн Айдай сүйүнүчтөн албыра Илимге карады.

– Мен үчүн санааркаптыр балам. Карачы, сезип жатат ал дагы. Берекем десе, балким, ал дагы башында эле сезгендир мени, ээ?

Илим жубата Айдайды маңдайынан өөп койду.

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1058, 17-23-март, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан