ОСКАР-2023. Атактуу азем быйыл эмнеси менен өзгөчөлөндү?

13-мартка караган түнү АКШнын Лос-Анжелес шаарында “Оскар” сыйлыгынын 95-жолку сыйлык тапшыруу аземи өттү. Мыктынын мыктылары аныкталып, жылдыздардын ар бир кадамы сыналган кече мурунку жылдарга салыштырмалуу ызы-чуусу жок тынч болду. Анткен менен эсте каларлык учурлар да болбой койгон жок. Анда аземдин урунттуу учурлары, көзгө түшкөн образдар назарыңыздарда.

БИРИНЧИ ЖОЛУ КЫЗЫЛ КИЛЕМСИЗ ӨТКӨН АЗЕМ

Жыл сайын эрежелери өзгөрүп турган “Оскар” сыйлык тапшыруу аземинде 60 жылдан ашуун убакыттан бери бир гана нерсе өзгөрбөй келген – ал кызыл килем эле. Бул жылы эмнегедир аны башка түстөгү килемге алмаштырып, аны шампан ичимдигинин түсү деп тандашты. Мындай түс көл жээгиндеги күн батып бараткан учурду элестетип, коноктордо тынчтануу сезимин пайда кылат жана аземге бул нерсе жаңы жүз тартуулайт деп түшүндүрүштү уюштуруучулар. Жаңыланган узун килем көпчүлүктүн көзүнчө алмаштырылган.

Эске салсак, кызыл килем төшөө салты 1961-жылы, “Оскардын” 33-сыйлык тапшыруу аземинен тарта башталган. Мындай жаңычылдык кээ бир жылдыздарга жакпай, кийип келген көйнөктөрү жакшы байкалбай калганын айтып, нааразы болууга да жетишишти.

АЛЫП БАРУУЧУНУН ТАМАШАСЫ

Ал эми куудул, алып баруучу Жимми Киммел 3-жолу кечени алып барып жатып “ак-саргыл килемдин төшөлгөнү – бул жылы кан төгүлбөйт деген ишенимди жаратат” деп актёр Уилл Смитти чымчып өттү. Өткөн жылы Смитт “аялымдын намысына тийди” деп сыйлык тапшыруу аземинин алып баруучусун жаакка бир чаап, сахнадан түшүп кеткен эле. Бул окуя көпкө чейин талкууланып басылганы көпчүлүктүн эсинде.

СЫЙЛЫК ЭЭЛЕРИ

Аземдин триумфатору болуп америкалык режиссёрлор Дэн Кван, Дэниэл Шайнерт тарткан “Баары, бардык жерде” тасмасы табылды. Тасма 7 номинация боюнча жеңишке жетишти.

“Индиана Жонс жана тагдыр үйү (Храм Судьбы)” тасмасындагы кичинекей бала эсиңиздеби? Ал – актёр Ке Хью Кван. Аземде көпчүлүктүн көңүлүн түбү вьетнамдык, учурда АКШда жашаган ушул актёр бурду. Ал “Экинчи пландагы мыкты актёр” номинациясын жеңип алды. 30 жылдан ашуун убакыттан бери карьерада жолу болбогон актёр сүйүнгөнүнөн көзүнө жаш алды.

Мыкты тасма – “Баары, бардык жерде”

Мыкты режиссёр –Дэн Кван менен Дэниэл Шайнерт

Мыкты эркектин ролу – Брендан Фрейзер (Кит)

Мыкты чет тилиндеги тасма – “Батыш фронтунда өзгөрүүсүз”

Мыкты оригиналдуу сценарий – “Баары, бардык жерде”

Мыкты анимациялык тасма – «Пиноккио Гильермо дель Торо».

“Экинчи пландагы мыкты актриса” – Жейми Ли Кертис

Мыкты кыска метраждуу анимациялык тасма – «Бала, мололой, түлкү, ат»

Мыкты даректүү тасма – «Навальный»

ЖУПУНУ ЛЕДИ ГАГА

Ар дайым өзгөчө образдары менен коомдо эпатаж жараткан америкалык ырчы Леди Гага бул ирет жөнөкөй да боло аларын көрсөттү. Килемден жасанып өткөнү менен, ырчы сахнага чыгарда макияжсыз, хаки түстөгү жөнөкөй футболка, жинсы шымчан чыкты.

“ОСКАРДЫН” ТАРЫХЫНДА АЛГАЧКЫ АЗИЯЛЫК АЯЛ

“Мыкты актриса” наамын алгачкы жолу азиялык Мишель Йео жеңип алды (“Баары, бардык жерде”). Сыйлыгы үчүн энесине, анан бүтүндөй командасына ыраазычылыгын айткан 60 жаштагы актриса “айымдар, сенин убактың өттү деп айтууга эч кимге уруксат бербегиле” деп кеңешин айтты.

“МЫКТЫ ЫР” НОМИНАЦИЯСЫ ИНДИЯГА КЕТТИ

Көп убакыттан бери алгачкы жолу музыка дүйнөсүнүн ханышалары Рианна менен Леди Гага бир сахнада ырдашты. Экөөнүн тең ырлары сыйлыкка талапкер болгону менен, бул ирет жеңишке жетишкен жок. “Мыкты ыр” номинациясын “Naatu Naatu” композициясы менен индиялык музыка жаратуучулар илип кетишти.

Турсунай Алымкулова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1058, 17-23-март, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан