КАТ ТУРМУШ (Орусиядагы Кыргыз мигранттарынын жашоосун баяндаган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Апамын эри мага ата болгон жок. Душман болду, бирок ата болгон жок. Карындашыма деле ата болгон жок. Ага деле ороңдоп сүйлөйт, кээде сөгүп деле жиберет, бирок Кудай жалгап аны көп урган жок, кээ-кээде чаап жибергени эле болбосо, мендей кылып урган жок. Карындашымды колубуздан келишинче ал кишинин көзүнөн далдоо кармаганга аракет кылдык. Бара-бара ал деле тиги кишинин көзүнө көрүнбөй жашаганды үйрөнүп алды. Чыр чыкканда эле житип жоголуп кетип жүрдү. Кошуналардыкына качып... Же башка бөлмөгө кире качып, чыкпай коюп... Мени ал биз алардын үйүнө көчүп келгенден тартып эле ура баштаса керек. Же кичине убакыт өткөндөн кийин ура баштады беле, азыр эстей албайм. Эсимде жок. Бирок күндөн-күнгө күчөп урганы эсимде. Качып жөнөсөм колуна эмне тийсе ошону менен атып урчу. Эсимди оодара чапкан учурлар болгон. Анын эки уулу бар. Чоң уулу менден эки жаш улуу, кичүүсү мени менен тең. Кийинчерээк апамдын эрине чоң уулу кошулду. Анан кичүүсү... Экөөлөп урган күндөр деле болду. Алар мени 8-9-класстан кийин ура албай калды. Күчү жетпей калды. Атасы жанында турган кезде эле кыйынсынып калбаса, мага күчү жетпей калды, анда да экөө атасына айтып, сабатып жүрдү. Менин атам апамдын эриндей болушун, андай киши атам болушун каалабайт элем. Атам андай жаман киши болушун каалабайм. Менин атам ал кишидей болсо, мен кыйынсынмак эмесмин. Атамды жек көрүп калмакмын...

Апам мага апа болгонго караганда, эринин эки баласына жакшыраак апа болду. Анан тиги эринен тууган балдарына жакшы апа болду. Карындашымды мага караганда көп коруду, бирок апам анын ал-абалын сураганын көргөн эмесмин. Жумшап жатканын, иш дайындап жатканын, урушуп жатканын, эринен тууган балдарын каратып жатканын көргөм, бирок эркелетип жатканын же жөн эле сырдашып, сүйлөшүп жатканын көргөн жокмун. Мен деги эле апамдын бала эркелеткенин көргөн эмесмин. Бирок эринин эки баласын урушканын да көрбөдүм. Биз уруша кетсек, алар күнөөлүү болсо деле мени урушуп, мени сабачу. Аларга жаман сөз айткан жок, бирок мени төрөгөнүнө өкүнгөнүн билем. «Сени эмнеге башыма балээ кылып туудум экен?! Сен болбосоң мен тынч жашабайт белем?! Сенин тегиң жаман, атаң жаман болчу. Ушундан көрө өлүп эле калсаң эмне?!» деген сөздөрдү көп айтчу. Эринин эки баласы мени сабаса деле ушинтип айтчу, эри мени сабап салса деле ушул сөздү айтчу, эри өзүн сабап салса деле ушинтип мени урушчу. «Жетим» деп да көп урушту. Анан «арам тамак» деген сөздү көп уктум. Эри да, өзү да мага ушул сөздү көп айтты. Эмне деген сөз экенин деле билбейм, бирок ушул сөздү эң көп уктум. Апама таарынычым бар же жок экенин деле билбейм. Эмнеге таарынмак элем? Ал аял деле билгениндей жашады да. Кичинерээк кезимде «ушул кишиден кетип калса, ушул кишиден кетип калсак» деп көп кыялданчумун, бирок кийин антип деле кыялданбай калдым. Апам эринен экинчи баласы боюнда бар кезде бир кетип көргөнбүз. Таякелеримдин үйүнө кеткенбиз. Таятам, таенем жок экен. Туугандары бар экен. Эжелери, байкелери, сиңдилери. Апамдын эжелери аны абдан аяганы эсимде, бирок тиги кишини каргап, апамды аяп жатып эле, кайра эки күндөн кийин бизди тиги кишинин үйүнө алып келип таштап кетип калышкан. Байкелери үндөгөн эмес. Ошол бойдон ал эжелерди деле, туугандарды деле көргөн жокмун. Апам туугандарыныкына көп барчу эмес, анын туугандары деле биздин үйгө көп келе берчү эмес. Эжелери анда-санда келип калчу, бирок бизди алып кетүү тууралуу такыр сөз кылчу эмес. Тескерисинче «урат деп бүлөңдү бузмак белең? Кетип каякка барасың? Эриң эртең эле карыйт, карыса сенин колуңду карап отуруп калат! Каякка бармак эле? Чыда!» деген сөздөрдү айтышчу. Мени таң калтырганы – апам карып кеткен, аябай карып кеткен, бирок тиги киши өгүздөй, карычудай түрү жок. Билбейм, качан карыйт? Качан апамдын колун карап отуруп калат? Бирок апамдын эжелери негедир ошол сөздү эле кайталай беришчү. Өздөрүнүн сөзүнө өздөрү ишенеби, ишенбейби, билбейм. Аларга деле таарынбайм. Билбесем эмнеге таарынмак элем? Алар деле апамдай эле да. Кандай десем?.. Мага бейтааныш. Чоочун кишилер. Тааныбаган киши тууралуу эмне айтып бере алат элем? Айттым го, апам мага караганда, эринин эки баласына көбүрөөк апа болду деп. Ошолорду биринчи карап, биринчи жуунтуп, биринчи тамак берип, биринчи уктатып... Урушпай... Демек, ошолордун апасы. Мени кучактаганы эсимде жок. Мактаганы да эсимде жок. Урушканы эле эсимде.

Менин биринчи оюнчугум... Мммм... Төрт парасы бар, гүлгө окшош жашыл оюнчук, кандай аталарын билбейм. Колуңа кармап алып чуркасаң, шамалда парага окшоп айланат. Ким алып бергени эсимде жок. Менин оюнчугум эмес болсо керек эле. Бирөөнүн оюнчугу окшойт, бирок ошону кармап алып чуркап баратканым эсимде. Жашыл экени эсимде. Кандай оюндарды, кандай оюнчуктар менен ойногонум деле эсимде жок. Машиненин дөңгөлөгүн түртүп ойночумун. Дөңдөн ылдый коё берип, артынан чуркап алчумун. Же жолдо кылдыретип жүрө берчүмүн. Аны кайдан тапканымды эстей албайм. Андан сырткары балдар менен дене тарбия сабагында ойногом. Топ чапмай, футбол... Бирок мен бул оюндарга кызыкчу эмесмин. Жөн эле агай айткан үчүн эле кошулуп чуркап жүрчүмүн. Мен көчөдө балдар менен деле көп ойногон жокмун. Үйдө иш көп эле да. Үйдө иш болбосо, кээде тиги кишинин туугандарынын үйүндө иш чыгат. Кадимки эле иштер. Мал карамай, суу ташымай, отун жармай, чөп чапмай, чөп жыйнамай, көң чапмай, аны жыймай. Кээде тиги кишинин туугандарына да жардам бергенимди эске алганда, жумуш көп эле болуп эсептелет го. Бирок эсептеген эмесмин. Канча убакытка созулганын билбейм, таңдан түнгө чейин эле тынчу эмеспиз. Эсимде жок, бош убакыт деле болсо керек... Бош убактарда мен талаага кетип калчумун. Айылдын четинде талаа бар, андан ары кыр-жондор бар. Кичинекейимден эле ошол кырларга кетип калчумун. Үйдөн качканда деле ошол талаага кетип жүрдүм. Эмнеге экенин билбейм, бирок мага эч ким жок жерлер жагат. Үйдөгүлөр, айылдагылар мени көрбөсө, такыр көрбөсө дей берчүмүн. Ошон үчүн талаага кетип калсам керек. Айылды деле, айылдагыларды деле жаман көрөт окшойм. Негедир ошол айылды, айылдагы кишилерди деле эстегим келбейт. Алар деле мени жаман көрсө керек. Айылдын балдары, айрыкча менден чоң, менин алым жетпеген балдар мени көргөн жерде бирөөлөр менен мушташтырып, өздөрү көрүүчү болуп, же өздөрү мени сабап, кордой берчү. Мен мушташкым келчү эмес. Деги эле мушташкым келчү эмес. «Жинди» деген атты мага айылдагылар койгон. Менин апамдын аты Айнагүл. Айылдагылар мени атымдан чакырышчу эмес да. «Айнагүлдүн жинди баласы» деп чакырышар эле. Талаага кача бергенимден ошентип атап алышыптыр. Муну мага апам айткан. «Жиндиден» башка, ммм... Башка, башка... Кийин «сийгек» деп чакырып калышты. Төшөккө сийип койчумун. Ошону тиги кишинин балдары үйдө деле, көчөдө деле айта берип, акыры «сийгек жинди» деген ат элге сиңип кетти. Классташтарымдын баары «сийгек» деп чакыра баштады. Түндөсү төшөккө сийип коймой адат эмнеден, качан пайда болгонун билбейм. 1-класска барганда уяткарып, шылдыңдап, түнү төшөккө сийип койгонумду айтып жүрүшкөнү эсимде. Бирок ал кезде муну өтө эске алып, өтө шылдыңдап айтышканы эсимде жок. Анан 4-5-класста окуп жүргөнүмдө такай уяткарып, такай айтып, шакабалап жүрүштү. Сийип койгонум үчүн тиги киши мени көп эле жолу сабады. Апам да көп жолу сабады. Мени ошол төшөккө сийип койгонум үчүн деле апам, тиги киши, анын балдары жаман көрсө керек. Сийгектигимди токтотолу деп көп эле нерселерди жасашты, бирок токтобой койду. Азыр? Ммм... Азыр баштагыдай күндө эмес, бирок кээ-кээде болот.

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1058, 17-23-март, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан