UFC`нин харизмалуу жылдызы АЛЕКСА ГРАССО

UFC`нин жакынкы күндөгү башкы сенсациясы мекендешибиз Валентина Шевченконун жеңилүүсү болду. Аялдар арасында UFC рекордун эң ийгиликтүү коргогон легендарлуу чемпионду мүдүрүлтүү мексикалык Алекса Грассонун колунан келди. Мексикалык сулуу буга чейин октагондо “уникалдуу” эч нерсе көрсөтө алган эмес, бирок ал өзүнүн мүмкүнчүлүгүн күтүп жаткан. Шевченко төртүнчү раундда ката кетирери менен Грассо аны дароо пайдаланууга үлгүрүп, атаандашын муунтуп, мекендешибиз багынууга аргасыз болду. Алекса Грассо – жеңил салмактагы аялдар арасында жаңы чемпион!

Толук аты-жөнү – Карен Алекса Грассо Монтес

Туулган жылы, күнү – 1993-жыл, 9-август

Туулган жери – Мексика, Гвадалахара шаары

Бою – 165 сантиметр

Салмагы – 52 килограмм

Спорттогу карьерасы – 2012-жылдан азыркыга чейин

Стили – аралаш мушташ мушкери

КЛАССТАШТАРЫНАН ӨЧ АЛУУ ҮЧҮН СПОРТКО БАРГАН

Алекса Грассо өз мекени Мексиканын сыймыгы. Ал төрөлүп өскөн Гвадалахара шаарынан бир топ атактуу мушкерлердин мууну тарбияланып чыккан. Грассо да ал жолду улап, кичинесинен бокс ийримине барат. Мушкер спортчулардын үй-бүлөсүндө жарыкка келген, бирок анын мындай оор спорт түрүн тандап калуусуна башка да себептер болгонун айтат. “Бокско мен физикалык жактан күчтүү болууну каалагандан сырткары, мени кемсинткен классташ балдарымдан өзүмдү коргогум келгенинен бардым. Бир классташым мени кемсинткени аз келгенсип, тепкилеп, чачымдан жулуп эркек кишидей сабаганда спортко барып машыгып, андан өч алгым келер эле. Машыгуу үчүн илинген бутаны соккулап жатканда мени кемсинткен классташтарымдын жүзүн элестетчүмүн. Бул мага көңүлүмдү бир жерге топтоп, машыгууну эффективдүү кылууга жардам берчү” деп эскерет спортчу балалыгы тууралуу. Анын алгачкы машыктыруучулары атасы Луис жана таякеси, мурдагы ММА мушкери Франсиско болгон. Учурда Грассо аралаш мушташ боюнча көрүнүктүү ийгиликтерди жаратып, бул спорт түрүн өз өлкөсүндө жайылтып келе жаткан атактуулардын бири. Спортчу кыз ММА жылдызы болуу менен бирге, сүйкүмдүү, сулуу боло аларын да далилдеген. Спорт менен сулуулукту айкалыштырган Алексаны азыр жүз миңдеген мексикалык кыздар үлгү тутат.

“ТҮШ КӨРҮП ЖАТАМБЫ, МЕНИ ОЙГОТУП КОЙГУЛА...”

2023-жылдын 4-март күнү АКШнын Лас-Вегас шаарында жеңил салмакта 7 жолку UFC чемпиону Валентина Шевченко менен Грассонун беттеши өттү. Анда көпчүлүк спорт эксперттери “Шевченко таажысын бербейт” дешкен, бирок Алекса мекендешибизди беттештин 4-раундунда муунтуу ыкмасы менен жеңип, мыкты мушкер экенин далилдей алды. Беттештен кийин жеңиши тууралуу “мен түш көрүп жатамбы, мени ойготуп койгула. Бул учурду көптөн бери кыялданып келгем. Валентина мыкты мушкер, бирок мен спаррингдерде буга чейин өмүрүмдө болуп көрбөгөндөй тынымсыз машыктым, ар бир ыкманын үстүнөн иштедим” деп билдирди. Өз кезегинде спорт эксперттери “Шевченкону UFC`нин ар кайсы сулуулары менен беттешке чыгара бербегиле, анын көздөгөнү кытайлык спортчу Вэйли Чжан менен бразилиялык Аманда Нуньес” дешкен. Эске салсак, Шевченко Нуньес менен эки жолу беттеш өткөрүп, экөөндө тең утулуп калган.

АТААНДАШЫН 15 СЕКУНДДА ЖЕҢГЕН...

Алекса Грассо 19 жашынан тарта аралаш мушташ менен профессионалдык деңгээлде машыгып баштайт. Ал ММАдагы алгачкы беттешинде эле атаандашы Сандра дель Ринконду биринчи раунддун 15-секундунда жеңип, бул спорт түрүндө келечеги бар мушкер экенин далилдеген. Андан ары мексикалык мушкер дагы 3 атаандашын ишенимдүү жеңип, чет өлкөлүк беттештерге катышуу мүмкүнчүлүгүн алат. 2016-жылдын август айында UFC уюму менен жеңил салмак категориясында келишим түзгөн. Бул спортчунун изги кыялдарынын бири эле. Ал UFC менен келишим түзүү кыялына жетүү үчүн ар кандай жолдор менен акча табууга аргасыз болгон. Суши-барда официант, спорт залда тазалоочу, юридикалык фирмада катчы болуп иштеген, бокс менен машыгып жүргөндө балдарга фитнес сабактарын берчү.

ЖЕКЕ ЖАШООСУН АЧЫКТАБАЙТ...

Келишимдүү Грассонун харизмасы күч, албетте, көпчүлүк күйөрмандарын “спортчунун жүрөгү бошпу?” деген суроо кызыктырары турган кеп. Ал берген маектеринде сүйүктүүсү, жеке жашоосу тууралуу маалыматтар менен дээрлик бөлүшпөйт. Анын Инстаграмдагы баракчасы спорттогу машыгууларга жана саякатка арналган. Мексикалык басылмаларда мушкер айымдын дагы бир аралаш мушташ боюнча чебери Яир Родригес менен жакын мамиледе деген маалыматтар чыккан. Бирок бул маалыматтарды эки спортчу тең тастыкташкан эмес. Учурда Грассо спорттогу ийгиликтерин көрсөтүүнү улантууда.

КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР

  • Валентина Шевченко 26 беттештин 22син утса, Алекса Грассо 19 беттеш өткөрүп, 16 жолу уткан.
  • Беттештерде Грассо бразилиялык джиу-джитсу (негизин партердеги күрөш, жана муунтуу ыкмалары түзөт) согуш өнөрүн кенен колдонот.
  • Үй жаныбарларына абдан жакын. Чихуахуа породасындагы Перро аттуу ити бар.
  • ММАга мексикалык мушкер жана актриса Жина Каранодон шыктанып келгенин айтканы бар.
  • UFC уюмунун расмий рейтингинде эң мыкты мушкерлердин (аял же эркек экенине карабай) арасында 2-орунда турат.

ЖЕТИШКЕНДИКТЕРИ:

  • 2015-жылы “Кеченин мыкты беттеши” (атаандашы Мидзуки Иноуэ)
  • 2016-жылы “Эң мыкты беттеш” (атаандашы Жоди Эскибель)
  • 2019-жылы – “Кеченин мыкты беттеши” (атаандашы Карла Эспарса)
  • “Беттештеги эң ийгиликтүү сокку” (атаандашы Каролина Ковалькевич)
  • 2023-жыл “Кеченин эң мыкты беттеши” (атаандашы Валентина Шевченко)

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1058, 17-23-март, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан