ДҮЙНӨДӨГҮ ЭҢ АРЗАН АКЧА БИРДИКТЕРИ

Буга чейин кайсы өлкөнүн акча бирдиктери дүйнө жүзү боюнча эң кымбат саналарын жазганбыз. Бул ирет эң арзан деп эсептелген акча бирдиктери менен таанышып алыңыз.

1 сом – 483, 58 Иран риалы

Иран риалы – дүйнөдөгү эң арзан валюта. Эсептешүүгө жеңил болсун үчүн жергиликтүү бийлик туман (10 миң риал – 1 туман болуп эсептелет) аталган банкнотторду жүгүртүүгө киргизишкен. Учурда Иранда 1, 5, 10 туман банкноттору жана 50, 100 туманды билдирүүчү Ирандын борбордук банкынын чектери бар. Риалдын куну жоктугуна өлкөдөгү туруксуз абал, мамлекеттер аралык согуш жана “өзөктүү куралы бар” делинип дүйнөлүк рынокко жолдун жабылышы себеп.

1 сом – 269,62 Вьетнам донгу

Вьетнам дагы да болсо борборлоштурулган экономикадан базар экономикасына өтүү менен күрөшүп жатат. Чакан экономикалуу өлкөгө инвесторлор кандайдыр бир олуттуу суммадагы капитал салууда дагы эле өтө этият болушат. Экономисттер Вьетнам бийлигин экономикалык туура жолдо баратканын белгилеп, валюталар рыногунда донгунун келечеги бар деп божомолдошот.

1 сом – 225,92 Сьерра-Леоне леонеси

Сьерра-Леоне Батыш Африкадагы эң кедей өлкөлөрдүн катарына кирет. Өлкөдөгү саясий туруксуз абал, экономикасынын жылдан жылга төмөндөшү менен валютасы да ылдыйлап баратат.

1 сом – 191,58 Лаос кипи

Дүйнөдөгү эң арзан валюталардын катарына Лаос кипи да кирет. Мындай төмөнкү көрсөткүч киптин жогорку деңгээлдеги инфляциясына байланыштуу.

1 сом – 175,98 Индонезия рупийи

Индонезия мамлекетинин көзөмөлдөөчү органдары улуттук валютаны бекемдөө үчүн бардык чараларды көрүп келишет. Бирок ал иш-аракеттер болор-болбос гана натыйжа берип, мамлекеттин валютасы "эң арзандардын" тизмесинен чыга элек.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1058, 17-23-март, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан