УЧУРДУН АКТУАЛДУУ ОНЛАЙН КЕСИПТЕРИ

“Онлайн бизнестин негизги өзгөчөлүгү– тездик. Билим тез берилет, өзүң да токтоп калбастан тезирээк практика жүзүндө ишиңди алып кетсең болот. Алдынкы 10-15 жылдыкта маалыматты тез үйрөнүү, тез иштөө, жеткизүү трендде болот”,- дейт 6 жылдан бери ушул тармакта иш жүргүзүп келе жаткан блогер, инфобизнесмен Нуриза Мамет. Учурда адамдын жеке брендин онлайн жогорулаткан кесиптер да актуалдуу болуп жатыптыр.

ТОВАР САТУУДАГЫ ОНЛАЙН КЕСИПТЕР

– Онлайн бизнес оффлайн бизнес сыяктуу эле иш жүргүзөт. Мисалы, кийим сатуучу дүкөндүн сатуучу менеджери, жардамчысы жана башка кызматкери болот эмеспи. Эгер ишкер дүкөнүн социалдык тармактарга жайгаштырам десе ошол сыяктуу эле сатуучу менеджерин, анын жардамчыларын жалдайт. Сатуучу адамды – СММ адиси дейбиз. Ага телефон аркылуу сүрөт, видео тартып берген адам – мобилограф деп аталат. Профессионалдык аппараттардын жардамы менен сүрөт, видео тарткан адамды – видеограф, ал эми ошол сүрөт, видеого алгылыктуу текст жазып берген адамды – копирайтер дейбиз. Мындан сырткары сторисмейкер, рилсмейкер дегендер да бар, бири тарыхча киргизүү менен алектенсе, бири рилс видеолорду киргизип турат.

“СММ АДИСИ АЙЫНА 200 МИҢГЕ ЧЕЙИН ТАБАТ”

– СММ адиси социалдык түйүндөр аркылуу товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү алдыга жүргүзүү, сатуу менен алектенет. Өзү эле мобилограф, видеограф, копирайтер, сторисмейкер, рилсмейкер да боло алат. Былтыртан баштап рилс (reels) тартуу актуалдуу болуп баштады. Анткени Инстаграм, ТикТокто видеоформатка көп басым жасалып, натыйжада мобилография тармагына окугандар, иштегендер арбыды. Кээ бир СММдер белгилүү бир компаниялар менен иштейт, кээ бири жаңы башталып жаткан бизнести алып кетишет. Ошого жараша айына 10 миң сомдон 150-200 миң сомго чейин акы алышат. Бул чек эмес. Аймактардан да 100-200 миңдеген каражат таап жаткан кыздар, эжелер бар. Мобилограф, видеограф бир жолку сүрөт, видеолору үчүн 2-5 миң сом алат. Ал эми копирайтерлер айына 15-20 миңден жогору, ошондой эле бир текстин 200-500-1000 сомго чейин сатып да каражат табышат. Бул кызматтарды үйдөн отуруп же жумушуна кошумча киреше катары жасай беришет.

ӨЗҮН-ӨЗҮ ӨСТҮРҮҮДӨГҮ ОНЛАЙН КЕСИПТЕР

Инфопродюсер

– Жогорудагы кесиптерде адам товар сатуу, аны алдыга жылдыруу менен алектенсе, өзүнүн жеке брендин өнүктүрүү үчүн да жаңы кесип ээлери пайда болду. Мисалы, инфопродюсер, инфобизнесмен – мунун ичине коучтар, байер, ар кайсы тармактын эксперттери кирет. Инфопродюсер деген ким? Ал адамдын же белгилүү бир бренддин социалдык тармактарда чыгышынан баштап популярдуу болушуна чейинки уюштуруу иштерине жооп берет. Мисалы, мектепте иштеген эле англис тили мугалиминин тилди бат үйрөтүүдө өзүнүн ыкмалары бар, тажрыйбалуу адис, бирок ал социалдык түйүндөргө чыгуу менен дагы көп адамдарга тил үйрөтүп, кирешесин да көбөйткүсү келет. Инфопродюсер аны менен иштешип баштайт да, интернетти, маркетингди, онлайн иш жүргүзүүнү билгендиктен англис тил мугалимин эксперт катары таңгактап, визуалын түзүп чыгат. Биргеликте курстарын иштеп чыгып, аны жарнамалоо, жайылтуу, сатуу менен алектенет. Инфопродюсер белгилүү бир чектен экинчисине жеткизип, жол көрсөтөт. Натыйжада мугалим курсун да сатып, өз брендин да түптөй алат. Иштешүү акысы сүйлөшкөнүнө жараша 30-60 миң сомго чейин, андан да жогору алат.

Инфобизнесмен

– Кээ бир кесип ээлери көп жылдык тажрыйбасын таңгактап, видео курстарды, сабактарды даярдап чыгып социалдык тармактар аркылуу сатып жатса, алар бул учурда инфобизнесмен деп аталат. Булар товар эмес, маалыматты сатышат. Бирөө миллионер болуу үчүн маалыматтарды, бирөө ден соолук жаатында, юридикалык, экономикалык маалыматтарды, бирөө тамак жасоо, соода жүргүзүү, сулуулук боюнча маалыматтарды сатат. Көпчүлүк учурда булар жеке брендге басым жасашат. Кыргызстандагы белгилүү инфобизнесмендердин катарына Анжелика, Тимур Файзиев, Айпери Суранчиеваны кошсок болот. Булар кандай иш баштабасын оңой жүрүшүп кетет, анткени аты-жүзү таанымал, жеке аудиториясын түптөп алышкан. Инфобизнесмендер көпчүлүккө маалымат саткандыктан кирешеси жакшы болот. Минимум 20 миң сомдон башталып, бизнесмендин белгилүүлүгүнө, актуалдуулугуна карап
100-500 миң сомго чейин жетет.

Фудблогер

– Фудблогерлер социалдык тармактарда тамак-аш жасоо, аларды жайгаштыруу, курс өтүү тармагында иш алып барышат. Булар курстарын сатуу менен акча табышат. Аудиториясына жараша айына кеминде 50-100 миң сом, андан да ашык тапкандар бар.

Байер

– Байерлер да эксперттер. Алар товар алып-сатуудагы ортомчулар десек болот. Буюртма болгон товардан пайыз алып же байерликке окутуп каражат табышат. 10 миң сомдук товардан миң сом же окутса айына 50-60 миң сом, андан да жогору табышат.

Коуч

– Баарына тез жетүү трендге айланып, натыйжада коучинг деген багыт пайда болду. Коуч англис тилинен алганда “машыктыруучу” дегенди билдирет. Дүйнөдөгү маалыматтык дүрбөлөңдөн улам психологго кайрылгандар көбөйүп, коуч-психологдор актуалдуу болууда. Коучтар психолог эле эмес, башка тармактын да адистери болуп, ошол тармак боюнча гана жардам көрсөтүшөт. Анын кандай адис экенине, жеке брендине карап кызмат көрсөтүү акысы 5-10 миң сомдон жогору кете берет.

“КЫСКА УБАКЫТТЫН ИЧИНДЕ АКЧА ТАБАМ ДЕП АЛДАНБАШ КЕРЕК”

– “Үйдө отуруп эле 30-50-100 миң сом тап” деген жарыялар абдан көбөйүп кетти. Чынында эле мындай каражат табуу мүмкүн. Бирок бул адамдын көрөңгөсү, аракети, билими, дүйнө таанымы жана тажрыйба, практикасы менен келүүчү киреше. Кыска убакыттын ичинде акча табам деп алданбаш керек. Белгилүү бир адистикке окуп, кайра кесипкөй болгуча буга да убакыт, тажрыйба, билим талап кылынгандай, убакыт, билим, тажрыйба керек. Адамдар көйгөйлөрдүн баарын каражатка такашат, “акча жетпейт, ошондуктан окуй албайм, акча жетпейт, ошондуктан телефон ала албайм” жана башка. Көйгөй акчада эмес, андан да тереңде, түшүнбөстүк, көрөңгөнүн тайыздыгы, аракеттин жоктугунда.

СОЦТАРМАКТАГЫ ИЛЛЮЗИЯ

– Социалдык тармакка адамдар эс алуу үчүн кирет, андан негативди көргүлөрү келбейт. Ошондуктан жылдыздардын, блогерлердин, ийгиликтүү адамдардын чыгарган "малина" жашоосун көрүп, ага суктанып, өзүн жактырбай, жолдошун, балдарын, жашоосун кабыл алгысы келбей жүргөндөр бар. Натыйжада үй-бүлө бузулуп, депрессияга түшүшөт. Кооз нерсенин артында да кыйын жолдор, чоң эмгек жатканын, тоскоолдуктар бар экенин унутпаш керек. Эмнени көрбөңүз же кайсы тармакта иш жүргүзүүнү каалабаңыз алгач кыргыздын баалуулугу, үй-бүлөлүк баалуулук, өзүңүздүн баалуулугуңузду биринчи орунга коюңуз. Кыскача айтканда, кыргыздын менталитети менен жашоо сыяктуу терең нерселерди эстен чыгарбоо кажет. Баары эле лидер, миллионер болуп кете албайт, өз мүмкүнчүлүгүнө жараша аракет кылып, мөмөсүн ала берүү жетиштүү. Баарыбыздын аракетибизге жараша өз ордубуз бар.

Бул адистиктерге окуу онлайн, оффлайн да жүргүзүлөт. Акчасы кайсынысын үйрөнүп жатканына байланыштуу курсуна 5 миң сомдон жогору.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1058, 17-23-март, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан