ДЕПУТАТ КҮЗӨТЧҮНҮ САБАП БУЛЧУҢУН СЫНАДЫ...

Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров 12-март күнү Бишкектеги кафелердин биринде бир жигитти сабап салганы резонанс жаратты. Депутат эртеси кечирим сурап, жабырлануучу кечиргени маалымдалды. Ал эми Башкы прокуратура депутатты кылмыш жоопкерчилигине тартууга парламенттен уруксат сурап, Жогорку Кеңеш жагдайды териштирүү үчүн 15-мартта депутаттык комиссия түзүүгө үлгүрдү.

Адис Айбек уулу, жабырлануучу:“Достору менен көптөп сабады”

– Биз шеригим Арген Жекшенов (ред.: депутат сабаган жигит) экөөбүз күзөт агенттигинин тез аракеттенүү тобунда иштейбиз. 12-мартка караган түнү “Алтын ажыдаар” ресторанынан чакыруу түшкөндө бардык. Алгач ал жерде эс алып отурган 3 кишиге барып өзүбүздү тааныштырып, залда башка кардарлар да бар экенин эскертип, өз ара пикир келишпестикти сыртка чыгып чечүүсүн түшүндүрдүк. Залдын ортосунда бир киши ыйлап отуруптур. Биз “жүргүлө, сыртка чыгып ызы-чуу кылгыла” деп алар менен чогуу эшикке чыктык. Кошуна столдо ондой эс алуучу отурган, алардин бири депутат экен. Биз анын депутат экенин деле билген эмеспиз. Эшикке чыкканда эле бизди кармап алып, көптөп сабап киришти. Шеригим Арген катуу сабалды. Депутат менен достору бизди эмне үчүн сабап жатканын деле түшүнгөн жокпуз. Алдын ала эмне болгонун айтышкан жок.

Башкы прокуратура: “Депутатты жоопко тартуу үчүн Жогорку Кеңешке кайрылдык”

– Башкы прокуратурага Бишкек ШИИБинен депутат Жаныбек Абировдун аракетине юридикалык баа берүү үчүн материалдар келип түшкөн. Ага ылайык, 12-март күнү саат 01:46 чамасында чакыруу боюнча кызматтык милдетин аткаруу үчүн “Алтын ажыдаар” ресторанына барган күзөт агенттигинин тез аракеттенүү тобунун кызматкерлери А.Ж. менен А.Аны Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров менен 7-8 мас абалындагы адамдар эч бир себепсиз ур-токмокко алып, ден соолугуна зыян келтиришкен. Башкы прокуратура Жаныбек Абировго карата Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1,4-пунктуларында (адамдардын тобу тарабынан коомдук тартипти сактоо боюнча милдеттерин аткаруучу адамдарга карата бейбаштык аракеттер) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери менен кылмыш ишин козгоого, ага карата сотко чейинки тергөө аракеттерин, иш-чараларын жүргүзүүгө жана айыпкер катары тартууга макулдук берүү жөнүндө Жогорку Кеңешке сунуштама киргизди.

Айта кетсек, 15-мартта Жогорку Кеңеш депутат Абировдун окуясын иликтөө үчүн депутаттык комиссия түздү.

Жаныбек Абиров: “Эмоцияга алдырбашым керек эле, кечирим сурайм”

Окуянын башкы каарманы Жаныбек Абиров социалдык түйүндөгү баракчасы аркылуу үн катып, жабырлануучудан жана элден кечирим сурады.

– Эл өкүлү катары кандай гана жагдай болбосун эмоцияга алдырбашым керек болчу. Ооба, мен ката кетирдим, чоң күнөө моюнумда бар жана кырдаалды жөнгө салуу үчүн бардык күч-аракетимди жумшоого даярмын. Аргенден, анын үй-бүлөсүнөн, жакындарынан чын жүрөктөн кечирим сурайм жана бардык колдоолорду көрсөтүүгө даярмын. Ошондой эле окуяга байланыштуу кыргызстандыктарды жана жалпы шайлоочуларымды кабатырланткандыгым үчүн кечирим сурайм,- дейт депутат.

15-март күнү жабырлануучу Арген Жекшенов депутат Абировду кечиргени тууралуу маалымат тарады.

Бишкек ШИИБи:“Кылмышка шектүү эки жаран 1 айга камалды”

12-март күнү Д.А. аттуу жаран милицияга арыз менен кайрылып, аны борбордогу ресторандардын биринде белгисиз адамдар сабаганын билдирген. Жабырлануучу башынан жаракат алып ооруканага кайрылган. Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, анын натыйжасында 1988-жылы туулган П.Э. жана 1987-жылы туулган А.Д. аттуу шектүүлөр кармалды. 15-март күнү Бишкек шаардык Свердлов райондук соту тарабынан А.Д жана П.Эни бир айга, тагыраагы 2023-жылдын 13-апрелине чейин СИЗО-1ге камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалып алынды.

Жогорку Кеңештин депутаттары бул окуя тууралуу эмне дешет?

Жусупбек Коргонбай уулу:

– Мен бүгүн (ред.: 15-март) жабырлануучу тосмо арыз жазып берип, тараптар элдешкенин уктум. Жарашкандан кийин кайра аны козутуунун кереги жок. Эркектердин баары эле мушташат, болгону коомчулукка чыгып кеткени чуу жаратууда. Бирок депутаттын жоругун актабайм, туура эмес иш болду.

Айгүл Айдарова:

– Бүгүнкү жыйында (ред.: 15-март) мени бул окуяны иликтөө үчүн түзүлгөн депутаттык комиссияга мүчө кылышты. Абировдун кыймыл-аракетине баа берүү үчүн тергөө ишиндеги маалыматтар менен толук таанышып чыгыш керек. Баарыбыз мыйзам менен жашайбыз, мыйзамда эмне деп жазылса, ошого жараша иш кылабыз. Мандатынан ажыратуу же ажыратпоо маселеси мыйзам чегинде каралышы керек.

Чолпон Султанбекова:

– Абировду дароо эле мандаттан ажырата салгыдай оңой иш эмес. Биринчиден, ал жерде эмне болгонун билүү керек. Тергөө кандай жүрүп жатканын, мыйзамдуу жагын караш керек болот. Башкы прокуратура, Ички иштер министрлиги эмне дейт? Убакыт керек. Азыр бир нерсе болсо эле депутаттар күнөөлүү болуп жатпайбы. Албетте, эл өкүлү өзүн кандай алып жүрүү керектигин билиши керек, бирок ал учурда кырдаал кандай болгонун билбейбиз да.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1058, 17-23-март, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан