Айым Айылчиева, ырчы: "ТООККАНАДАН ЖУМУРТКА ЧОГУЛТКАН ЖАКЧУ"

Ырчы Айым Айылчиева менен анын балалыгы тууралуу маектештик. Ал ырчылык сапардын башталышы, бактылуу балалыгы, ата-энесинин колдоосу жана башкалар жөнүндө кызыктуу кеп куруп берди.

“Жакшы адам бол деп тарбиялашты”

– Мени бала кезден жакшы адам болууга тарбиялашты. Ал тарбияны дайыма бекем карманууга аракет кылам. Ушул жылдын март айында 25ке чыгам. Ага карабай мени көбү мектеп окуучусу же секелек кыз деп ойлошот. Андайларга таарынбайм деле. Менде baby face (наристенин жүзү) сакталган. Бул да болсо ата-энемден, алардын генинен. Анткени алар да өз жаш курагынан абдан жаш көрүнүшөт (күлүп).

“Чоң ата, чоң энемдин колунда көп жүрдүм”

– Бишкекте төрөлүп, чоңойдум. Короого чыгып ойноого убакыт жок эле, досторум да болгон эмес. Бирок тез-тезден айылга чоң атамдыкына барып турчубуз. Балалыктагы көп күндөрүм чоң ата, чоң энем, таята, таенемдер менен өттү. Бардык каникулда ошол жакта эле жүрчүмүн. Таң эрте эрте туруп уй саап, уйду айдап, алар турган жерлерди тазалачубуз. Чоң атам уйлар эртең менен бала бакчага кетет деп тамашалачу. Анан аларды кечке маал “бакчадан” тосуп алчубуз. Айылда күн сайын эртең менен тооккананы ачып, жумуртка барбы-жокпу деп текшергенди жакшы көрчүмүн.

Айжамал, Айсулуу деген курбуларым бар эле. Баарыбыздын атыбыз “Ай” дегенден башталчу, туулган күндөрүбүз да март айында болчу. Үчөөбүз кызыктуу күндөрдү көп өткөрдүк. Кийин байланышпай калдык. Азыр аларга жолугуп, ошол өткөн күндөр тууралуу сүйлөшүп отургум келет. Бала кезди жылуу сезимдер менен эстейм.

“Апам түйшүгүмдү тартып чуркап эле жүрдү”

– Апам мага абдан камкордук кылды. Сынактарга катышуу, даярдануу, форма тиктирүү сыяктуу түйшүктөрүмдү жеңилдетип чуркап эле жүрдү. Көп убактысын, күчүн, энергиясын мага арнады. Ата-энемдин колдоосу, салымысыз бүгүнкү эл билген Айым Айылчиева болбосо керек эле.

Анан бир күнү алар “чыгармачылыкты улантасыңбы? Бул сага керекпи, каалайсыңбы? Биз сага өзүбүздүн каалоону таңуулап жаткан жокпузбу?” деп сурашты. Ушул күндөн тарта көпчүлүк учурда өзүм чечим кабыл алып, өз алдымча болууга аракет кыла баштадым. Ырчылыктан баш тартпадым, анткени бул нерсе мага жагарын түшүндүм. Албетте, ата-энем дайыма жанымда, кайсы бир маселе боюнча кеңешем.

“Алгачкы гонорарды 1,5 жашымда алгам”

– Кичинемде аябай активдүү, шок кыз болчумун деп айтпадымбы. Ал кездеги видео, фотолорду карасам сөзсүз колумда микрофон бар, ырдап, бийлеп же концерт коюп жүргөн болом (күлүп). Азыр аларды карап ыр-бий дүйнөсү мени ушунчалык арбаган экен деп калам. Чыгармачылык менен байланыш менде ошол кезде эле пайда болуптур.

1,5 жашымда алгачкы 50 сомду тойдо бийлеп тапкан экем. Мындайча айтканда, алгачкы гонорарды ошондо алгам (күлүп). Бир аз чоңойгон соң андан көбүрөөк таба баштадым, бул менин жеке керектөөлөрүмө жетчү. Алгачкы көрүчүүлөрүм, күйөрмандарым туугандарым болчу.

“Кыздарга мүмкүнчүлүк берилсе...”

– Кичинекей кезимен эрте турам. Чоң ата, чоң энем менен көпкө жашагандыктан алардан эрте турганды үйрөнгөм. Абдан жоопкерчиликтүүмүн, өз алдынча болууга да эрте үйрөндүм. Өзүм кийинип, даярданып, ата энемди ойготуп бала бакчага алып барууларын суранчу элем. Азыр балдар андай эмес экен, уктай беришет (күлүп).

Атам тараптан эң улуу небере мен болгондуктан баарынын сүйүүсүн толук мен алдым десем болот. Азыр 1 жашымдагы видеону көрүп, баары мени айланчыктап жүрүшкөнүн, мага деп бир нерселерди жасап жүргөнүн көрөм. Андыктан менин бүгүнкүдөй адам болуп калыптанышыма чоң салым кошкон бардык жакындарыма ыраазымын. Анткени алар мени бардык тараптан колдошту, аяп, сүйөп, коргоп турушту.

Кийинчерээк мага мен курактуу кыздардан “менин да ырдагым, бийлегим келет, бирок жакындарым колдобойт” деген каттар келе баштады. Ошол учурда мен аларды аяп кетчүмүн. Өзүм кичинекей болсом, кандай жардам бере алам дейт элем.

Анан да кыздарга байланыштуу кайгылуу окуяларды көрүп, жаман болуп кетем. Менде да мындай учурлар болгон, мүмкүн, мен аны бөлүшүүгө ал учурда даяр эмес болчумун. Мисалы, жолдо түз эле бара жатсам бирөөлөр алдымды тороп, буту менен чалганга аракет кылып, же кыйкырып тийишчү. Же мага карата орой мамилесин көрсөтүшчү. Бул нерсе мени капа кылып, ызалантчу. Ошон үчүн кыздарга, алардын укугун коргоого байланышкан долбоорлорго дайыма катышып, колдоого аракет кылам. Башка ата-энелерге кыздардын бир нерсеге шыгы, таланты болсо, аларды өстүрүүгө, өсүп-өнүгүүсүнө мүмкүнчүлүк берсе деп айткым келет. Эгерде ошол нерсенин акырына чыкпай калса, же ката кетирсе деле, бул нерсе жаш адам үчүн жөн гана тажрыйба болот.

“Кыз дүйнөсү” кыздардын гимни...

– Жакында 8-март – Айымдардын эл аралык майрамына карата “Кыз дүйнөсү” ырымды элге тартууладык. Бул күн жылына бир жолу гүл берүү, же жөн эле майрамдап коюу эмес, аялдардын укуктары үчүн күрөшүүдөн башталган майрам да. Ошондуктан биз да кыргыз кыздарын колдоо, аларга аяр мамиле, сүйүү керектиги тууралуу чыгарма жараттык. Интернетте “бул ыр кыздардын жалпы гимни сыяктуу болуптур” деген пикирди окуп кубандым. Эгерде ушул ыр көпчүлүктүн жүрөгүнөн орун таап, кыздардын, аялзатынын жан дүйнөсүнө сүйүү, мээрим менен мамиле кылганды үйрөтө турган болсо, анда биздин максат ишке ашты деп билем.

Жүрөгү ооруп калбасын,

Жүдөтүп тыюу салбагын.

Ал билсеңер – аялзаты,

Аны сыйлап, аярлачы!

Күлүп койсо жылдыздай таңдагы.

Кыз – адам! Кыялданат,

Кыз – аалам, нурдай жанат,

Күн болот колдосоң жаркырап.

Кызга кол тийгизбе,

Кызга сөз тийгизбе,

Деп айткан ата-бабам бизге!

Турсунай Алымкулова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1058, 17-23-март, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан