Миталип Мамытов, нейрохирург: “ОПЕРАЦИЯ УЧУРУНДА МЭЭНИ ЧОЧУТУП АЛСАҢ ТЫНЧТАНТУУ КЫЙЫН”

Миталип Мамытов – Кыргыз медицинасында бийик орду бар, жалпы журтка аты таанымал инсан. Мээге, жүлүнгө операция жасоо боюнча улуу ишти аркалап келет. Өлкөдө нейрохирургия тармагын түптөп жолго салган дүйнөлүк деңгээлдеги адис. Кыргыз Республикасынын Баатыры.

“Буудай нан биз үчүн этке барабар эле”

– 1939-жылы 16-декабрда Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Көк-Жар айылында туулгам. Балалык чагым Улуу Ата Мекендик согуштан кийинки кыйын учурга туш келди. Тамак-аш, кийим жетишсиз. Атам Мамыт ошол согушта курман болгон. Мени апам Малия тарбиялап чоңойтту. Жөнөкөй, кыраакы жан эле. Кичинемде балдар менен ойноп, айылдын боз топурагына оонап чарчап, кечкисин отурган жеримде томурайып уктап калчумун. Мектепке бара баштаганда мугалимдердин, апамдын сөзүнөн улам жакшы окуп, тартиптүү болушум керек экен деген нерсе мээмде орноду. Анын үстүнө куйма кулак элем. 1-класстан тартып мектепте эң жакшы баалар менен окудум. Кыйын турмуш, үйдө загара нан жечүбүз. Буудай нан жегенибиз – эт жеген менен тете эле. Эт кокустан гана болуп калбаса жечү деле эмеспиз. Анда бит көп, биттеп кетчүмүн. Апам ыраматылык көйнөгүңдү чеч дейт. Чечип берсем куурай жагылган отко силкип, тигиштерин тырмагы менен сыдырчу. Биттер отко түшүп “быз” этип күйөт. 4-классымда мектептен сыйлыкка 3 самын беришти. Сыягы, аны менен жуунуп, тазаланып, биттен арылсын дештиби, билбейм.

Экинчи жолу сыйлыкка 7-классымда одуракай мата (бөз) беришти. Мектепке тизеси айрык шым кийип барчумун да. Ошого "шым тиктирип кий" дешти. 3-жолу сыйлыкка китеп алдым. Ал учурда китеп белекке алган окуучу жок болчу.

“Малчы кылбаганы үчүн апама ыраазымын”

– Эсимде калган окуя 7-классымда болду. Туугандарыбыздын бири апама “Миталипти окутпай эле кой. Менин малымды багып малчы болсун. Бир жылдык эмгегине 1 кой, 1 эчки берейин” деди. Бул анын бизди басынтуусу да эле. Ошондо апам ачуусун ичине жутуп “барбайт, балам окуп билим алат” деп койду. Ошол сөз менин тагдырымды чечти. Болбосо койчу болуп кетип, окубай, врач болбой калат белем, ким билет. Ошого апама ушул күнгө чейин ыраазы болом.

Тууганыбыздын ошол сөзү үчүн ошондон кийин аны менен катташпай калдык. Кийин мыкты хирург катары атым чыгып калганда эч нерсе болбогондой келип жүрүштү, биз кабыл ала албадык.

Бала кезибизде жашаган жер үйүбүз 1 бөлмөлүү, кышкы суукта сандал (жылытуучу очок) колдончубуз. Бөлмөнүн ортосундагы жерди чукуп, ал жерге туулга сымал темир же жыгачты орнотобуз. Темирдин алдына дагарага салып келип чок коёбуз. Анан темирдин үстүнө жууркан жаап, бутубузду анын алдына салып жылуу отурабыз. 9-класста элем. Сандалдын үстүндө салаңдап турган лампочка үлбүрөп күйүп турган. Оюмда эч нерсе жок лампочканы тилим менен жалап жиберип жатпаймбы? Ток тартты эле, чалкамдан кеттим. Ошондо Кудай бир сактаган.

“Студент кезде врачтардын айлыгынан көп стипендия алчумун”

– Мектепти бүткөн соң жогорку окуу жайга окуюн десем акча жок. Коңшу кыштакта айдоочулук курс ачылды. Ага тапшырып, 10 күн окуганыбызда жабылып калды. Кызыл-Кыядагы медициналык окуу жайга түштөн кийин саат 4тө барып, эң акыркы болуп документтеримди тапшырганга илинип калдым. Окуу жайды эң жакшы баалар менен бүттүм. Анан медициналык институтка бир сынак тапшырып эле өтүп кеттим. Эң жакшы окуганымдан 4-курстан тартып Лениндик стипендия ала баштадым. Мен 72 рубль алам, иштеген врачтардын айлыгы 60 рублдун тегереги. Жөнөкөй стипедия 22 рубль болчу.

Ошол 4-курсумда бир операцияга кирсек, мээге операция жасалып жатыптыр. Ошондо “мээге операция жасаса болот турбайбы. Мен да ушундай хирург болом” деп алдыма максат койдум. Лекциялардан тышкары мээнин түзүлүшү, оорулары, дарылоо тууралуу китептерди китепканалардан таап окуп, билимимди кеңейте баштадым.

Институтту кызыл диплом менен бүтүрүп, Ленинградга кеттим. Ал жактан ординатураны, анан аспирантураны бүтүрүп, кандидаттык диссертациямды жактап келдим. Мени алып калабыз дешти, макул болбодум. Келсем мени түнкү нөөмөттөгү врач кылып коюшту. Оорулуулардын тарыхын башкача толтуруп, башкача ыкмалар менен дарылачумун. Биздин үстүбүздөн караган профессор “сенин ойлонгонуң, колуң (операция жасаган ыкмаларың) башкача. Бөлүм башчы болосуң” деди. Бөлүм башчыны чакырып “экөөң ордуңарды алмашкыла” деген. Ошентип нейрохирург катары ишимди баштадым.

Мен келгенде республика боюнча Бишкекте гана 60 орундуу 1 неврология бөлүмү болуп, анда 5 врач иштечү. 1 жылда 350дөй операция жасалчу. Менин аракетим, мээнетим менен кийин нейрохирургия кафедрасы, ооруканаларда нейрохирургия бөлүмдөрү ачылды. Бул жаатта коңшу өлкөлөрдөн алдыда болуп, өнүгүп жүрүп отурдук. Азыр өлкөдө 90 нейрохирург бар, алар 1 жылда 4000дей операция жасашат.

Убагында Пакистан, Монголия, Түркия жана башка өлкөлөрдөн чакырышты. Айлыгым аз болсо да мейли, өз өлкөмдө иштеп, нейрохирургдарды окутуп, өстүрүшүм керек деп баш тарткам. Эмгегимди эл да, мамлекет жетекчилери да баалады. Наамдарды, сыйлыктарды алдым.

“Операцияда мээнин тилин тапсаң ийгиликке жетесиң”

– Ушул кезге чейин мээге жана жүлүнгө 14 миңден ашуун операция жасадым. Азыр деле Медакадемияда лекция окуп, кафедраны жетектегенден тышкары, күндө 1-3төн операция жасайм. Бүгүн эле 3 операция жасап чыктым. Бир күндө 7 операция жасаган күндөрүм болду.

Мээ – каардуу, талапчыл, ошол эле кезде сулуу орган. Ошол назик, жумшак орган биздин акыл-эс, ал аркылуу сүйүү, бакыт жана башканы билебиз. Мээ – адамдын тагдырынын үйү.

Мээнин ар түрдүү оорулары бар. Баш сөөктү ачканда мээдеги оору бар жер өзгөчөлөнүп көрүнөт. Билимиң, иш тажрыйбаң менен колуң биргеликте, кынтыксыз иштеши керек. Бир туура эмес кыймыл жасаганга укугуң жок. Мээнин шишиктери канчалык тереңде жайгашса да мээнин тилин таап, жакшылап “сүйлөшсөң”, кең пейилдигин көрсөтөт, анан шишикти алып чыгасың.

Операция кезинде мээни чочутуп алсаң, аны тынчтандыруу кыйын. Ыйлап жаткандай болот. Мээнин тилин таппасаң көз көрүнө шишип, ордуна батпай калат. Миң аракет кылсаң да ийгиликке жетпейсиң. Аялдардын мээси эркектердикине караганда чыдамдуу экен деп калдым. Сыягы, аялдар баланы 9 ай курсакта көтөрүп, толготуп, анан төрөп чыдамкай болуп калат окшойт.

Жумушта ар кандай окуялар болот. Бир жолу 1 бейтап каза болуп калды. Эмнеден көз жумганын изилдейин деп жер төлөдөгү өлүкканага кирсем жанында бир өлүк жатат. Кокустан ага колум тийип кетти эле, денеси жылуудай сезилди. Көрсө, өлбөптүр. Алып чыгып дарылап айыктырдык. Атактуулардан Омор Султановдун жана Аскар Какеевдин мээсине 3 жолудан операция жасадым.

Менин үй-бүлөм – медиктердин үй-бүлөсү. Жубайым, кыздарым Элмира (невролог) менен Бактыгүл (офтальмолог), бир күйөө балам врач.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Salima
2023-04-01 06:56:00
Менин тагам экенда куч кубат берсин.
0
№ 1059, 24-30-март, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан