Азамат Исмаилов: «БИРДЕМЕ ДЕСЕҢ ЭЛЕ ДЕМОКРАТИЯ ДЕП КЫЙКЫРЫП ЧЫГЫШАТ...»

– Саламатсызбы, Азамат! Кыздуу болушуңуз менен куттуктайбыз! Эмнегедир үй бүлөңүздү элге көп көрсөтө бербейсиз...

– Интернетте үй-бүлөм, канча балам бар экени тууралуу жалпы маалымат бар. Жеке жашоону көпчүлүккө жарыялагым келбейт. Эл менин чыгармачылыгым тууралуу билсе жетет. Жакында кыздуу болуп, элге пайдасы тийген, даанышман, мыкты кыздардын бири болсун деп атын Хадижа койдум.

– Мындан 4 жыл мурунку Азамат менен бүгүнкү Азамат такыр башка адамдай...

– Өзгөргөнүм өзүмө да байкалат. Жашоодо өйдө-ылдый, оош-кыйыш болот экен. Балалуу болгондон кийин өзүңдү түздөп калат экенсиң. Мурунку айрым интервьюларымды көрүп уялып кетем. Мен ушундай белем деп калам азыр (күлүп).

– Тамада, жарандык активист, блогер болуп жүрөсүз. Кесибиңиз сүрөтчү. Кинодо, бизнес жаатында өзүңүздү сынап көрдүңүз. Кайсы тармак өзүңүзгө жакын?

– Чыгармачылык. Көбүнчө кино тармагы кызыктуу. Бала кезде Голливуддун кинолорун көрүп, кандай тартылат болду экен деп кызыксак, мына азыр өзүбүз кино тартып баштадык.

Бизнес жаатында да өзүмдү сынап көрдүм. Бирөө жумуш жасап жатса, оңойдой, жыргап акча таап жаткандай сезилет экен. Анан жакын санаалаштарым менен чогуу тез татым жайын ачтык. Баарын адал, арзан, сапаттуу кылмай болгонбуз. Көрсө, элге таза эттен, таза азыктардан тамак-аш жасайм десең, бир бургердин өз баасы 200 сомго айланат экен. Ал кезде эттин баасы 450 сом болчу. Арзан жасайм десең, арам өлгөн малдын этинен жасалган 180 сомдук фарштар келет экен. Биз баары адал болот деп, андай сунуштан баш тарттык. Биздин азык кымбат болгону менен, өз кардарын таап жатты. Бирок пайда көрбөдүк. Айлык маяна беребиз, ижара акысы, азык-түлүк, эт алмай, киреше качан пайда болот деп жатып бир жылдай убакыт өтүп кетти. Анан ал жай бир күнү өрттөнүп кетти. Анан “уф, кутулдук, бул да болсо Кудайдын буйругу” деп ал жайды жаптык (күлүп).

Арам эттен фарш жасоо боюнча айта кетейин. Өткөн жылы Түркияга барып дарыландык, текшерүү учурунда ал жактын доктурлары “силердин тамак-аш, азык-түлүктөр начар экен. Арам өлгөн малдын этин тамакка колдонуу - боор, бөйрөк, негизи эле адам органимзине зыян” дешти.

– Альфред Хичкоктун “Абийир мага коммерциялык кино тартуум керектин айтат” деген сөзү бар. Сиздин абийириңиз кандай кино тартууну сунуштайт?

– Акча табуу үчүн жеңил-желпи, коммерциялык кино тарта берсек болмок. Бирок биздин максат андай эмес. Пандемия учурунда Чубак ажы кайтыш болгондон кийин анын туулуп өскөн жеринде өткөн жаназага коронавирус жугузуп алуудан коркпогон миңдеген адам барды. Ошондо Чубак ажыны бүтүндөй кыргыз эли жакшы көрөрүн, элге эбегейсиз жумуш жасап кеткенин көрүп, менин да элиме пайдам тийсе экен, чын жүрөктөн кызмат жасасам деген ой пайда болду. Анын өлүмү мага чоң таасир этти.

Буюрса, Кыргыз жеринде туруп Голливуддун деңгээлинде кино тартабыз деген жакшы ниетибиз бар.

– Кинодо бири бирине окшобогон идеялар кайдан алынат?

– Идея жашоодон эле алынат. Алсак, “Баары бир тууган” тасмабызда баланы акча уурдадың деп урган жери бар эмеспи. Ал да жашоодон алынган. Бир жолу кичинебизде апабыз бизди “курбумдан акча алып келгиле” деп жиберген. Биз барып акчаны алып, санабай эле үйгө алып келип коюппуз. Анан эле апам санаса 25 миңдин ордуна 20 миң калыптыр. Аны үйдө жүргөн тууганыбыздан көрүп, сен алдың деп. Ал "жок, албадым" десе, аны сабап моюнуна алдырабыз, бул көөп кетти деп (күлүп). Көрсө, тиги карыз берген адам айткан экен да “20 миң эле сом бар экен деп айтып койгула” десе, биз балалык кылып аны унутуп айтпай коюппуз.

– Популярдуу адамдар жеке баракчасына маалымат жарыялоодо абайлаш керек, анткени аларды карап түздөнгөндөр көп деп айтылат. Сиз да кайсы бир маалыматты бөлүшөрдө жоопкерчилик оор экенин сезесизби?

– Негизи эле катталуучусу бар ар бир адамдын, журналисттин маалымат таратууда чоң жоопкерчилиги бар. Аны сезе билген бар, эч нерсе болбойт деп, акчасын алып, жарнама таратып жүргөнү бар. Көп катталуучусу бар адамдарга ишенип алдангандарды, азгырыкка берилгендерди көрүп эле жүрөбүз да. Ошондуктан бул жаатта этият болуп калдым. Албетте, бул нерсе чоң жоопкерчилик, моюндагы жүк деп сезем. Интернетте түрдүү оюндарга катышып, анан бизге чалып, “белегибизди бергиле биз акча котордук” дегендер чыкты. Ошондон кийин жарнама, пиар же кайсы бир маалыматты жайылтууда абайлайм.

– Акыркы учурда өлкөдө аялдарга болгон зомбулук күчөп, бирок анын алдын алуу, же кылмышкерлерди жазалоо жагы аксап жаткансыйт. Канткенде гендердик зомбулук азаят?

– Бардык нерсе жазалоонун жоктугунан болот. Жаман нерсе жасаган адам жазаланбай калышын, же жеңил эле кутулуп кетерин билет да, бул нерсе арабызда зордук-зомбулук, кылмыштын көбөйүшүн шарттайт. Коңшу Кытай өлкөсүн эле алалычы ээ, тартиптери кандай катуу. Бизде бирдеме десең эле “демократия жол бербейт” деп чыга калышат. Мен демократия жаман дебейм, бирок кылмышкерлерге оор жазалар каралса дейм. Аялзатына кордук көрсөткөн адам энеден сүйүү, мээрим көрбөгөн адам. Эненин мээримин көргөн адам аял эмес, жаныбарга да зыян тийгизбейт.

– Артка кылчайсаңыз, эмнени туура эмес кылган экем дейт элеңиз азыр?

– Убакытты туура пайдаланбаптырмын. Эгерде артка кайтуу мүмкүн болсо, динди анан тилди окумакмын. Себеби эң баалуу – бул убакыт тура. Азыр окуюн десем, убактым же шартым жок.

– Акыркы жолу эмнеге таасирлендиңиз?

– Түркиядагы жер титирөө катуу таасирлентти. Бир заматта бүтүндөй шаар кыйрап, бүт үй-бүлөлөр жок болуп кеткенин көрдүк. Артыңдан байлык тургай, тукум калбаган учур болот экен. Андыктан жашоодо акча табуудан да, кийин артымда мен өлсөм кандай эмгегим калат, эл мени кантип эскерет деп көп нерсеге олуттуу карап калат экенсиң.

КЫСКА СУРОО-ЖООПТОР

– Сиз тажабай көргөн кино?

– Жеки Чандын кинолору.

– Руслан Акун же Квентин Тарантино?

– Руслан Акун.

– Кимиси менен киного тартылмаксыз?

– Квентин Тарантино.

– Той же концерт?

– Концерт.

– Бизнес же чыгармачылык?

– Чыгармачылык.

– Акыркы жолу окуган китебиңиз?

– "Мусулмандын адеби".

– Сиз көп колдонгон сөз...

– Кудай буюрса...

Турсунай Алымкулова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1058, 17-23-март, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан