Диля Разыкова, Рахман Разыковдун жубайы: “АРМАНЫМ – РАХМАНДЫ АКЫРКЫ САПАРГА УЗАТА АЛБАГАНЫМ”

Куудул, сатирик, акын, Кыргыздын патриот уулдарынын бири Рахман Разыков тарыхта “куудулдар мектебинин атасы” катары калат деп айтылат. Анын жолун өзү өстүргөн шакирттери, уулу Каныбек мырза улантып келе жатат. Жубайы Диля Разыкова куудул агабыз менен бирге өткөргөн күндөрүн эскерип берди.

“Чындыкты айта алган адам эле”

– Рахман экөөбүз турмуш арабасын 33 жыл бирге тарттык. Барга көппөдүк, жокко чөкпөдүк. Кыйынчылыктарда бири-бирибизге жөлөк болуп, бирге жеңдик. Бактылуу өмүрүбүздүн жолу 2021-жылы 7-июнда үзүлдү. Ошол каргашалуу күн Рахманды келбес сапарга алып кетти...

Рахман жароокер жан шерик эле. Токтоо, сабырдуу, кең пейил, жүрөгү таза, көл адам болчу. Кандай маселе, кандай жаңжал чыкпасын ачууга алдырбай, ойлонуп сүйлөчү.

Байбы, кедейби, улуубу, кичүүбү баарын бирдей көрүп, барынын тилин таба алчу. Чындыкты айта алган адам эле. Бирөөгө катуу капа болгондо гана унчукпай калчу. Балдарынын эч кимисин бир ирет да кагып-силкпей, акыл-насааттарын айтып тарбиялады.

Аккордеондон тышкары комуз, чопо чоор, гитарада ойной алчу.

“Гүлдөгөн бакты аралап басканды жакшы көрчү”

–Рахман гилас, алмалар гүлдөгөндө аларды аралап басып жүргөндү жакшы көрөр эле. Андыктан көп кабат үйдөгү 2 бөлмөлүү батирибизди сатып, Оштон кичинекей времянкасы бар жер тилке сатып алганбыз. Ал жерге 2 кабат үй салдык. Үйдүн короосунда чакан багы бар экен, аларга кошуп шабдалы, алмурут, алма, жалпы 8 түп отургузган. Эми алардын гүлдөгөн гүлүн эч качан көрө албайт...

Тамак жасайын десем эт, сабиз туурай коюшуп, чүчпара түйүшчү. Кээде даамына чыгарып аш басып берчү. Мен жасаган тамактын барын мактап жейт эле. Кант диабети бар болгондуктан тамак-ашын көзөмөлдөп турчумун. Мени “кампир” деп эркелетчү, “кампир, фирменный чайыңдан демдечи” деп калар эле. Анысы чөп чай бер дегени. Мени Дубайга, Кытайдын 3-4 шаарына, Түштүк Кореяга, Орусиянын бир топ шаарларына алпарып келген.

Бир жылдары Рахман ашар концерт уюштуртуп, артисттерди четинен үйлүү кыла баштады. Ошондо өзү үй алчудай чуркап, үй тандашып берчү. Ошентип Алина Жетигеновага, Бек Борбиевге да жардам берген. Рахман Нарындан келе жатып жол кырсыгына учурап, акыреги сынып ооруканага жатып калды. Операциядан кийин Алинага үй тандашып коюшум керек деп гипстелген колун унаанын айнегинен чыгарып алып үй издеп жүрдү.

“50-60тай шакирт тарбияладым дечү”

– Рахман “Бешилик”, “Беш айры”, “Беш тапан”, “Беш кемпир” топторун түзүп, бир нече долбоорлордо иштеди. Куудулдар мектебин түзгөн инсан катары тарыхта калды чын эле. Анын экинчи өмүрү эми башталат. Ал жазган сатиралардын 70 пайызы коомдук, саясий турмушка арналды. Жыл сайын куудулдарга 80-100дөй сатира жазып берчү. “Канча шакирт таптап чыгардыңыз?” дегендерге “берекеси кетет деп санабайм, болжол менен 50-60 бала тарбияладым” деп жооп берчү.

“Турсаң, сага бирдеме окуп берейин” деп кээде мени түн ортосунда ойготуп алчу. Жумуштан чарчайм да, кайра көзүм илинип кетсе жаш баладай таарынып калмайы бар эле.

Кесибим акушер болгону менен, анча-мынча ыр жазам. “Жазып такшала берсең сенден акын чыгат” деп калчу. Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер наамын алганда куттуктап ага арнап ыр чыгарып окуп бергем. Абдан кубанып, сүйүнгөн.

“Аралаштын” 10 жылдыгында “Айнаш” деген сатиранын идеясын айтып берсем аны Манас Бердибеков дароо илип кетти. Сахнага аткарып чыгып, кийин аны “Гуля” деп өзгөртүп алышты. “Бешилик” түзүлгөндө бир нече сатиранын идеясын айтып, айрымдарын жазышып да бергем.

Саясий сатираларынан улам бир кезде Рахманга концерт койдуртпай, зал беришпей, Улуттук коопсуздук комитетин чакырып жүрүштү. Ошондо стресске кабылып, абдан түйшөлдү. Чыгармачыл адам үйгө отура албайт эмеспи, мени кошуп алып курорт, санаторийлерге концерт коё баштады. Ал сатира аткаргандан кийин “эми сен ырда” дейт, ырдайм. Ошентип өзүн алаксытып жүрдү.

“Акыркы сапарга кантип узатылганын телефондон карап отурдум”

– Менде эмне арман? Арманым – Рахман каза болгондо акыркы сапарга узата албай калганым. Экөөбүз тең коронавирус менен ооруп ооруканада жатып калдык, аябай кыйналдык. Ага кант диабети кошул-ташыл болду. Аны ажалдан алып кала албадым. Бирок акыркы деми чыккыча жанында болдум. Ал каза болуп сөөгүн алып кетишкенде мени ооруканадан чыгарбай коюшту. Алсызсың дешти, протокол боюнча болбойт дешти. Үйүбүзгө орнотулган видеокамералар чөнтөк телефонубузга туташтырылган эле. Аны акыркы сапарга кантип узатышканын ошол камералардан карап отурдум, сай сөөгүм сыздап, буркурап ыйладым. Ичимден түтөп күл болуп, анан коштошуу иретинде кошок чыгардым.

“Китеби чыкпай, киносу тартылып бүтпөй калды”

– Рахмандын максаттарынын көбү ишке ашпай калды. “Эрен” аттуу тасманы тартып бүтөйүн деп калганда пандемия башталып, тартуу иши токтоп калды. Анткени айрым эпизоддору мектептен тартылмак, мектептер болсо ковидден улам жабылып калган. Мурдагы билим берүү министри Каныбек Исаков менен макулдашып, тасма тартылып бүткөн соң мектептерде тарбиялык мааниде көрсөтүүнү чечишкен болчу. Тасмада окуучу менен мугалимдин мамилеси, окуучуга коомдун таасири, өспүрүмдөрдүн суицидге баруусунун себептери жана башкалар чагылдырылмак.

“Куудулдук менен байый албайм” деп кытайлык ишкерлер менен сүйлөшүп, таш майдалоочу завод ачабыз деп жүргөн эле. Анан пандемия башталды, кийин Рахмандын көзү өтүп кетти. Ошентип кытайлык ишкерлер завод ачуу үчүн алып келген шайман, жабдыктарын кайра алып кетишти.

“Аралашка 40 жыл” аттуу концерт коёбуз деп, сценарий жазып жүргөн. Ошол концертке карата Манас Бердибековду эскерүү китебин чыгармак, жетишпей калды.

Рахман жазган сатираларынын баарын бир папкага салып чогултуп сактап, жаңыларын кошуп келе жаткан. Ошол папкасын акыркы айларда жоготуп алды. Сураштырып таппадык. Эми Рахмандын Манас Бердибеков тууралуу жана куудулдар топторун кандайча түзгөндүгү боюнча өзүнүн эскерүүлөрүн, сахналаштарынын жана менин эскерүүлөрүмдү топтоп, атайын китеп кылып чыгаралы деп жатабыз. Рахманды эскерүү концертинде китептин бет ачарын кылсак деген планыбыз бар.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1058, 17-23-март, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан