Бүгүнкү каарманыбыз жалпы Кыргыз журтуна белгилүү Абыловдордун үй-бүлөсүнүн мүчөсү – актёр, режиссёр Бакыт Мукул. Атанын изги тилегин орундатып, чыгармачыл жолдо көрүнүктүү из салып жаткан маданият өкүлү бүгүнкү маегинде атасы, чыгармачылыгы, кыргыз эли жөнүндө салмактуу кеп куруп берди.
“Атанын тилеги кабыл болуп, баарыбыз чыгармачыл адам болдук”
– Чоң энем “Манас”, “Семетей”, “Сейтек”, “Курманбек” “Эр Табылдыны” жана башка кенже эпосторду укмуш айтчу. “Жомок айтып берчи” десек, “уктабасаңар гана айтам” дечү. Убадабызды алып, анан жомок айтып кирчү. Абдан кызыктуу, таасирдүү кылып айтып берер эле. Ошондо мен ойлочумун, кантип "Манасты" жаттап алат деп. Көрсө, эске тутуусу укмуш тура. 80ден ашканда да Күмөндөр байкем аккордеондо ойноп берсе, ырдап калчу.
Атам – Мукул деген чоң комузчу, көп кырдуу инсан болуптур. Театрда да иштеген. Медициналык институтта бир жыл окуп, анан тентегирээк киши болгон экен, окуудан чыгып калыптыр. Кийинки жылы педагогикалык институтка тапшырып, ал жакта да бир жыл окуп, аягына чыкпаптыр. Бирок тың киши болгондуктан убагында ар кандай кызматтарда иштеди. Нарын облусунда балдарга туулгандыгы тууралуу күбөлүк жазып, алардын жөлөк пулун чыгартып, үй алам дегендерге ссуда берип, айтор, бир нече адамдын жумушун өзү жасачу эле. Азыр мындай жумушту аткарган канчалаган мекемелер бар.
Ар кайсы жумушта иштеп чарчаган окшойт. Кийинчерээк “эсепчи болуп эле жүрө беремби, андан көрө талантым менен иштейм” деп театрга кетип калыптыр. Театрда иштеп жүргөндө “Ак кеме” тасмасында Момун чалды ойногон актёр Асанкул Куттубаевдин бригадасында иштеп калган. Ал бир жакка кетмек болуп, ордуна киши издеп жатканда атам “мен даярмын, сиздин ролду ойнойм” деп сахнадагы дебютун – Куттубаевдин дублёру болуп ойногон.
Театрда деле көпкө кармалган эмес. Бул жаатта ойлогон ойлору ишке ашпай калганбы, айтор, “балдарымдын баары, келиндерим да ырчы, артист болсун” деп тилечү экен. Мына, Кудайга шүгүр, көпчүлүгүбүз чыгармачылыктын чыйыр жолунда келатабыз. Эч бир ата мындай тилек кылбаса керек (күлүп). Башка кесипти эмнегедир каалачу эмес.
“Индияны көрүп биз чачырап баратканыбызды байкадым”
– Жакында Индияга ШКУнун алкагында уюшулган Болливуддагы кинофестивалга барып келдим. Таалай Кулмендеев, Артык Сүйүндүков, Эрнис Абдыжапаров, Айбек Дайырбеков, анан биздин “Акыркы көч” тасмабыздын командасы. Биздин тасма калыстардын атайын сыйлыгына ээ болду. Билесизби, алар кандай жашашат экен? Бүгүнкү көргөн күнүнө, жашоосуна, турган турпатына, кийимине ыраазы. Улуттук кийимдерин кийип, ар ким өз жумушун аткаруу менен күн кечирип жатканы байкалат. Ал жакка барып келгенден кийин биз улут катары өзүбүздү унутуп, башканы ээрчип, талкаланып, чачырап баратканыбызды байкадым. Нукура жашообузду чанып, Европа, Америкага кеткибиз келет.
Руханий дүйнөнү унутуп, материалдык байлыкка басым жасап калдык. Акылмандыгыбыз, билгичтигибизди таштап кетип жатабыз. Ошон үчүн да аксап жатабыз. Биз мындай эмес элек да. Бекем каада-салтыбыз, үрп-адатыбыз бар эле.
Жакында ушул боюнча сценарий иштелип чыгып, тасма тартсакпы деп турабыз. Тээ 1917-жылдан 1945-жылга чейинки кыргыздарды жок кылуу аракети, Кыргыздын интеллегенция, искусство өкүлдөрүнүн атайын кырылганы, ошонун кесепети дале тийип жатканы тууралуу. Мисалы, согуш мезгилинде бир үйдө 5 эркек бала болсо, бешөөнү тең согушка айдап, бүтүндөй үй-бүлөдөн тукум калбаган учурлар болгон да.
“Чыгармачыл адамда кризис деген болбош керек”
– 1990-жылдары чыгармачыл адамдар, негизи эле жалпы эл каржылык экономикалык кризиске учураган да. Анда да элдин маанайын көтөрүү максатында колубуздан келген маданий иш-чараларды жасап жаттык. Эл кыдырып, концерт коюп, сатиралык жанрда чыгармаларды жаратып. Азыр дүйнөдө чыгармачыл кризис болуп жатат деп тамашалап жатышпайбы. Мен антип ойлобойм. Чыгармачыл адамда кризис деген болбош керек. Менде болгон эмес. Өкмөт тындырбай эле акча берип турса, иштөөгө даярмын (күлүп). Бизге эмне, чыгармачыл адамдарга мүмкүнчүлүк түзүп берип, же жолун ачып “иште, жаз, жарат” деп турса эле болду, иштей беребиз.
“Режиссёр болуу үчүн бардык тепкичтен өттүм”
– Театрда иштеп жүрүп, эл театрга келбей калганда үй-бүлөнү багуу үчүн ал жактан кеткем деп айтпадымбы. Кийин кайтууга аракет кылдым. Келсем, залда дале 20-30дай көрүүчү отурат. Анан сырттан иштесем, мындан көп көрөрман чогултмак элем деп кетип калгам. Азыр эми театр кайрадан жанданды деп жатышат. Бирок сахнадан, жашоодон алган тажрыйбамды эми режиссура тармагында пайдаланып жатам.
Анткени режиссёр болуу үчүн анын бардык тепкичин басып өттүм десем болот.
Азыр адабият, жанр эмне экенин билбей туруп кино тарткан адамды режиссёр деп жатпайбы, жок, андай эмес. Ал үчүн чоң билим, тажрыйба керек. Чыгарманы, жанрды, режиссураны, музыканы, көркөм өнөрдү түшүнбөгөн адамдар чыгармачылыкка келбеши керек. Бирок, өкүнүчтүүсү, биздин башыбызга ушундай адамдар келип башкарууда. Мейли театрда болобу, мейли кинодо болобу. Ошон үчүн да бизде өсүү жок.
“Айтылган сындарга бышып калгам”
– Мага, мен жараткан чыгармага же тасмага карата айтылган терс сын-пикирге бышып калгам. Катуу айтылса да капаландырбайт. Анткени мага сын айткан адамдын билими же түшүнүгү аз, андыктан көңүл бурбайм. Ал эми олуттуу сын болсо, албетте, кабыл алам. Бирок ал айткан боюнча тартайын десең же каржы жетишпейт, же кинону 3-4 саатка созуш керек болот. Андыктан ар бир сынды туура түшүнөм.
Турсунай Алымкулова