ИЧЕГИ, БООР, ӨПКӨНҮ УУЛАРДАН ТАЗАЛАҢЫЗ

Кышында организм күчтүү тамакты талап кылат. Тамактануудан улам пайда болгон энергиянын көбүн организм өзүн жылытууга жумшайт. Суукта сасык тумоо, курч кармоочу вирустук инфекциялар менен ооруп дарыларды ичүүгө, чоң шаарларда ыш, түтүн менен дем алууга туура келет. Булардын баары органдардын иштөөсүн начарлатып, организмде зыяндуу заттардын топтолуусуна жеткирет. Алардан үй шартында кантип арылып, ичеги, боор, өпкөнүн иштешин калыпка келтире алабыз?

Организмде топтолгон зыяндуу заттар деген эмне?

Дүйшөмбү Сыргаев, Улуттук хирургиялык борбордун өт жолдору жана уйку без хирургиясы бөлүмүнүн жетекчиси:

– Организмде топтолгон зыяндуу заттар эл оозунда “шлактар” деп аталып жүрөт. Алар катып чыкпай калган заңдар, тамактын сиңбей калган бөлүкчөлөрү, тамак-аш менен дарылардын курамындагы оор металлдардын тузу жана уулар, ашыкча заара кычкылы, пайдасыз бактериялар, аба менен өпкөгө кирген ыш жана башкалар. Организмде зыяндуу заттардын топтолгондугунун белгилери: беттеги бүдүр жана безеткилер, беттин терисинин өңүнүн начарлашы, баштын оорусу, ичтин көбүшү, ашказандын оорлошу, ооздон жагымсыз жыттын чыгышы, дерматит, аллергия, семирүү, ич катуу жана башка. Бул белгилердин көбү сизде бар болсо, демек, организм көбүрөөк ууланган.

Ар бир органды тазалоонун ыкмалары бар, баарында жакшы натыйжа болушу үчүн тазалануу учурунда майлуу, ышталган, куурулган тамак-аш жебей, спирт ичимдиктерин ичпөө, диета кармоо, жашылча-жемишке басым жасоо сунушталат.

Ичегини тазалоо ыкмалары

• Клизма. Муну жасаганда жоон ичегидеги уу, мите курттар, каткан заңдар, чыгат, ич жумшарат.

Эскертүү: клизма кош бойлуу аялдарга, геморройдон жабыркагандарга болбойт!

• Магний сульфатынын упасы. Дарыканаларда сатылат, 1 дозага ылайыкталып чыгарылат. 0,5 литр сууга лимон кошуп ичип, анан оң капталга жатып, боор тушка жылуу суу куюлган грелканы (же желим бөтөлкө) басып болушунча чыдап жатуу керек.

Эскертүү: Бул түз ичегинин жана жүрөк-кан тамыр системинин ооруларында, ашказан-ичеги жарасында, ракта, операциядан кийинки мезгилде колдонууга болбойт!

Алма, банан, түрп, петрушка, сельдерей, укроп, өрүк жана кара өрүктүн кагы. Буларды тамакка дамамат колдонуңуз.

Арпа акшагы, сулу, гречка. Курамындагы клетчаткалар каткан заңдарды да сүрүп чыгарат. Бул өзгөчө карыларга, ич катуудан жабыркагандарга сунушталат.

Бөлмө температурасындагы 200 миллилитр суу. Эртең менен турганда ичип, анан 30 мүнөт басып жүрүү же көнүгүү жасоо керек.

Кызылча. Кечинде аарчып сууга салып коюп, эртең менен 200 миллилитр суусун ичүү кажет.

Дүкөндөрдө сатылган даяр клетчаткаларды да колдонуу жакшы.

Боорду тазалоо

Сүт азыктары: айран, сүт жана айрандын сары суусу, быштак. Быштакка мейиз же таза бал кошуп жесе боордун бузулган клеткалары батыраак калыпка келе баштайт. Айрандын сары суусун 1 күндө 200 миллилитрден 2 ирет ичүү сунушталат.

Максым, жарма, алма, капуста. Булар боорду витамин, микроэлементтер менен камсыздайт. Натыйжада боор жакшы иштеп, уулардан тазалана баштайт.

Бээнин сүтү, саамал кымыз. Булардын касиети күчтүү, мисалы, боордун оорусу циррозго өтүп баратканда 15 күн ичсе боор калыпка келе баштайт.

Элевит пронаталь витамини. Анда витамин-минералдар топтому бар, боордун иштешине, калыпка келүүсүнө түрткү болот. 1 ай бою күнүнө 2-3 капсуладан ичилет.

Боор үчүн дары чөптөр топтому. Курамындагы чөптөргө аллергиясы барларга болбойт.

Өпкөнү тазалоо

Мукаш Бейшенбаев, Онкология жана гематология улуттук борборунун торакалдык бөлүмүнүн башчысы:

– Тамекини көп жылдап чеккендер өпкөсүн тазалоо үчүн текшерилип, анан дарылануу курсунан өтүшү керек. Калган учурда өпкөнү тазалоодо буларды колдонсо болот.

• Ингаляция. Бул үчүн дарыканада сатылуучу ромашка, эвкалипт жалбырагы же бузинанын гүлү керектелет. Бирин кайнак сууга салып демдеп, муздаганда сүзүп, шприц менен 4 грамм сордуруп алуу кажет. Анан небулайзердин идишине куюп, чыккан буу менен суюктук түгөнгүчө дем алуу керек. Муну 1 күндө 2 иреттен 5 күн жасоо зарыл. Ортодон 2 апта эс алып, кайра жасоого болот. Ушундан кийин чыкпаган какырыктар да бөлүнүп чыга баштайт.

Эскертүү: жөтөл күчөп какырык көп чыгып жатканда, аталган чөптөргө аллергиясы барларга колдонууга болбойт.

Эгер тамекини таштай албай жатсаңыз, тынбай спорт менен машыгыңыз. Анткени өпкөдөгү кан жакшы айланып, зат алмашуу күчөйт. Топтолгон уулар, чайыр чыгып турат.

• Ийне жалбырактуу же кадимки токойдо, суу жээгинде эс алыңыз. Ийне жалбырактуу дарактар (арча, карагай, кедр) фитонциддерди бөлүп чыгарат. Абадагы жана өпкөдөгү микробдор менен күрөшөт.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1058, 17-23-март, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан