“Сен жанымда жок болсоң, Монаконун күнүнүн да кереги жок” деген ЛЮСЯ ЧЕБОТИНА

Зачем мне солнце Монако?

Для чего, скажи, мне луна в Сен-Тропе?

Когда твой взгляд светит ярко,

В этом смысла – ноль, если тебя рядом нет...

Бул ыр саптарын эстедиңизби? “Солнце Монакону” укпаган адам аз болду го дейм. Макалабызды Орусия шоу-бизнесинде жаркырап чыгып келе жаткан жылдыз Люся Чеботинага арнадык.

Толук аты-жөнү: Чеботина Людмила Андреевна

Туулган жери: Орусия, Петропавловск-Камчатский

Туулган жылы: 1997-жыл, 26-апрель

Жылдыз белгиси: букачар

Бою: 166 сантиметр

Кесиби: ырчы, блогер

Билими: Москвадагы Мамлекеттик эстрада жана джаз искусствосу музыкалык колледжи, поп-джаз вокал боюнча мугалим

Белгилүү ырлары: “Солнце Монако”, «Безлимитная любовь», “Плакал Голливуд”, “Секрет на двоих” (Дима Билан менен дуэт), “Моё” жана башка

Катышкан музыкалык сынактары: “Голос” (Украина), Dil Hai Hindustani (Индия), “Главная сцена”, “Новая волна”, “Аватар” (Орусия) жана башка

Футболдо күйөрмандык кылган клубу: “Динамо”

Актрисалык да өнөрү бар. Люсяны “Холоп” жана “СамоИрония судьбы” тасмаларынан жана «Ресторан по понятиям» сериалынан көрсөңүз болот.

ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫ ТӨРӨТКАНАДАН БАШТАЛГАН

1997-жыл, 26-апрель. Петропавловск-Камчатский шаарындагы төрөтканада жарык дүйнөгө келген ымыркайлардын арасынан бир кыздын үнү өзгөчө катуу чыгат. Медайымдар тамашалап ымыркай кызды “Зыкина” деп атап алышкан. Жаш эне да ырым кылып кызына элдик ырларды аткарган ырчы Людмила Зыкинанын ысымын ыйгарды. Бүгүнкү күндө көптөгөн күйөрмандарга ээ болгон ырчы Люся Чеботинанын чыгармачылык жолу ушинтип төрөтканадан эле башталган.

Бала бакчадагы тарбиячылар да Люсянын ырчылык талантын байкап, апасына музыкалык жаатта окуткула дей беришчү. Люся 6 жашка чыкканда ата-энеси ажырашып кетип, 2 кызын ээрчиткен апасы Москва шаарына көчүп келе берген. Ажырашуунун себеби үй-бүлөдөгү зомбулук эле. Өзүнө эле эмес, кыздарына да кол көтөргөн адамдан апасы борбор шаарга качып кеткен. Мектепте чыгармачылыкка байланышкан эмне ийрим болсо, Люся баарына катышты. Мектептер аралык музыкалык сынактарга барып, сыйлык алса апасына кубанып сүйүнчүлөп келер эле. Кыздын келечекте ырчы болом дегенден башка кесип тандоо тууралуу ою жок болчу. 9-классты бүткөндөн кийин Мамлекеттик эстрада жана джаз искусствосу музыкалык колледжине тапшырып, билими бар ырчы эле эмес, педагог кесибине да ээ болуп чыккан.

СЫНАККА КАТЫШКАНДАН ТАЖАБАЙ...

Ырчы болуу кыялыма жетүү оңой болгон жок. Алгач кыйынчылыктар Москвага келгенде башталган. Каражат жетишпей, атамдын алиментке салган 5 миң рубль акчасына кайсы дүкөндө арзандатуулар болсо, ошол жактан барып азык-түлүк алар элек. Таттууларды алуу кыял гана болчу... Жанымда эч нерседен капары жок жүргөн теңтуштарымды карап, мен да чоңойгондо көп акча таап, каалаганымды алам дечүмүн. Андан кийин билим алып, профессионал музыкант болгонумда деле тааныш болбосо чоң сахнага чыгуу оор болорун түшүндүм”,- деген кыз атактуу ырчылардын ырларын кавер ырдап социалдык тармактагы баракчаларына жүктөй баштаган. Студент кезинде түрдүү сынактардын эшигин каккан ал Орусиянын “Голос” долбооруна бир нече жолу катышууга аракет кылган, бирок натыйжа чыккан эмес. 18 жашында Украинанын “Голос” долбооруна өтүп, финалга чейин жеткен. Ошентип ал эл аралык долбоор аркылуу Люся Чеботина деген жаш ырчы бар экенин көпчүлүккө жар салган. Ырчы кыз андан кийин да бир катар ири музыкалык сынактарда күчүн сынап көрдү. Бирок дагы деле көздөгөнүнө жеткен жок...

МАКСАТЫНА ЖЕТТИ

2016-жыл. Инстаграм баракчасына швейцариялык “Kadebostany” тобунун «Teddy Bear» ырынын каверин жүктөгөн кыз бир күндөн кийин атактуу болуп ойгонгон. Ролик чет өлкөлүк сайттарга да тарап, Люсянын катталуучуларынын саны аз убакытта 100 миңден ашкан. Бул маалда Чеботина автордук ырларын жаза баштаган эле. Аты тааныла баштаган жаш ырчыга орусиялык сынактардан да сунуш түшө баштаган. Чыгармачылыкка профессионалдык деңгээлде жең түрө киришип, бир топ ырчылар менен дуэт жаздырганга, клип тарттырганга үлгүрдү. 2019-жылы дебюттук «Безлимитная любовь» альбомун чыгарган. 2021-жылы чыккан “The End” аталышындагы 2-музыкалык альбомундагы “Солнце Монако” ыры Люсяга дүйнөлүк атактуулук алып келди. ТикТок тиркемесинде өзгөчө популярдуу болгон ырды жаш балдар жакшы таанышат.

Азыр ырчы кыз орус сахнасынан өз ордун тапты десек болот. Учурда Люся көптөгөн музыкалык долбоорлордун көркүн ачып, алып баруучулук, актрисалык да талантын өөрчүтүп келет. Автордук ырлары музыкалык чарттарда алдынкы саптарда. “Мен шоу-бизнеске аралашам десем бат эле бир лейблга кирип алмакмын. Эл мени музыкант катары, музыканы сүйгөн, түшүнгөн адам катары таанысын дегеним үчүн чыгармачылыкка таштаган кадамым оор, узак болду”,- дейт Чеботина.

ЖҮРӨГҮ БОШ ЭМЕС

Ырларды дуэт аткарып, клиптерге чогуу тартылып, ар түрдүү иш-чараларга чогуу барып калган Люся Чеботина менен ырчы, блогер ЮрКиссти (Юрий Киселёв) кыз-жигит деген имиштер 2019-жылы эле чыккан. “Жөн гана доспуз, кесиптешпиз” дешкен атактуулар акыры мамилесин ачыктоого мажбур болушту окшойт. Ырчы кыз: “Мурунку жигитим менен кол үзүшүп, жаман абалда турганда Юра менен таанышкам. Башында чынында эле дос-тааныш болуп жүрдүк. Ал мени дайыма колдоду, депрессиялык абалдан алып чыккан күндөрү да болду. Бири-бирибизге жагарыбызды билчүбүз, бирок моюнга алгыбыз келчү эмес. Акыры ары, же бери кетиш керек болду. Мен аны жоготконго даяр эмес экем. Ошондо гана ортобуздагы сүйүүнү кабыл алдык”,- дейт жүрөгүнүн ээси тууралуу.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1058, 17-23-март, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан