(Башы өткөн сандарда)
Ажар дарыларын ичип, жаздыкка алсыз баш койду. Бул дарылар эмне, бир аз гана басат оорусун. Анан жанды кыйнаган оорусу кайра баштайт. Ушундай абалда дагы канча убактысы калды экен.
Кайрадан өз өмүрү тууралуу ойлонуп кетти. Эмнеге жетти? Эмнеге жетпей калды? Деги анын бул жашоодогу миссиясы эмне эле? Эне болуу го, башка эч нерседе ийгиликке жете алган жок. А бирок ал бала да өзүнүкү эмес да. Өзүнүкү эмес! Бул ой мурун мынчалык оор болчу эмес, эмнегедир тагдырына ызаланып кетти. Жок дегенде Эмир өзүнүкү болгондо эмне. “Кой, Ажар, жинди болуп жатасыңбы, кантип уулуң сеники эмес? Ал карыныңды жарып чыкпаганы менен, жүрөгүңдү жарып чыккан балаң го. Эмчек сүт эле бербегениң болбосо, ал сенин балаң эмеспи” деди өзүнө өзү. Кайра жашын сүртүп жылмайып алды. Жашоосунда чыныгы бакыт болсо аны Эмир менен татты. Наристе жытын жыттап, кучагынан чыгарбай бакты. Орустар айтмакчы, бир аз “маменькин сыночек” болуп калганы да ошондон го. Аны алып келген биринчи күндү эстеди. Баары күтүүсүз капыл-тапылынан болду. Күйөөсүнүн мээсин жеп “бала багып алалы” дегенине көп болгон. Бирок ал үн катпай кутулчу же үшкүрүп койчу. Акыры баары бир аялынын сөзүнө жеңилгенби, бир күнү коюнуна катып Эмирди алып келди.
– Ажар, келчи...
Күйөөсүнүн үнүнөн эле бир олуттуу нерсе болгонун сезген Ажар чуркап чыкты. Эмил кенен курткасын акырын ача берди. Ажар көргөн көзүнө ишенбей катып калды. Эмилдин коюнунда 7-8 айлык томпойгон сүйкүмдүү бала уктап жаткан экен.
– Бул эмне?- деди калтыраган үнү менен.
– Бала!
– Кайдан таптың бул баланы?
– Сен айттың го, биздин бактыбыз бүтүн болушу үчүн бир бала керек деп. Мына, ал балаңды. Эми сенин балаң бул...
– Эмил, сен эмне деп жатасың? Мунун ата-энеси кайда? Бизге ушундай баласын ким бере коймок эле?
– Ал баланы, анан баарын тушүндүрүп берем.
Күйөөсүнө ашыкча суроо бербей көнгөн жаны дароо баланы алып бооруна кысты. Наристенин жагымдуу жыты каңылжарын жарып кетти. Бала да ага ыктай уйкусун улантты. Көкүрөгү тыбырчылап жатты. “Чын эле бул бала меникиби?” Куду Айтматов жазган Акбарадай баласын көтөрүп жүргөн аялдарды көргөндө “ушу деле менин балам болсо” деген сокур кызганыч, энелик сезимге болгон кусалык ээлеп чыкчу көкүрөгүн. Азыр да ошондой сезим болду. Капысынан келген бул бакытты коё бергиси келбеди. Колуна баланы алары менен “меники, мен да эне болом” деген сезим жеңип кетти акылын.
– Бул бала тууралуу менден эч нерсе сураба,- деди күйөөсү. – Билишимче, өтө оор абалда калган ата-эненин баласы экен. Жетим балдар үйүнө өткөрүп бергенге да даяр болушуптур. Мындан башкасын сага билип кереги жок, ашыкча суроо бербе. Документтерин өзүм тууралайм. Мындан кийин бул баланын атасы мен, апасы сен. Элге да ушинтип айтабыз. Мындан артык чындык жок.
– Эч ким издебейби, талашпайбы?
– Жок, баланын эч кимиси жок.
Эмил ошентип айтты. Ажар болсо мындан ашык суроо өмүрү берген жок. Баары Эмил айткандай болду. Эл баланы алардыкы деп билди. Азыр гана Ажар Эмирдин өз ата-энеси ким болду экен деп ойлонуп калганы болбосо, оюна да келчү эмес. Чындап эле бул кимдин баласы болду экен? 17 жылдан бери өзүн бакытка бөлөгөн бул бала өзүнөн кийин эмне болот? Эмилди акча буздубу, анда-санда кылт эткен арак буздубу, кийинки жылдары таптакыр өзгөрүп кетти. Балким, башка аялдан өз канынан жаралган баланы көргөндө чыныгы жакындык эмне экенин билди бекен? Айтор, Эмирди жек көргөнү жек көргөн. Кичинесинде үстүнө түшүп ийбесе да, башынан сылап бир-эки жакшы сөз айтып калчу эле, азыр душманындай мамиле кылат. Эне баласынын кийинки турмушу тууралуу санааркап жатты. Эмирдин рамкадагы кичине кезиндеги сүрөтүн алып тиктей берди. Баса, Айдай дагы бул сүрөттү көргөндө бир башкача болуп кетти. Эки жолу тең... Эмнеге болду экен? Кылт деп эсине түштү да кайра унутуп калды.
ххх
Ушул учурда Айдай жанын коёрго жер таппай жаткан болчу. Эмирди азыр эле барып кучактап, “мен сенин энеңмин, балам” деп салгысы келип жатты. Бирок анте албайт да. Ал Ажарды жанындай көрөт. Ал тургай чыныгы эне-балада мындай байланыш жок болушу керек. “Апакем” дейт да турат. Муну баарын бир күндө жок кыла албайсың да. Жок, азырынча караанын көргөнүнө, жанында жүргөнүнө гана сүйүнүп турушу керек. Ажардын деле көп күнү калбаптыр. Ал жашоодон кеткенде гана баарын акырындап... Бул оюнан өзү да чочуп кетти. Бечера аял, ушунча жылдан бери анын уулуна мээрим төгүп, канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай баккан экен. Эми Айдай анын өлүмүн тилеп отурганы кандай? Бул адамгерчиликсиздик эмеспи? Илим жанына келип кофе сунду.
– Кандай уктадың?
– Уктаган деле жокмун. Ойлор кетпей жатат башымдан.
– Эң оболу ДНКга анализдерди жибер. Казакстандан жасаталы, бул жактан билинип калышы мүмкүн. Сен эл көзүндөгү адамсың. Экинчиден, анализ келгенден кийин ата-энесине барып “силер кандайча бирөөнүн баласын уурдап кетесиңер?” деп анализди бетине ыргытып туруп, Эмирди алып кетишиң керек.
– Сенин оюңча ушундай кылган туурабы?
– Жок, албетте, туура эмес. Ажар бир буту менен көрдө, андан да ал 17 жыл бою баланы өз баласынан артык карап чоңойткон экен. Бирок сен 17 жыл күтүп, эми дагы күткөнгө сабырың жетеби?
– Жетет, ай ааламды буза “Эмир менин уулум” деп кыйкыргым келсе да сабыр кылышым керек. 17 жылдан бери бул бала башканы апам деп билди. Мага көкүрөгүн ачабы? Анын мага душман болушун каалабайм. Мага баккан энесиндей сүйүү менен карабаса да, урмат менен карашын каалайм. Ошондуктан азыр ага эч нерсе дебей туруш керек.
– Кызык, Эмир алардын колуна кантип келип калды экен?
– Мага да кызык. Эмир менен Ажарды карап туруп аларды биологиялык жактан эне-бала эмес деп айта албайсың.
–Демек, менин Айдайыма дагы бир сыноо түштү. Өз уулуң экенин билип, бирок ооз ача албай аны шакирт катары гана кароо.
– Ооба, Илим болгону бул сыр экөөбүздүн гана ортобузда болсун. Эч бир жан билбесин.
– Албетте, менден кадырың жан болсун. Мен сенин ишеничиңден качан чыктым эле?
– Ошо чыккан эмессиң. Эми да чыкпа, баары бүткөндөн кийин сен экөөбүз чыныгы ишенимдүү адамдардан болобуз.
– Ал кандайча?
– Расмий түрдө күйөө-аялы болобуз. Эгерде сенин сунушуң дагы деле күчүндө болсо...
Илим эмне дээрин билбей туттугуп калды. Айдай анын сунушун кабыл алат деп такыр ойлочу эмес, үмүт да кылбаган. Айдайдын көздөрүнө жалдырай карап калды. Тамашалап жатабы десе, көздөрү олуттуу.
– Чын элеби?
– Ооба, сен, мен, уулубуз Эмир. Менимче, аябай жакшы тандем болот.
Илим аялды кучактап көтөрүп айландырып жиберди. Көздөрүндө бакыттын учкундары...
– Рахмат, жаным, биз бир өмүр бактылуу болобуз!
(Уландысы кийинки санда)