ҮЙ ЖАНА ЖЕР ТАЛАШ ЧЫРЫНДА АЗАП ТАРТКАНДАР

Сот бийлиги – адам тагдырын оңдойт дагы, талкалайт дагы. Бул сыйкырдын күчү сот чечиминин адилеттүү же адилетсиз экендигинде. Макалада “соттун адилетсиз чечиминен үйү жок, көчөдө калдык” деп даттанган Бишкектин тегерегиндеги конуштарда жашаган бир нече каармандын окуясына орун бердик.

Марал Шаболотова, Ак-Ордо конушунун тургуну: “Президентке кайрылуудан башка аргам калган эмес”

– Биз 9 жылдан бери Ак-Ордо конушунда жашайбыз. Юрий Гагарин көчөсүнүн жээгинен 2012-жылы ишеним каттын негизинде жер тилкесин сатып алган элем. 2014-жылы там салганбыз. 2017-жылы кошунам Толкун Самудинова келип “бул жер меники, менин кызыл китебим бар” деп талаша баштады. Ал кезде квартал башчы менен жакшы болчу, ал киши Самудиновага кантип кызыл китеп жасатып бергенин билбейм. 2017-жылы жер мораторийине ылайык кызыл китеп берилбеши керек болгон экен. 6 жылдан бери кошунам Самудинова менен соттошуп келдик. Бир жолку сотто мен анын көрсөткөн кызыл китеби жараксыз экенин далилдегем. Бирок кийинки соттук инстанциялар ишти анын пайдасына чечип берип коюп жатты. Үйүмдү бузуу боюнча сот чечими чыкканда дароо даттанып апелляциялык арыз жазгам. Бирок аны күтпөй эле үйүмдү бузуп киришти. Жумушта элем, кайненем балдарды карап үйдө болчу, ал телефон чалары менен жетип келдим. Эки балам сыртта жүрүптүр, кайненем 2 балам менен үйдүн ичинде экен. Алар үйдүн чатырын бузганга жетишиптир. “Койгула, жолдошум ооруканада, азыр барарга жерибиз жок” деп жалдырасам болбой буюмдарыбызды сыртка чыгарып, үйүмдү бузуп кетишти. Мен ошол күнкү азапты эч кимге каалабайм. Эч ким мага окшоп үйү түрттүрүлүп көчөдө калбасын. Биз канча жыл эмгек кылып курганбыз ал тамды. Баш калкалаар жерибиз жок, эмне кылар айламды таппай калганда президентке видеокайрылуу жасадым. Кудайга шүгүр, эл-журт бар экен колдоп-коштоп кетишти, президентибиз да дароо реакция кылды, ага ыраазымын. Мен тааныбаган адамдар чалып ал-жайымды сурап жатышты. Жер талаш маселеси биздин пайдабызга чечилет деген ниеттемин. Биз менен кошо дагы 6 үй-бүлө кызыл китеп алууга документ тапшырышты. Өкмөт биздин бузулган үйүбүздүн ордуна башка үй куруп берүүгө киришти. Негизи биздикиндей көйгөйү бар жарандар Ак-Ордодо абдан көп. Адвокат жалдаганга акчасы жок, жылдап соттошкондон тажап жерин алдырып койгондор да бар.

Кыздаркан Тургунова, Бугу-Эне-Багыш конушунун тургуну: “Бир жер тилкени эки жолу сатып алдым”

– Биз 2003-жылы “Манас” аэропорту жактагы Бугу-Эне-Багыш конушунан 4 сотых жер тилкесин сатып алганбыз. Анда бул жакта эч ким жашачу эмес, какыраган эле чөл болчу. Мыйзам боюнча ал жерлер майыптарга берилген экен, алар “шаардан алыс тура, жашабайбыз” деп баш тартып коюшканда, жарандар эч кимдин уруксаты жок эле үй салып башташат. Мен да айыл өкмөттө иштеген адамга ишенип акчасын берип, 2007-жылы үй куруп баштадым. Үйдү куруп бүткөндө “бул жер меники” деп бир киши кызыл китебин көрсөтүп, жерди бошотуп коюшумду талап кылды. “Тамыңды кааласаң көчүрүп кет, кааласаң бузуп кет, бирок жерди бошотуп кой” деп туруп алды. Сотко чакыруу келгенде үйдүн ээсимин деген киши менен сүйлөшүп “соттон сотко чуркабай, ээси болсоңуз сиз менен эле келишип бүтүрөлү” деп 2 миң доллар берсем, жердин кызыл китебин менин атыма өткөрүп берген. Эки кабат үй куруп койсоң, бирөө келип “жер меники” десе мээнетиң үчүн деле макул болот экенсиң да. Ошентип бир жер тилкени эки жолу сатып алдым. Азыр эми 2017-жылдары берилген кызыл китептер жараксыз, анткени ал убакта жер мыйзамы боюнча кызыл китеп берилбеши керек болчу деп жатышыптыр. Эми “кызыл китебим жарактуу болуп калса экен” деп башым катып отурам. Орусияда үй-бүлөбүз менен 10 жыл иштеп, эки кабат там салдык эле, бирок 20 жылдан бери ал конушка өкмөт түзүгүрөөк көңүл бурган жок. Болбосо шаардын Биринчи Май районуна карайбыз, электр энергиясы борбордук көчөлөргө гана кирген. Акчасы барлар өз алдынча тарттырып жатышат, акчасы жоктор отурат караңгыда. Сууну да жарытып чыгарышкан жок, бир эле жерден чыгат. Аны да каражаты барлар өздөрү үйүнө тарттырып кирип алышкан. Маршруттук такси эми гана каттай баштаптыр. Шарт жок болсо кантип жашайсың. Биз деле орусиялап жүрүп салган үйүбүздө жашаган жокпуз.

Кубандык Камалов, Рухий-Мурас конушунун тургуну: “Апамдын моюнуна карыз илип, үйдөн кууп чыгышты”

– 2011-жылы апам Гүлсина Дооронова кийин биздин үйүбүздү тартып алган Назира Барпиева менен таанышып, үстөк пайызын кошуп төлөп берем деп андан 50 миң сом алган. Аны 60 миң сом кылып кайра бермек. Ал аял апамдын кээ бир төлөй албай калган күндөрүнө да пайыз кошуп турган. Апам негизги сумманы төлөп бүткөндөн кийин “себепсиз эле пайызды көбөйтүп салдың” деп калганын төлөбөй, Орусияга кетип калат. 2012-жылы Назира Барпиева “Гүлсина Дооронова менден тил каттын негизинде 257 миң сом алган, 10 айдан бери төлөй элек, үстөк пайызы менен кошо 500 миң сом өндүрүп бериңиздер” деп сотко кайрылган. Апам сотко катыша алган эмес, ал убакта Орусияда болчу. Кийинчерээк 257 миң сом доосу кайдан-жайдан жок болуп эле, 6 тил катты көрсөтүп апамды 574 миң сом алды кылып кайра сотко берген. Тил каттарды карасак апам жума сайын эле 215 миң сом, 63 миң сом, 50 миң сом, 86 миң сомдон ала берген имиш. Ал тил каттарды өздөрү жасашкан, апам жазган эмес. Биз азыркыга чейин кол жазма экспертизасын суранып келебиз. Керек болсо ал тил каттар жазылган даталарда апам Орусияда болгон, аны бажыдан, темир жолдон алынган документтер менен тастыктадык. Бирок ага карабай, сот ошол карызды төлөтүү үчүн биз жашап жаткан үйдү аукционго коюп, аны 1 миллион 273 миң сомго баалайт. Бирок үй сатылбай калганына байланыштуу ашыкча сумманы апамдын атына депозитке салып коюп, үйдү өздөрүнө алууну чечишет. Соттун чечимине таянып, жакында 8-март күнү бизди үйдөн кууп чыгышты. Кошуналар боз үй тигип беришти, ата-энем азыр ошол жерде жашап жатышат. Мен үй-бүлөм менен кошунанын үйүндө жашап жатам. 7 жылдан бери соттошуп кайрылбаган жерибиз калган жок. Башкы прокуратура бул ишти териштиребиз деп жатат. Сот процесстеринин да аралыгын алыс коюп жатышат, ага чейин үйүбүзгө кире албайт экенбиз. Бул иште Барпиева сотторго жалган айтып жатат, соттор калыс болушса дейт элем.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1058, 17-23-март, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан