Болот Токтобаев, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: «КЫЗЫМ ҮЧҮН ЭЛДЕН ЖАРДАМ СУРООГО АРГАСЫЗМЫН»

Белгилүү обончу, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Болот Токтобаев кызы үчүн элден жардам суроого аргасыз. Кызы – 6 жаштагы Хадижанын кулагына операция жасатууга көбүрөөк сумма талап кылынууда. Тагдырдын сыноосу тууралуу Болот ага жубайы Сүйүнбүбү Анарбаева экөө айтып беришти.

– Саламатсыздарбы? Болот ага, тагдырдын сыноосунан улам коомчулукка жардам сурап кайрылууга аргасыз болдуңуздар окшойт...

Болот Токтобаев: – Саламатчылык. Ооба, тагдыр экен, жардам сурап элге кайрылууга аргасыз болуп турам. Кичүү кызыбыз Хадижа учурда 6 жашта. Төрөттөн кийин дарыгерлер мага кызымды көрсөтүшүп, бир кулагы жок, туюк төрөлгөнүн айтышты. Кипкичинекей болуп вакуумда жатыптыр. Мен дароо эле “апасына айтпай тургула, өзүм айтам” дедим. Бирок баары бир айтып коюшуптур.

– Кош бойлуулук кандай өттү эле?

Сүйүнбүбү Анарбаева: – Негизи эле кош бойлуу мезгилим оор өтөт. Кичүү кызыбызды 7 айлык кезинде кесарево жолу менен 1 килограмм 460 грамм салмакта төрөдүм. Жандандыруу бөлүмүндө наркоз тарап, өзүмө келе баштаганда кызымдын кулагы тууралуу айтышты. “Сол тараптан угуу каналынын атрезиясы жана микротиясы” деп диагноз коюшту. Бир кулагы туюк болгону үчүн экинчи кулагы угабы-укпайбы деп башында кабатыр болуп жаттык. 3-4 ай болуп калганда күлүп, үн чыгарып баштаганда экинчи кулагы угарын байкап жүрөгүбүз ордуна келди.

Б.Т.: – 2 жашка чейин тыным жок эле, ооруканага көп каттадык. Ара төрөлгөн бала алсыз болот экен. Түнү менен уктабаган күндөр көп болду, бири-бирибизди колдоп, алмак-салмак карап жатып торолттук. Кулагы боюнча алгач 1 жашында алып келгиле деген, анан “3 жашында алып келесиңер” деди, 3 жашында алып барсак, “6 жашында алып келгиле” деди. 6 жашында алпарсак, текшеришип, “кулагында канал жок экен” дешти. Кээ бириники кулагы туюк болгону менен, каналы болот экен, а менин кызымдыкы туюк дагы, каналы дагы жок экен.

С.А.: – Учурда сурдологдо каттоодо турабыз. Кызым өзү 4 жашында кулагына маани бере баштады. 5 жашында “эмнеге менин кулагым мындай, эмнеге башкалардын кулагы жакшынакай, кулагым өсөбү?” деп сурай турган болду. Мындай суроолорду мага караганда атасына көп берет, атасы андайда ыйлап жиберет.

Б.Т.: “Ата, кулагым качан өсөт? Кышында өсөт, жайында өсөт дебедиңиз беле, убада бербедиңиз беле? Өспөдү го, неге мени алдап жатасыз?” деп жүрөгүмдү эзет. Ушул суроого жооп бериш кыйын (ыйлап)... Ал теманы жабуу кылымга тете болуп кетет.

– Кыргызстанда андай дартка операция жасачу хирургдар жок бекен?

С.А.: – Бизде азырынча кулакты дал өзүндөй кылып операция жасагандар жок экен. Бакыт деген хирург жасачу экен, тилекке каршы, ал пандемияда каза болуп калыптыр. Негизи “операция жасай алат экен” деп уккан жердин баарына бардык. Жасалма кулак жасатуу деген да вариант чыкты. Ал силикондон жасалып, күндүз тагып жүрүп, жатарда алып коёт экен. Имплант кулактын артындагы сөөккө бекитилет экен. Темири убакыттын өтүшү менен бошоп кетиши мүмкүн дешти.

Б.Т.: – Кыз киши болсо, кулагы жок экенин эмитен эле ушундай кабыл алып жатса, эртең мектепке барганда, бойго жеткенде кандай кабыл алат? Жасалма кулак бир жерге катуураак тийип калса сынып-жыртылып калышы мүмкүн экен. Кокустан көчөдөн бир нерсе тийип ыргып кетсе, ага кызым кантип чыдайт? Ушунун баарын ойлонуп, бул варианттан баш тарттык. Улуу кызым Венгрияда окуйт, ошол кызым түрк врачтары менен сүйлөштү. Операцияны 6 жашында жасатышыбыз керек экен. Баасын 2 жыл мурун 22 миң доллар дешкен, андан кийин 25 миң доллар болду, быйыл 30 миң доллар болуптур. Мындай операция Канадада, АКШда 100 миң доллардан ашык турат дешти. Негизи кышта сүйлөшкөнбүз, бирок ойлонуп, акча издеп жүрүп ушунча убакытты өткөрдүк. Эми канча чогулат, качан чогулат, айтыш кыйын. Элден үмүт кылып жатабыз.

С.А.: – Элден жардам сураш кыйын болду. Атасы “бала үчүн намыстанбай, тартынбай эле коёюнчу, кызымдын келечеги үчүн жасайм” деген чечимге келди. Кыз да, күзгүгө каранып кулагын кармалайт. “Ата, кулагым өссө сөйкө тагынат элем” дейт. Бир кулагына бир нерселерди илип алат. Ободок, көз айнек тагынгысы келет, бир кулагы жок болгон үчүн көз айнек да токтобойт. Ар дайым чачын жайып жүрөт. Чачын артка байласа деле ошол кулагын чачы менен тартып жаап коёт. Короодо чогуу ойногон балдар кулагын байкап калса дароо ачып жиберишет. Бир жолу бир кыз ошентти эле, кызым аябай жаман болуп кетти. Бери жакта карап турган биз да жаман болдук. Ошондон кийин короого чыгарганда абайлап калдык. Азыр эле ыңгайсыз болот, мектепке барганда, бой жеткенде кысынып чөгүп кетпесин деп жатабыз.

– Операция жасай турган врачтар эмне деп жатышат? Канча пайыз кепилдик беришет экен?

С.А.: – Операция эки этап менен жасалат дешти. Биринчи этабында өзүнүн кабыргасынын кемирчектерин алып кулактын каркасын, сан этинен кулактын терисин жасайт экен. Аны даярдагыча 6 ай убакыт өтүш керек. 2-этапта – 6 айдан кийин ошол жасалган каркасты кулагына жармаштырып тигип беришет. Кызымдын кулагында каналы жок болгондуктан баары бир укпайт, ошентсе да берки уккан кулагына канча бир пайыз жардам бериши керек экен. Азыркы учурда ошол азыраак пайыз да азайып баратыптыр. Баргандан кийин дагы бир сыйра текшерүүдөн өткөрүп, анан операция жасалат дешти. Эч ким 100 пайыз кепилдик бербейт экен. Ириңдеп кетпей жакшы айыгышына 80-90 пайыз кепилдик беребиз дешти.

– Учурда эмне жумуш менен алектенесиз?

Б.Т.: – Мен 2-3 жерде иштейм, жеңеңер болсо үйдө. Кызыбызды бала бакчага да бере албайбыз, кулагынын айынан шагы сынып калбасын деп коркобуз. Кызым өзү зирек, сезимтал. Тамгаларды өз алдынча үйрөнүп жатат. Быйыл 1-класска барыш керек эле, кулагынын айынан мектепке жибергенден да тайсалдап турабыз. Колдоп-коштоп жаткан эл-журтума, санаалаштарга, Сыймыкка (ред.: Бейшекеев) ыраазычылык билдирем. Керектүү сумманы чогултуу үчүн элиме жардам сурап кайрылууга аргасызмын. Буюрса, кайрымдуу адамдардын жардамы менен кызыма операцияны ийгиликтүү жасатабыз деп үмүт кылам.

Маек учурунда Хадижаны да кепке тарттык.

– Хадижа, канча жаштасың?

– 6 жаштамын.

– Эмне кылганды жакшы көрөсүң?

– Ойногонду. Сүрөт тартканды жакшы көрөм.

– Келечекте ким болгуң келет?

– Учкуч болгум келет. “ГАИшник” да болгум келет. Анан сурдолог болгум келет, мендей балдарды дарылагым келет. Көп жерде иштегим келет.

– Досторуң көппү?

– Ооба, Зейнеп, Айсулуу деген досторум бар.

– Алар сени капа кылышпайбы?

– Жок, капа кылышпайт.

Жардам берүү үчүн реквизиттер:

Мбанк жана Элсом:
0700 63 83 66

ОПТИМА БАНК:
4169 5853 5917 6566

СБЕРБАНК:
4276 3801 8399 6540

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1058, 17-23-март, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан