ГҮЛДӨӨЧҮ БАДАЛДАР – КОРООНУН КӨРКҮ

Жаз келип, короону гүлдөтүү, көрктөндүрүү мезгили башталды. Ошондуктан короого көрк берүүчү бадалдар тууралуу маалымат берели дедик. Макаланы даярдоого Бишкектеги “Жердеев сад” питомнигинин кызматкери Тамара Жердеева көмөктөштү.

КАРИОПТЕРИС

Боюнун бийиктиги – 1-4 метр. Гүлүнүн жыты хвоянын, ал эми жалбырактарыныкы пихта менен жалбыздын жытына окшош. Өңү сыя-көк. Кеч күзгө чейин гүлдөп тура берет. Бир караганда лаванданы элестетет.

Гүлдөө мезгили – августтун этеги.

Күнгө талабы – күн жакшы тийген жерде кулпуруп өсөт. Топ-тобу менен, тагыраагы, 4-5 түптөн, аралыктарын 1,5 метрден кылып отургузуу сунушталат. 2 жыл ичинде түбүнөн көбөйүп, жыш болуп өсөт. Дарактардын араларына отургузса да болот.

Суукка чыдамдуулугу – кышында абдан суук болуучу аймактарда ороп коюу кажет. Ал эми кышы жылуу аймактарда сабагын түбүнөн кесип, үстүнө таарынды таштап коюу жетиштүү.

ВЕЙГЕЛА

Боюнун бийиктиги – сортуна жараша 30 сантиметрден 1,5 метрге чейин. Бутактары бир аз ийилип турат. Учурда 10 сорту бар. Гүлүнүн формасы коңгуроого окшошуп кетет, ачылгандан кийин 3 апта турат.

Гүлдөө мезгили – жылына 2 ирет гүлдөйт: апрель-май жана август-сентябрь.

Күнгө талабы – күн түз тийген жерде, жарым көлөкөдө өсөт. Нымдуу семиз топуракты жактырат. Саздуу жерде жакшы өспөйт. Бири-биринен 1,5 метр аралыкта отургузулат.

Суукка чыдамдуулугу – кышында үшүк албашы үчүн ороп коюш керек.

ДЕЙЦИЯ

Боюнун бийиктиги – 1,5-2,5 метр.

Диаметри 1,5 сантиметрге жеткен гүлүнүн желекчелери сеңселип турат. Гүлүнүн сырты кызгылтым келип, ичи аппак. Мол, жыш гүлдөйт.

Гүлдөө мезгили – июнь-июль айлары.

Күнгө талабы – күн нуру жакшы тийген жана жарым көлөкө жерде өсөт.

Июлдун ортосунда кошумча азыктандыруу керек, болбосо кышка эрте даярданып, жалбырактары түшүп баштайт.

Суукка чыдамдуулугу – кышында үшүк албашы үчүн ороп коюш керек.

СНЕЖНОЯГОДНИК (КАР МӨМӨ)

Боюнун бийиктиги – 50 сантиметрден 1,5 метрге чейин. Гүлү сортуна жараша күлгүн же ачык-саргыч күрөң. Мөмөсү ак түстө, жегенге болбойт. Аны чымчыктар сүйүп жешет.

Гүлдөө мезгили – август, сентябрь айлары.

Күнгө талабы – күн жакшы тийген жерде, жарым көлөкөдө өсөт.

4-5 түптөн, бири-биринен 1,5 метр аралыкта отургузулат.

Суукка чыдамдуулугу – кышында абдан суук болуучу аймактарда ороп коюш керек. Ал эми кышы жылуу аймактарда эч нерсе болбойт.

КАТАЛЬПА

Боюнун бийиктиги – бул дарак болгондуктан сортуна жараша 3-16 метрге чейин өсөт. Гүлү ак, чөйчөкчөсүнүн түп жагы сыя-күрөң тартып кетет. Жалбырактары чоң болгондуктан “пил кулактуу дарак” деп да аталат. Гүлү алма жыттанып турат. Кемчилиги – отургузгандан 5 жылдан кийин гүлдөйт.

Гүлдөө мезгили – июль, август айлары.

Күнгө талабы – күн жакшы тийген жерде өсөт.

Суукка чыдамдуулугу – кышкысын үшүк уруп кетпеши үчүн орош керек.

Гүлдөөчү бадалдарды отургузуу

1. Чуңкурдун тереңдиги жана диаметри 40-60 сантиметр болушу кажет.

2. Бадалга 6-9 айга чейин азык болуп берүү үчүн чуңкурдун түбүнө фертика плюс же осмокот (жер семирткич) таштоо керек. Аларды канча өлчөмдө колдонуу керектиги идишинде жазылат. Биогумус деле жарайт. Кык колдонбогон жакшы, ашыкча ташталса тамырларын күйгүзүп жибериши мүмкүн.

3. Топурак ташталган соң үстүн жакшылап таптоо керек. Алгачкы аптада күнүгө сугаруу талап кылынат. Андан кийин топурактын нымдуулугуна карап сугарылат.

Баалары – гүл челекте өстүрүлгөндөрү орточо 500-1500 сом, топуракта өстүрүлгөндөрү 300-500 сомдун тегереги.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1058, 17-23-март, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан