Нарынбүбү Арпачиева: «СЕРИАЛДАР КӨБҮРӨӨК ЖАЗЫЛСА ЖАКШЫ БОЛОТ ЭЛЕ»

Бул ирет “Супер окурман” рубрикабыздын алкагында Нарын шаарынын тургуну, “Супер-Инфо” гезитинин алгачкы сандары чыккандан бери окуп келе жаткан туруктуу окурманыбыз, 72 жаштагы Нарынбүбү Арпачиева менен кабарлашып, маектештик.

– Саламатсызбы? Нарынбүбү апа, “Супер-Инфо” гезитин канча жылдан бери окуйсуз?

– Жакшы, алдыңа кетейин! “Супер-Инфо” гезитин гезит чыккандан бери окуп келе жатам. Бир күнү бир таанышымдыкына барып калсам үйүндө ушул гезит турган экен, окуп чыктым, ошондон бери бир да санын калтырбай алып окуп келе жатам. Өзүм Нарын шаарында турам. Балдарымдыкына Жалал-Абадга барып калганда ал жактан да алдырып окуйм. Алган гезиттеримди эч кимге тийгизбей сактап коём. Эч кимге тыттырбайм, көзүм жокто эле алып кетишпесе. Буга чейинки сандарынын баарын кутуларга салып кампага катып койгом. Азыр үйдө деле бир топ саны чогулуп турат.

– Кайсы рубрикалар сизге көбүрөөк жагат?

– Гезитти колума алганда эле сериалдарды окуп баштайм, анан алымдын жетишинче сканвордду толтурам. Анан калган макалалардын баарын үтүр-чекитине чейин окуп чыгам. Гезиттин жаңы саны чыкчу күн жакындап келатканда эле бирдемемди жоготконсуп гезитти издей баштайм. Неберелерим телефондон окуңуз деп ачып беришти, көнө албай койдум. Кагазды колуңа кармап окугандын таасири башка да. Сериалдарды көбүрөөк жазсаңар, жакшы таланттуу артисттер бар го, ошолорду ырлары менен кошо чыгарсаңар жакшы болот эле. Криминал тууралуу жазылган макалаларды да кызыгып окуйм.

– Канча жашка келип калдыңыз? Канча балаңыз бар?

– 8 балам бар, 4 кыз, 4 уул. Учурда 72 жаштамын. 22 неберем, 2 чөбүрөм бар. Мурда эт комбинатында жөнөкөй эле жумушчу болуп иштегем, азыр пенсиядамын. Абышкамдын көзү өтүп кеткенине 6 жылдай болуп калды, экөөбүз 47 жыл бирге түтүн булаттык. Бала-чака, неберелердин аманчылыгын тилеп отурам. Эл ичинде аман болсок болду. Ар дайым жакшылык болсун, жакшылыктарда гана жашап жүрөлү. Бала-чака аман болсун. Тынччылык эле болсунчу, тынччылык болсо акырындык менен жетишебиз баарына.

– Сизге ден соолук каалайбыз, узак жашаңыз!

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1058, 17-23-март, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан