80ден АШЫК ТҮРҮ БАР ЧҮКӨ ОЮНДАРЫ

Кыргыздын улуттук оюндарында чүкө менен ойнолуучу оюндар басымдуулук кылат. Балдар бакчасы, мектеп программаларына да киргизилип жатканы бул оюндардын тарбиялык мааниси зор экенинен кабар берет. Бул жолу чүкө оюндарынын маани-маңызына токтолдук. Тарых илимдеринин кандидаты, доцент Назгүл Рысмендеева маалымат берди.

“ЧҮКӨ ОЮНДАРЫ ЫНТЫМАККА ТАРБИЯЛАЙТ”

– Адамдын руханий жана физикалык калыптануусунун башаты бала кезде түптөлөт. Чүкө оюндары баланы коомго кошуучу ыкмалардын бири десек жаңылышпайбыз. Чүкө оюндары – командалык оюн, алар аркылуу балдарды ынтымакка, биримдикке тарбиялоого болот. Илимий булактарга таянып, кыргыз элинде чүкө оюндарынын сексенден ашуун түрүн аныктап чыккам. Элдик оюндар жаатында изилдөө жүргүзгөн окумуштуу Хабибулла Анаркулов жүздөн ашат деп белгилейт. Упай, уруп алды, кан таламай, айкүр, үчүм, алты атар, үч тапан, чүкө өкчөмөй, бүйрүмө же ууртка чертмей, домпок, жедирмек жана башка.

Тестиер балдар ойногон чүкө оюндарынын көбүн чүкөнү аралыктан атуучу оюндар түзөт. Оюндун бул түрүнө кенге (ченге) тигилген чүкөлөрдү аралыктан мээлөө аркылуу атуу кирет. Мындай оюндар балдарды кылдат көңүл бурууга, чен-аралыкты көз менен өлчөөгө, таамайлыкка, кыраакылыкка тарбиялайт. Мисалы, үч тапан, чүкө атуу.

Ал эми өспүрүм куракта ойнолуучуларына канымдат, хан-вазир сыяктуу оюндар кирет. Өспүрүм куракта ойнолуучу оюндардын өзгөчөлүгү – жеңилген тарапка берилүүчү айыптар. Алар жаштардын курактык өзгөчөлүктөрүнө жараша тамашалуу, кызыктуу болгон. Мындай оюндар жаштардын бири-бири менен пикир алышуусуна, бири-бири менен көрүшүүсүнө, ашыктык сезимдерин билдирүүсүнө да шарт түзгөн.

ПАССИВДҮҮ, АКТИВДҮҮ ЧҮКӨ ОЮНДАРЫ

– Чүкө оюндарын пассивдүү жана активдүү деп экиге бөлөбүз. Пассивдүү чүкө оюндары баланын акыл-эс, адептик, интеллектуалдык, логикалык ой жүгүртүүсүн калыптандырууда маанилүү роль ойнойт. Ал эми активдүү, башкача айтканда, кыймылдуу чүкө оюндары баланын физикалык саламаттыгын чыңдоого багытталат.

УПАЙ

– Упай оюнунун өзүнчө стратегиялык өзгөчөлүктөрү бар. Бул оюнда калчанган чүкөлөрдүн ичинде оюнчу окшош жаткан чүкөлөрдү (чик-чик, бөк-бөк, таа-таа, айкүр-айкүр) жуп-жуп кылып атат. Экинчи бир эрежеси боюнча, аткан чүкө кандай турса, аны ошондой окшош чүкө менен атат. Упайда бир басым алмайынча (бир басым – үч чүкө), атып алган чүкөлөрдү оюнчу колунда кармап турат, аны жерге коюуга болбойт. Упай оюну башка чүкө оюндарына салыштырмалуу Кытайда жашаган кыргыздарда да көбүрөөк сакталган.

Упай оюнунда канча киши болсо, ошонун баары эки тарап болуп бөлүнөт. Кан деп бир чүкөнү же бир саканы белгилеп алат. Үч чүкөнү бир басым деп санап, 18, 20, 26, 28 же 30 басымга чейин жеткирип ойношот. Хан жалгыз болот. Байге сайып да ойногон учурлар бар. Эки жаат эки чүкөнү калчайт. Чүкөсү биринчи конгон тарап оюнду баштайт, демек, аларда көбүрөөк чүкө алганга мүмкүнчүлүк болот. Алгач канды атып алат. Кан кандай абалда түшсө, ошондой абалда жаткан чүкө менен атат да, канды жалгыз гана басып коёт. Басып койгону – обочо алып койгону. Бул оюндун башка оюндардан өзгөчөлөнгөн жери – утуп алган чүкөлөр басым менен эсептелиши. Үч чүкө – бир басым.

Бул оюн балдарга эпчилдикти, шамдагайлыкты, аралыкты эсептегенди, тестиер балдарга көп даананы басым аркылуу ыңгайлуу санаганды үйрөтөт. Ошондой эле математикалык көбөйтүү амалдары колдонулган, башкача айтканда, эсепте санды көбөйтүүгө үйрөтүүнүн, Пифагордун теоремасынын “кыргызча варианты” десек да болот. Упайдын таалим-тарбиялык маанисин эске алуу менен кыргыздар бул оюнду жалпы үй-бүлөлүк оюн катары ойноп келишет.

КАН ТАЛАМАЙ

– Кан таламай упай оюнуна окшош. Мында да өңдүү, чоңураак, кызыл түскө боёлгон чүкө кан шайланат. Ал канга кошуп көп чүкөнү калчашат. Чүкөлөрдү калчаган оюнчу окшош жаткан чүкөлөрдү бири менен бирин атат. Канчалык көп атып алса, демек, ал утуп жаткан болот. Атып жатып жыдып калса, демек, ал оюндун кезегин кийинки оюнчуга берет. Чүкөлөрдү калчап жатканда хан таа туруп калса, анда чүкөлөр таламайга калат. Ал эми айкүр турса, анда аны 3 жолу өкчөйт. Эгер ушул учурда кан таа туруп калса да чүкөлөр дагы таламайга калат. Эгер чик же бөк абалда жатса, канды алдын ала сүйлөшүп алган шарт боюнча 3 чүкөдөн кийин же акырында окшош абалдагы чүкө менен атып алат.

Упайдан айырмаланып, кан таламай оюнунда кан жалгыз эсептелбестен, ким канды атып алса, ага жолдошу деп дагы бир чүкө кошуп эсептейт. Оюн эрежесинде айкүр – 1, таа – 2 упайга жүрөт. Хан таламай оюнунда эгер хан айкүр консо, ал башка абалга (бөк же чик) келгенче калчанат. Эгер калчап жатканда хан таа туруп калса, таламай башталат.

Аталган оюндун аналогу дээрлик бардык көчмөн түрк-алтай элдеринде кездешет. Хакастарда бул оюн хан пылазах, казактарда хан алыш деп аталат.

ҮЧҮМ

– Мында чүкөлөрдү калчап ойношот. Үчүмдө математикалык эсептөө, акыл калчоо, ой жүгүртүү сыяктуу интеллектуалдык жүрүмдөр орун алат. Оюнчулар канчага чейин ойной тургандыгын өз ара сүйлөшүп белгилеп алышат. Мисалы, 21ге чейин болсо, оюн эсеби дайыма так сан менен аныкталган. Демек, көчмөн элдерде, анын ичинде кыргыздарда, байыртадан эле баланы эсептөө талап кылынган оюндар менен илимге багыттап тарбиялашкан.

ҮЙ-БҮЛӨ МҮЧӨЛӨРҮ ЧОГУУ ОЙНОШКОН

Жогорудагы оюндарды жалпы үй-бүлө мүчөлөрү ойношкон. Муну менен биз баланы болочок инсан катары калыптандырууда үй-бүлөнүн ролу чоң экенин билсек болот. Анткени оюнда үй-бүлөнүн баарлашуусуна, ыкчам, дароо чечим кабыл алуу жөндөмүн өстүрүүгө, оюндун эрежесин так аткаруу менен балдарды тартипке үйрөтүүгө, оюндун жүрүшүнөн балдардын эстетикалык ырахат алуусуна, балдардын ата-эненин камкордугун, мээримин сезүүсүнө мүмкүнчүлүктөр түзүлөт.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1058, 17-23-март, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан